Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

“Ата Мекен” кийинки кадамдарын талкуулоодо


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев УКМК имаратынын жанында өтүп жаткан митингде билдирди:

- Текебаевди дагы эки айга отургузууга санкция суралып жатат деген маалымат чыгып жатат. Ошондуктан биздин фракция азыр кийинки кадамдарды талкуулап, жыйынтыгын келип айтабыз.

Митингдин катышуучулары тарабай тургандыгын билдиришүүдө. Алардын алдына Өмүрбек Текебаевдин жубайы келип сүйлөп, ыраазычылыгын билдирди.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG