Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

А.Малаев: Беймаал азан айткандардын күнөөсү далилденди


Ош шаарынын жана облусунун мечиттеринде окулган айт намаз. 10-сентябрь, 2010-жыл
Ош шаарынын жана облусунун мечиттеринде окулган айт намаз. 10-сентябрь, 2010-жыл

Үстүдөгү жылдын 10-июнга караган түнү Кара-Суу районунун айрым айылдарындагы мечиттерде беймаал азан чакырган динаятчылардын күнөөлөрү далилденгендигин Ош облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Алмазбек Малаев “Азаттыкка” маалымдады.

- 10-июнь түнү Кара-Суу районундагы айрым айылдардын мечиттеринде беймаал азан айткандардын күнөөлөрү мыйзамдын негизинде далилдендиби?

А.Малаев: Тополоң башталгандан кийин мечиттерде беймаал азан чакыргандарга байланыштуу Ош облустук прокуратурасында атайын оперативдүү тергөө тобу түзүлгөн. Мына ошол тергөө амалдарынын негизинде Кара-Суу районундагы Нурдар айылынын тургуну, медресе-мечиттин сопусу, же азанчы деп коет экен буларда, ошол сопу Жамалдин Исаков 2010-жылдын 10-июндан 11-июнга караган түнү саат 1 жарым менен экинин ортосунда медресе-мечиттин имамы Мухаммад хажы келип, "азан айт" деп буйрук бергендиктен Нурдар айылынын элине эки жолу азан айтканын өзү мойнуна алып, тергөөдө күнөөсү далилденген.

Бул боюнча Кыргызстандын атуулу Исаков Жамалдин Кабылжановичке Кыргыз ресупбликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрүнүн жана 299-берененин 1-бөлүмү менен айыбы угузулуп, Кара-Суу райондук сотуна жиберилген. Кара-Суу райондук сотунун 16-сентябрдагы өкүмү менен Исаков Жамалдин төрт жылга эркинен ажыратылды. Азыркы учурда камакта. Мындан тышкары Кара-Суу районунун Кашкар кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары Нурмухаммад Матраимов менен Юлдашбай Киргизбаев да мечитте беймаал азан айтканы далилденип, тергөөдө күнөөлөрү аныкталган.

- Ош шаарындагы мечиттерде да 10-июнь түнү беймаал азан чакырылганы айтылууда. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан кандай иш-чаралар жүрүп жатат?

А.Малаев: Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасынын тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Биз болсо Ош облусундагы иштерге көзөмөл кылгандыктан, Кара-Суу районундагы мечиттерде беймаал азан айткандарды аныктадык.

- Башаламандыкты уюштургандардын башында кимдер турганы жана алардын максаты эмнеде экени тергөөдө аныкталдыбы?

А.Малаев: Ооба, аныкталып атпайбы. Кашкар кыштактагы мечитке имамдар келип, “өзбек-кыргыз ортосунда тополоң башталды. Уктабай тургула. Кыргыздар атчан кирип келишти” деп ошол азанчыларга айттырышкан. Бул боюнча ошол жердеги жергиликтүү калк да “ким айтканын билбейбиз, бирок жанагыдай чакырыктарды укканбыз”,- деп көрсөтмө беришти.

- Оштогу мечиттердеги динаятчылар беймаал азан чакырган имам, сопулардын жоопкерчиликке тартылышына кандай баа беришүүдө?

А.Малаев: Бул боюнча тергөөнүн жүрүшүндө Ош облустук казиятына теологиялык экспертизадан өткөрүү боюнча кайрылганбыз. Алар өздөрүнүн корутундусун берип, анда “Кыргызстанда беш убак намаз окуларда азан айтылат. Эртең менен саат төрттө жана кечинде саат 10до куптан намазы окулат”,-деп, кечки саат 10дон таңкы төрткө чейин азан айтылбастыгын, түн оогондо бир жарымдан экиге чейин азан айтуу мыйзамсыз болору белгиленген.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG