Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Оштогу тазалоо операцияларын өз көзү менен көрүп кайткан Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борборунун эксперти Виталий Пономаревду Москвадагы кабарчыбыз кепке тартты.

- Виталий мырза, атайын операция өткөрүү маалында адам укуктары кыйла бузулууда деп айткан экенсиз, кандай укук бузуулар болду?

- Маселен, Нариман кыштагында өткөрүлгөн атайын операция айталы. Мен ошко ошол күнү келген элем. Атуулдарды оюна келгендей токмоктоо, паспортторун өрттөө же айрып салуу, буюм-теримдерин кымтып алуулар болгон. Акча, кооздук үчүн жасалган алтын буюм-тайымдар, чөнтөк телефондорду энчилеп алуу болгон. Атуулдардын жеке менчигин талкалоолорду, короодо турган машинелердин мыйрыйып калганын, сыналгылардын жарылып калышын көрдүк. Иши кылып, санаса жетишерлик өлчөмдө бүлүк салуу болгон. Мага белгилүү болгондой, бул тартип бузуулар боюнча бир да адам жоопко тартыла элек. Буга окшогон тартип бузуулар тазартуу учурунда да, кимдир бирөөнү кармоо үчүн өткөрүлчү атайын операция учурунда да болууда. Кийин Ош шаарында өткөрүлгөн операцияда ал кайталанган. Андан сырткары оюна келгендей кишилерди кармоодо да – тартип бузуу болуп атты. Көп учурда анча негизи жок болсо деле кишилерди кармоо болуп атты.

- Сиз мурда дагы бир айткан пикириңизде, калктын өзбек тектүү жаатынын артынан түшүп, аларды кылмыштуу көрүп, баарынын арасынан тандап кармоо болуп атат дедиңиз эле. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү минтип айтууга жүйөө жок экенин белгилешүүдө.

- Биринчиден, бардык эле жүргүзүлгөн тазартуу операция эмелеки мен мисал келтиргендей өткөрүлдү деп айтпас элем. Нариман кыштагында - өтө жаман өттү. Андан кийинки күндөрдүн биринде, маселен, Черемушкада өткөрүлгөн учурда, бир нече көчөлөрдө ар бир үйгө кирип чыгуу болгондо, кийин ал үйлөргө кирип сураштырсак – андай орой тартип бузуулар болгон эмес. Бирок башка райондордон мурдагыдай кайталанып атат деген маалыматтар түшүп турду. Тартип бузуулар аябагандай көп болгону айтпаса деле көрүнүп турду. Маселен мен жана Норвегиядан келген кесиптешим экөөбүз, июндун этегинде “Алай” конок үйүнүн алдындагы блок постто бир жолу машине айдоочуну тепкилеп, көйнөгүн айырып салганын көрдүк. Ал көрсө текшерүүчүнү жаман көзү менен карап койгон экен. Документтери деле жайында экен.

9-июль күнү кечинде Жалал-Абаддан биз Ошко келе жатканыбызда, Фуркат алдындагы блок постто биздин машинедеги укук коргоочу Гүлшайыр Адбырасулованы көрүп, текшерип аткандардын бири анын кыргыз экенин билип, машине айдоочубуз өзбек аял эле - аны өлтүрөм деп, машинени өрттөйм деп чамынып чыкты. Ушундан улам катардагы жарандар коопсуздугу эч коргоосуз экенин көрсө болот. Даттануу аябагандай көп. Биз Ошто жүргөндө бери дегенде ар бир эки-үч саатта бир жолудан райондогу шаарлардан кимдир бирөө телефон чалып, мүлкүн тартып алганын айтып, уруп-токмоктогонун айтып даттанып атышты.

- Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү сиздердин ишкердикке жолтоо болгон жокпу, каалаган жерге бара алдыңыздарбы?

- Мен бийлик атайын бут тосту деп айта албас элем. Бирок түштүктөгү күч органдарынын көп кызматкерлери, азырынча, коогалаңдуу жаңжалга өздөрүн катышып аткандай туюшат. Мыйзам боюнча иликтөө салып, күнөөсү барларды жоопко тартууну ойлоонун ордуна кызуу кандуулукка жеңдирип, бул темада кеп козголду дегиче алардын итатайы тутултат.

- Калкты улутуна карап кармоого кайра келсек, чынында эле өзбектерди көбүрөөк, кыргыздарды азыраак кармоо бар бекен?

- Биринчиден, улуттук эсепти эч ким бербейт. Бирок дээрлик кыргыздар жашаган бир кыштакта тазартуу болгону мага белгисиз. Айтып олтурса тарам көп, кандай болгондо да, биздин көз караш ушул айдын ичинде даяр болуучу документте чагылдырылат.

- Түндүк Кавказды эске албаганда мындай калабага алгач ирээт КМШ жаатынан Кыргызстан дуушар болду, ушунун себеби эмнеде дейсиз?

- Мындай чектен чыккан жагдайдын пайда болушуна баарыдан мурда мамлекеттик органдардын тез арада тийешелүү чара көрө албашы себеп болгон. Азыр ырасмий бийлик так кесе айткан бир божомол бар. Курман болгондордун мынчалык көп сабалашы баарыдан мурда тараптардын бир жагынын брону бар техниканы пайдалангандан болгон. Биринчи күндөрү ошол техника, бир максат менен пайдаланылбаганда мынча киши курман болуп, тирешүү кулачы мынча кең жайылып кетмек эмес. Тургундардын бир саамы арасында кагылыш боло калып, кайра басылмак. Брону бар техниканы колдонуп, кайсы бир райондордо бүлүк салуу - ушундай таймашты жараткан.

Тилекке каршы, азыр бийлик ал брондуу техниканы кимдир бирөөлөр өкүмөттүк күчтөн тартып алган деп кесе айтышууда. Ошол эле учурда көп райондордо аны көрүшкөндөр: ичинде аскер кызматындагылар олтурган, курал-жарагы менен олтурган дешүүдө. Белгилей кетчү жери, ушул күнгө дейре эки тарап тең ар кыл апыртмаларды айтып келишет. Кыргыздар арасында ал тургай, күч органы катарында иштегендер кайсы журналистке болбосун ОшМУнун жатаканасында канчалаган кыздарды зордуктоо болгон деп айтып жүрүшөт. Анын калабага түрткү болгонун айтышат. Бирок мен Баш прокурордун орун басары менен, а менин кесиптешим ОшМУ жатаканасынын кароолчулары менен маектештик. Мындайча айтканда, алар жатаканада дегеле киши өлтүрүү, же кыз зордуктоо болгон эмес дешет. Азыр иликтөө да андай болбогонун тастыктоодо. Анда чөнтөк телефон аркылуу өлгөндөрдүн сүрөттөрүн ким таркаткан деген суроо туулат. Кийинки учурда тыштан болгон күчтөрдөн калабанын уюштурулушун издөө болуп атат. Ошол эле учурда түштүктөгү күч органдарынын бул калабага тийиштиги бардыгын, же жок болсо да окуянын өөрчүп баратышын көрсө да көрмөксөнгө салып карап турушу таң калтырат. Бул тууралуу фактыларды чогултуп, аны иликтөө арзырлык.

- Сиздин баамда азыр жагдай кандай?

- Жагдай абдан татаал. Менин байкашымча, мен бир эле бийликти эмес, ал тургай журналисттерди, эксперттерди айтамын, түштүктө пайда болгон жагдайды алар акырына дейре жеткире аңдай алышпай атат. Ошондуктан мунун арты ар кыл багытта өнүгүшү ыктымал. Эгерде кандайдыр бир жаңы чуу чыгып кетсе, анда мамлекеттик түзүлүш алы келбейт деп корком.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG