Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Ош: Барымтада калгандардын баяны


Ош шаарынын борбордук аянтына жакындарын барымтадан бошотуп берүү талабы менен чогулгандар.
Ош шаарынын борбордук аянтына жакындарын барымтадан бошотуп берүү талабы менен чогулгандар.

Тополоң күндөрү Ошто эки улут өкүлдөрү бири-бирин барымтага алган учурлар көп болду. Кыргыздар колго түшкөндөрдөн өзбектер кайдан курал алганына кызыкса, өзбектер кыргыздарды зомбулук менен камерага сүйлөтүп, бүт дүйнөгө таратып жатты.

Учурда Ош шаарынынын тургундары барымтага алуу аракеттери дагы эле уланып жатканын айтышат.

“Тирүү калаарыма ишенген эмесмин”

Биз барымтадан аман чыккандардын дээрлик көпчүлүгүн шаардык ооруканадан таптык. Көпчүлүгүнүн саламаттыгы оор бойдон, бирөөсүнүн башы жарылган, колдору сыйрылган, дагы бирөөсү сүйлөөгө алы келбейт. YouTube видео сайты аркылуу "кыргыздарга курал таратылып, өзбектерди аткыла деген буйрук болгон" деп кайрылуу жасаган 17 жаштагы Адилет үйүнөн чыгып баратып өзбектердин колуна түшүп калганын мындайча эскерет:

- Абдан көп өзбектер жашаган аймакка алып барышты. Оозума граната салышып, жардырабыз дешти. Анан мен алардын камерасына эмнени айтса ошону кайталап айтып бердим. Союп салгыла дешти эле, бир өзбек бала андан көрө бул жигитти алмашабыз деди. Мен тирүү каларыма деле ишенбей калгам.

Адилетти 14-июнь күнү барымтадагы кыргыздар менен чогуу алып келишип, аскерлердин колуна тапшырып, алардын ордуна өзбектерди алып кетишкен. Күтүлбөгөн окуядан катуу коркуп калган бул жигитти караган дарыгерлер анын баш мээси катуу чайкалганын, денесинен да оор жаракат алганын, учурда абалы оор экенин айтышты. Шаардык ооруканада Адилет сыяктуу барымтадан куткарылгандар ондоп саналат. Арасында кыргызы да, өзбеги да бар.

Оштук тургун Мирлан 11-июнь күнү Черемушка кичи районунда достору менен чогуу барымтага алынган. Анын эки досу каршылык көрсөтөм деп ошол жерде окко учкан:

- Мени байлап алышып, башыма чүпүрөк ороп алып урушту. Мен эч нерсе айтпай койдум. Эч кандай сыр деле билбейт болчумун. Анан кандайдыр бир ачуу суу ичиришти. Башым айланып, эмне болгонун билбей калыпмын. Ошол учурда бир нерселерди камерага айтып коюшум мүмкүн. Эс акылым соо кезде эч бир нерсе айткан эмесмин. Ошон үчүн катуу таяк жедим. Карачы, кабыргам сынды, ордуман тура албайм.

Мирлан өз өмүрү кантип аман калганын, ооруканага кандайча келгенин да билбейт. Анткен менен барымтага түшкөндөр жалаң эле кыргыздар эмес. Маселен, Черемушка кичи районунда эки өзбек жигитти кыргыздар кармап алышып, "куралды кайдан алдыңар? Эмне үчүн жаңжалды баштадыңар?" деп сурака алып жатышканына өзүм күбө болдум. Кыргыздар көп жашаган кичи райондо барымтада калган өзбек улутундагы Ойбек кыргыз аскерлеринин жардамы менен куткарылганын айтууда:

- Эми эмне болот деп отургам. Анан эле кыргыз аскерлери кирип барышты. Кайда барасың дешкенинен, Араван районуна кетем дедим. Алар мени алып чыгып, Аравандагы туугандарыма жибере турган болушту. Абдан кубандым.

Барымтага алуу улануудабы?


17-июнь күнү Ош облустук акимчилигинин алдына 50дөн ашуун кыргыздар топтолуп, өзбектер ушул күндөрү да барымтага алууну улантып жатканын айтышып, облбийлике аларды куткарууну, болбосо элге курал бергиле деген талап коюшту. 18-июнь күнү өткөөл мезгилдин президентинин Ошко болгон сапарында жакындарын жоготкондор кайрадан топтолушуп, аларды таап берүү талабын коюшту.

Топтолгондордун арасында ошол күнү өзбектердин колуна түшүп калган эки уулунун сүрөтүн көтөргөн эне да жүрдү:

- Жараштык деп айтып жатышканынан уулдарым көчөгө чыккан. Базардагы дүкөнүбүздү тазалап жатышкан эле. Анан эле жок болуп кетишти. Телефон чалсак өзбекче сүйлөгөн бирөөлөр алып, балдарыңыз бизде деп айтышты. Мага уулдарым тирүү керек, айланайындар.

Бийликке арызданып келгендердин катарында жакындарын таппай, жок дегенде алардын сөөгүн таап берүүнү өтүнгөн, талап кылган адамдар да бар. Алардын алдына чыккан шаар комендантынын орун басары Бахтияр Фаттахов, барымтадагы кыргыздарды бошотууга сөз берди:

- Силер айткыла, мен өзүм барып бошотуп келем. Каерде болбосун алып чыгабыз.

Учурда Ош шаар тургундары арасында барымтага алынгандар тууралуу ар кандай сөздөр, ушак айыңдар арбын. 17-июнь түнү облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касым Жусупакматовдун уурдалышы да коомчулуктагы айың-кептерди андан бетер күчөттү. Күч органдары болсо, барымтадагылар алдыңкы эки күндүн ичинде толугу менен бошотулаарын, бул окуялар боюнча иликтөө иштери башталганын белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG