Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Жер басып алуу Кыргызстанда 1989-жылдан башталган. Ошондон бери бийлик алмашууларды коштоп бирөөнүн жерин басып алуу токтолбой келатат. Бирөөлөргө жер үй салып, өз алдынча түтүн булатыш үчүн керек болсо, бирөөлөргө акча табуунун айныксыз жолуна айланган.


“Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусуна катышкандар:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар ассоциациясынын жетекчиси Курманбек Дыйканбаев

“Эрайым” бейөкмөт уюмунун төрайымы Рахиля Жусупова

Кара-Суудагы жер басып алуучулар тобунун башчысы Болот Маматисаев

“Азаттык”: 1989-жылдан баштап жер басып алуу жараяны башталды эле, ошол эмдигиче токтобой жатат. Мына кеч күздөн башталган иштин артында кандай максат мүдөлөр бар? Кара-Суудагы башталып жаткан иштин себеби эмнеге байланыштуу?

Курманбек Дыйканбаев
Курманбек Дыйканбаев: Мунун себеби терең болуш керек. 7-апрель, июндагы окуя, ушунун баары мыйзамсыздыкты, эртеңки келечекти ойлобой, бүгүнкү кыргызчылыкта алып келатканы туура эмес болуп атат. Себеби бүгүнкү күндө Кыргызстанда кайсы улут болбосун, мыйзам иштеш керек.

Тилекке каршы бул бир эле Кара-Сууда эмес, ошол эле Чүйдүн Орок деген айыл өкмөтүндө болуп аткан окуя. Мен ойлойм, ушунун баары тең буга чейин чечилбей келаткан маселелер.

Жергиликтүү бийлик да эл менен тыгыз болуп, элдин мүдөсүн билип, алдына карап иш чараларды көрүш керек болчу. Ушул нерсенин аркасында бир күчтөр бар болуш керек. Күзгө карабай митингдердин аркасынан ушундай болуп атканы, муну арты жакшылыкка алып келбейт.

Жаңы өкмөттөн үмүт кылгандар...

“Азаттык”: Рахиля, сиз да 90-жылдардагы жер басып алуучулардын эң башында жүрдүңүз эле. Ошол кездеги жер басып алуучулук менен азыркы жер басып алуучулуктун ортосунда айырма, жалпылык, окшоштуктар барбы?

Рахиля Жусупова: Бар. 1989-жылы жер басып алуучу жаштар Бишкек калаасында билимин өркүндөтөм деп, өнүгөм деген билимдүү, илимдүү эле жаштардын муктаждыгынан келип чыккан.



“Азаттык”: Биздин талкууга Кызыл-Кыштак айылынын жанындагы жерди басып алууга катышкандардын башчысы Болот Маматисаев кошулду. Анын пикирин уксак.

Болот Маматисаев: Бир нече балдар кыйналды. Кыргыздын көбү батирде. Салып беребиз деген үйлөр да салынбай атат. Шейит кеткендер, майыптар бар, 90-жылдан бери жер алалбай жүргөн аялдар бар. Бардыгы батирде жашайт, 6-7ден балдары бар. Ушул маселе боюнча эл көтөрүлүп чыкты. Чыкканда мен “басып албагыла, болбойт, мыйзам чегинде кылабыз” деп айттым.

Бул жердин акими Байыш акени, губернатор Сооронбай Жээнбековду чакырдык, келишти, эл менен жакшы сүйлөшүп, Бишкекке чалып Отунбаева, парламентке келгендер менен сүйлөшүп, 3 күндүн ичинде чечип беребиз дешти.

Эл “бизге 6 сотиктен эмес, 4 сотиктен болсо да макулбуз” деп айтып атат. Бул жердин жарымы Иннам Абдрасуловдуку, жарымы Казаковдуку, жарымы элдин үлүшү экен. Мен өзүм эч жерде иштебейм, алты балам менен батирде жашайм, өзүм майыпмын, бир көзүм көрбөйт.

“Азаттык”: Курманбек мырза, Бишкек жана башка ири шаарлардын көпчүлүгү азыр жайылып эле кетип атат. Тике өспөй, горизонталдык мейкинге кетип атат, вертикал калып атат. Мунун коммуналдык чарба иштерин жүргүзүш кыйынга туруп атат?

Курманбек Дыйканбаев: Мунун баары улана берет. Биз дагы бир жолу айтабыз, Баш мыйзамды сыйлабай атабыз. Мунун баары Баш мыйзамда жазылган.



“Азаттык”: Рахиля айым, жаңы конуштардын проблемасын абдан жакшы билесиз. Мына ушул жаңы конуштар шаардык деңгээлге жетиш үчүн, шаардык коммуналдык чарбалык тейлөөгө, кызматка жетиш үчүн жаңы конуштагылар өзүнүн кемелине келиш үчүн орто эсеп менен канча жыл талап кылынып атат?

Рахиля Жусупова: Биз жаңы конушту түзгөнгө 20 жылдын жүзү болду. Мисалы, Ак-Өргө конушун алсак, ал жакта троллейбус каттап калды, суу жүрүп калды. Бул жергиликтүү калктын активдүүлүгүнө байланыштуу. Ак-Өргө конушунун жашоочулары аябай активдүү, ошондуктан көп нерсеге жетишип алды.
Бишкектин четиндеги жаңы конуш

Ошол жердеги өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук фонддор гранттарды тартып келип кээ бирлери суу киргизип атат, кээ бири газ чыгартканга жардам берип атат, өкмөткө да талаптарды коюп шаар тибиндеги айылга айландырууга жашоочулар өздөрү шарт түзүп атышат.

Кээ бир конуштарды карасаңыз, же суу, же жол жок. Бул жашоочулардын өздөрүнө байланыштуу болот. Өкмөт курамы түзүлсө мамлекет башындагыдар турак-жай программасын иштеп чыгыш керек. Андан тышкары жер саткандарды коомчулукка көрсөтүп туруп жазаласа жер бизнеси токтойт эле. Себеби райондун акимдери өздөрү баш болуп киришип атат. Жер саткандар 150-100 миң долларлык унааларды минип жүрүшөт, 2-3төн чоң тамдарды салып алган. Алар тартип коргоо органдарында жазылып келатат. Бирок сот, прокурорлор алардын акчасын жеп коюп эле, кайра аларды камалган жеринен чыгарып коюп атат. Аларды жазаласа жер басып алуу токтойт эле. Мисалы, эл токтобой өнүп-өсүп турат да, бул жагынан дагы чоң мамлекеттик турак-жай боюнча программа керек.

Бизнеске айланган жер

“Азаттык”: Болот мырза, жер чектүү, эл болсо көбөйүп атат. Ош менен Жалал-Абад, Бишкек жана башка шаарлар ушинтип эле жайылып кете береби, же буга чек коюлуш керекпи? Ушул проблеманы чечиштин кандай жолу бар деп ойлойсуз?
Өкмөт курамы түзүлсө мамлекет башындагыдар турак-жай программасын иштеп чыгыш керек. Андан тышкары жер саткандарды коомчулукка көрсөтүп туруп жазаласа жер бизнеси токтойт эле.

Болот Маматисаев: Ал жолун мен билбейт экем. Ал жолун эл чечет да. Оштон 23-30 км. алыс жерден беребиз десе, ал жерде унаа чыгалбайт, эшек менен гана суу ташыш керек, же электр жарыгы жок, дагы кыйынчылык болот. Аны эл билет, мен бир нерсе дей албайм.

“Азаттык”: Курманбек мырза, сиз жана айттыңыз, эл көбөйүп атат, жердин чеги баягы эле калыбында калып атат деп. Чын эле ошондой. Мына ушул жагдайдан чыгыш үчүн кандай иштер жасалыш керек деп эсептейсиз? Канча айыл чарбага жарактуу жерлер трансформацияланып кетти? Ошолордун болжолдуу эсеби барбы?

Курманбек Дыйканбаев: Трансформациясы былтыр кичине токтотулган, мыйзам чегинде болсун деп. Себеби акыркы 3-4 жылда тилекке каршы айдоо аянтка да бийликте тургандар кызыгып, колдонушуп, 5 сотиктен бөлүп, бизнеске айландырып ийишкен.



Социалдык жарылуу болушу мүмкүнбү?

“Азаттык”: Рахиля тиги жагынан да, бул жагынан да проблемалар чындап эле чогулуп калды. Ушундай жагдайдан чыгыш үчүн эмне иштер жасалыш керек деп ойлойсуз?

Рахиля Жусупова: Курманбек мырза, эң туура айтып кетти. Биринчиден, ички миграцияны токтотуш үчүн айыл жерлеринде шарттарды, жумуш орундарын түзүш керек. Айыл жериндеги адамдарда өкмөт тарабынан шарттар түзүлсө анда ички миграция токтойт эле, баарынын тамак-ашы, акчасы болсо бул жакка баары келбейт эле.

Рахиля Жусупова
70 жыл бою СССРдин саясаты башка болгон. Кыргыз жаштарына үй маселеси чечилиш кыйын эле. 95-жылга чейин өнүп-өсөм деген жаштар болгон. Андан кийин ички миграция болуп, жашоонун муктаждыгынан, жумушсуздуктан бул жердеги базарларга элдер көчүп келип, ошондон ички миграция күч алып кетти.

Бул жерде муктаждык түзүлгөн алкакка мамлекет аз санда көңүл буруп атат. Бул жерде 50 конушу бар алкак түзүлүп калгандан кийин, 500 миңге жакын калк жайгашып калды Бишкектин тегерегинде. Буларга мамлекет сөзсүз түрдө көңүл буруш керек. Көңүл бурбаса ар кандай жарылуулар, митингдер, талап коюлар боло берет. Ошол 50 жаңы конушта деле мектептин, бала бакчанын, балдар аянтчаларынын жерлери сатылып кетип атат. Ушуга да мамлекет көңүл бурса. Ошону жергиликтүү бийлик, губернатор баш болуп сатып атышат. Бул аябай коркунучтуу нерсе. Келечекте ошол конуштун балдары Бишкекти көздөй катташат. Себеби жетиштүү бакча, мектеп жок. Ушуга мамлекет көңүл бурса, көңүл бурбаса кийин дагы аябай чоң жарылуулар болуп кетиши мүмкүн.

Болот Маматисаев: Азыр көп жаштар Орусия, Казакстандын атуулдугун алып кетип атышат. Көп үй-бүлөлөр батирде жашайт. Кудай кааласа маселесин губернатор, жергиликтүү бийлик чечип берсе, эл бири-бирине жерди сатпайт эле. Эл жок дегенде 4 сотиктен болсо дагы берсе дешет. Бул жерде өзбек тууган дыйкандын 70 сотик жери бар экен. Ал мен бербейм деди. Дагы бир кыргыздын 50 сотик жери бар экен. Ал болсо элим, жерим, кыргызым үчүн берем деди. Аны өкмөт чечет да, аны мыйзамдуу кылып берсе, анан алабыз да. Эмне кылабыз?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG