Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Ж. Сатыбалдиев: Жапа чеккендер мажбурлап көчүрүлбөйт


Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, Ош, 12-июль.

Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, Ош, 12-июль.

Калабадан улам үй-жайсыз калгандарды кыш түшкүчө турак жай менен камсыздоо камы көрүлө баштаганын Ош, Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” айтып берди.

- Жантөрө мырза, Оштогу жана Жалал-Абаттагы кандуу калабага мына ай айланды. Андан калк дагы, мамлекет дагы материалдык жактан эптүү эмес жабыр тартты. Азырынча жалпы чыгым канча деп бааланууда?

- Чыгымдын толук суммасын айтууга эртелик кылат. Мисалы, мамлекет бир бааны айтса, жергиликтүү бийлик башканы көрсөтүүдө. Ал эми үй ээлеринин эсеби таптакыр акылга сыйгыс. Ошондуктан, биз кандайдыр бир туруктуу сумманы айтып, элди натуура ориентация кылбайлычы. Андан көрө зыянга токтололу. Массалык башаламандык учурунда Ош жана Жалал-Абат аймактарында 2389 объект өрттөнгөн. Анын 1849у турак жайлар. Бул маалымат бүгүн-эртең дагы такташтырылат. Эскертип коеюн, чыгым көбөйүшү ыктымал, бирок азайбайт. Эң көбү Ош шаары жана анын тегерегиндеги Кара-Суу районуна караштуу айыл-кыштактар абдан жапа чеккен.
Оштун талкаланган көчөлөрү

- Зыянды кайсыл критерийлердин негизинде аныктап жатасыздар?


- Мурун турмушта колдонулган критерийлерге таянып жатабыз. Ушул тапта мамлекеттик курулуш агенттиги жана өзгөчө кырдаал министрлиги чыгымдарды өздөрүнүн классификациясына салып эсептеп жатышат. Ошентсе да, баалар бир кылка эмес. Калыс баа бычуу максатында эл аралык уюмдарга кайрылып, көз карандысыз эксперттерди чакырганбыз. Алар токтоосуз ишке киришти. Куда калааса, 17-июлда алардын алгачкы отчету жана корутундусу колго тийип калат.

- Президент да, Убактылуу өкмөт да массалык башаламандык учурунда үй-жайынан ажырагандар кыш түшкүчө толук бойдон жаңы конушка көчүп киришет деп убада кылууда. Минтип айтууга өзү реалдуу мүмкүнчүлүк барбы?

- Бул эми кайгы баткан элдин көңүлүндөгүсүн орундатайын деген максатта айтылса керек. Эксперттедин маалыматына караганда, эң көп проблемалуу түштүк борбору башыбызды оорутуп жаткан чагы. Биз азыр анын генералдык планын караштырып жатабыз. Анын негизинде жанагыл кызыл сызыкка түшүп калган үйлөрдүн тагдыры алигиче чечиле элек. Мындан тышкары Ала-Бука, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абат шаарында жана Кара-Суу өрөөнүнүн Мады айыл өкмөтүндө жабыркагандарга туруктуу үй салып бергенге мүмкүнчүлүктөрүбүз бар, шартыбыз дагы жетиштүү. Элет экендигине карабастан аталган аймактардын келечегин ойлоп, генпландарын түзүп, заманбап үйлөрдүн долбоорлорун ээлерине сунуштап жатабыз. Андан ары жергиликтүү бийлик менен акылдашып жана макулдашып, турак жайлардын курулушунун сырт жагын мамлекет толук көзөмөлдөйт. Ал эми ички туруш-турпатын үй ээлери өздөрү чечишет. Буюрса, эмдиги жуманын аягында ишти баштамакчыбыз.

- Айрым маалыматтарга караганда, башкалкасыз калгандар көп кабаттуу үйлөрдө жашабайбыз деп жатышыптыр. Алардын тагдыры кантет?

- Мен Жалал-Абат шаарынын тургундары менен сүйлөшкөнүмдө, алар биздин демилгебизди кубатташты. Генпланды эртелеткиле, көп кабаттуу үйлөр курулса, чын ыкластан колдойбуз дешти. Алардын суроо-талабын эске тутуп, эки-үч кабаттуу үйлөр курулаары күтүлүүдө. Биринчи кабатында дүкөндөр, устаканалар, чыгыш элдеринин табитине ылайыкташкан жайлар тикеленмекчи. Анан канализация, электр жарыгы жана таза суу көйгөйү убагында чечилсе, алар деле каршы эместигин билдиришти.
Оштогу кыйраган үйлөр

- А оштуктарчы?

- А оштуктар менен азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоорлор иштелүүдө. Алар даярдалып бүткөндө, өзүбүздүн ойлорубузду айтып, анан элдин дагы сунуштарын угуп, ошого жараша орток чечимге келебиз. Ошого карабастан, мына, түштүк борборунда июндагы каргашалуу окуядан жапа чеккендер көп, каза тапкандар бар. Алардын муктаждыгын көңүлгө бекем түйүп, көп кабаттуу эки үйдү курууну пландаштырып жатабыз. Анын пайдубалын дагы эмдиги аптанын акырында куябыз. Эми бардыгы эле бизди жүз пайыз колдоп атат дегенден алысмын. Ошентсе да, жергиликтүү жана борбордук бийликтегилер бизди катуу кубаттап олтурушат. Эң башкысы архитекторлор биз тандаган багыттын тууралыгын ырасташты.

- Ушундан улам суроо туулуп атат да. Кээ бир тургундар тынчсыздангандай, кагылышкан кыргыз-өзбектерди мажбурлап бир жерге жайгаштыруу же көчүрүү кырдаалды ого бетер курчутуп, жаңы жаңжалды өөрчүтпөс бекен?

- Биз мында адегенде жергиликтүү жашоочулардын өздөрүнүн пикирлерин тыңдадык. Ошондой эле психологдордун, социологдордун жана конфликтологдордун сунуштарын эске алдык. Тургундардын ыктыяры болбосо, аларды мажбурлап көчүрүүгө мыйзам жол койбойт. Президент дагы ант берип жатып айтпадыбы, жеке менчик мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө корголот. Бирөөлөр барып эле аларды “чыккыла!” деп айтууга батынбайт. Көнбөгөндөр менен жекече сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Учурда Ош жана Жалал-Абат шаарларынын генпланы даярдалып атат. Ооба, анын бардыгы кыска мөөнөттө толук бүтпөйт. Бирок шартына жана муктаждыгына карата үч-төрт вариант караштырылууда. Кошумчалай турган нерсе: мындан ары жарандар менен тыгыз кызматташабыз. Жөн эле күчкө салуу аркылуу дагы бир чыр-чатакка от жагып коюшубуз ыктымал.

- Жантөрө мырза, айып этпегейсиз, акыркы кезде массалык маалымат каражаттарында Сиздин дарегиңизге ачуу сындар, ошондой эле жаңы дирекцияга жетекчи болуп дайындалышыңызга ичи чыкпаган пикирлер айтылууда. Ушул өңүттө эмне дээр элеңиз?

- Мен деле угуп атам. Кээ бир гезиттер жазып, радиолор айтып жатпайбы. Биз Жантөрө Сатыбалдиевдин Ошто мэр болгонун билбейт экенбиз деп. Эми буга оштуктар өздөрү баа жана жооп берет деген ойдомун. Анан бир нече ММКлар жазышынча, мен Бишкек-Ош автожолун куруп атканда кемчиликтерди кетирген экенмин. Албетте, мүчүлүштөр болушу ыктымал. Мен аны танбаймын. Бирок жалпы жонунан жаңылыштык болгон эмес. Ошон үчүн жанагындай пикирлерге чычалабаймын. Мына, мезгил өзү кашкайта далилдеди. Бишкек-Ош жолу түндүк менен түштүктү бириктирген жападан жалгыз автотрассага айланды.

Таңкалганым, акыркы жылдарда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнүмдө мен жөнүндө эмнеге бир ооз сөз айтышпайт. Эми гана эстеп жатышат. Демек, кыргызча айтканда, “майлуу жерге олтурду” деп ошого ич күйдүлүк жана көралбастык кылып атышат. Мен мындан трагедия жасабаймын жана муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептеймин. Убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт эмеспи. Башка учурда мен дирекция жетекчилигине жана вице-премьерликке барбайт элем. Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы чыр-чатакты көрүп-билгенден кийин мен бул сунушту четке кагууга моралдык акым жок эле. Ош шаарынын, түштүк жергесинин, баарынан мурда Кыргызстандын патриоту сыңары өлкөмдүн башына мүшкүл түшүп турганда, жабыркагандарга биринчилерден болуп кол сунууну ыйык парызым деп эсептедим. Ошон үчүн айтып коюуга тийишмин: Ош жергесинде стабилдүүлүк орномоюнча, мен бир дагы партия менен кызматташып, ар кандай саясий өнөктүккө барбаймын.

- Балким алдыдагы парламенттик шайлоодон ушинтип баш тартканыңыз айрым мекендештириңизди жанагындай ойго түртүп жаткан жокпу?

- Ар ким өзү кандай болсо, бирөөнү кудум ошондой деп ойлонот. Мен буга чычалабаймын. Дирекциянын эсеп-кысабы ачылды. Бирок каржы министрлигинен сокур тыйын дагы түшө элек. Дүйшөмбүдөн тарта он-лайн тартибинде иштейбиз. Маалыматтар атайын сайтта жаңыланып турат. Канча каражат түштү, кайсыл жактарга жумшалып атат, бардыгы ачык-айкын болот. Мындан сырткары биз өзүбүз дагы ушуга абдан кызыкдарбыз. Буга улай атайын фонд уюштурулат. Ага эл аралык Көзөмөл кеңеши абай салат. Мунун курамына дүйнөлүк уюмдар жана донорлор киребиз деп жатышат. Ошол эле учурда Кыргызстандан көз карандысыз органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылат.

- Массалык башаламандык учурунда көпчүлүк соода түйүндөрү талкаланып, таланып-тонолду. Айрым мектептер өрттөлдү. Жакынкы арада чоң-кичине дүкөндөр ишке түшүп, мектептер жаңы окуу жылына карата тапшырылчудайбы?
Оштогу кыйраган имараттар

- Мектептерге турак жайлар сыяктуу эле жеңилдик ыйгарылат. Ош шаарында жана Кара-Суу районуда өрттөлгөн эки мектепти биринчи сентбярга карата бүтүрүү кыйын. Бирок 1-октябрга чейин тапшырабыз деген ишеничтебиз. Ал эми күйүп кеткен соода түйүндөрү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тергөөнүн корутундусуна ылайык гана менчик ээлери менен сүйлөшүп, аларга узак мөөнөөттүү кредиттер берилет. Ошонун эсебинен соода борборлору калыбына келтирилет. Буга мамлекет сөзсүз түрдө шарт жаратат.

- Жантөрө мырза, Бириккен элдик кыймыл партиясынын лидери Азимбек Бекназаров өлкөнүн борборун Ош шаарына көчүрүү демилгесин кайра көтөрүүдө. Түштүк башкалаасынын мурдагы мэри сыңары сиздин буга көз карашыңыз кандай?

- Өзүңөргө маалым, мен шаардын ошогездеги башчысы катары 2000-жылдары борборду Ошко көчүрүү зарылдыгын канкакшап айтып жүргөм. Анда кырдаал башка эле. Антсе да, азыркыдай оор мезгилде муну саясатка айландыруунун кажети жок. Экономикабыз чакталуу, каражатыбыз эсептелүү. Бул болочокто карала турган маселе. Бирок азыр эмес. Бүгүн эле башкалааны Бишкектен Ошко көчүрсөк, бүт проблема чечилип калат дегенден алысмын. Аны менимче, этап-этап менен жүргүзүүгө тийишпиз.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG