Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Ош: Бечелге-жөтөл. 203 мектеп аргасыз каникулда…


Ошто эки жүздөн ашык мектеп мартка чейин каникулда. Билим өкүлдөрү окуучуларды спорт мелдештер, саякат сымал иштер менен алаксытканы жатат. Узак тыныгуу билим тармагына чоң сокку болот деп болжогондор бар.

Шаардагы мектептердин биринде 8-класста окуган Семетей, жаңы-жылдан тарта убактысын көк жылгаяк муз тээп өткөрүп жатат. Семетей күн сайын муз тепкенден деле тажаптыр, бирок башка аргасы жок. Үйдө отуруп сыналгы көрөйүн десе, жарык бирде болот, бирде болбойт. Кыскасы өкмөт тартуулаган «эки айлык каникул» белек анын көңүлүнө төп келген жок:

-Үй суук, жарык да жок. Ушинтип эки ай каникулда жүрбөй, окуганым эле жакшы болчу. Айла жок балдардын баары чогулуп алып муз тээп жүрөбүз. Өзүбүздүн көңүлүбүздү өзүбүз көтөрүп. Мектепке барып, билим алган эле жакшы эле.

Семетей сыяктуу 2-мартка чейин аргасыз каникулда жүргөндөрдүн саны Ош шаарынын өзүндө эле жети миңден ашат. Облус боюнча болсо миңдеп саналат. Эми жыл сайын кышында миңдеген окуучуларды бекер калтырбаш үчүн, бүтүндөй орто мектептерди көмүр менен жылытуу системасына өткөрүүдөбүз, дейт шаардык билим берүү башкармалыгын жетекчиси Абдубали Балтабаев:

-Ош шаарында электр жарыгына көз каранды он мектепти каникулга чыгардык. Буюрса, 2011-жылга толугу менен көмүргө өтөбүз.

Ызгаардуу кышта да жарыктын милдеттүү түрдө өчүп жатышы айрыкча мектеп окуучуларын азапка салгандай. Шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген Аккыз Каримова, сөөк какшаткан муздак класстын ичинде окуучулар тумоолоп, мугалимдер да суука тоңо сабак өтүп жатышканын айтты:

- Жарык жок болуп, жылыткычтар да жакшы иштебей жатты. Жарык күйүп класстын бөлмөсү эми эле жылыганда кайра өчөт. Окуучуларга эле кыйын болду, тумоолоп калышат. Мугалимдер болсо каат-каат кийинип алып, эптеп окутуп жатабыз.

Бирок өкмөттүн узак каникул жарыялашы көптөгөн ата-энелер тарабынан колдоого арзыгандай. Себеби ата-эне үчүн, билимден да балдарынын саламаттыгы маанилүү, дейт шаар тургуну Санжар Тажиматов:

- Кыздарым мектепте окуйт. Муздак бөлмөлөрдө окуп ооруп жатышат. Жылытуу системасы жакшы иштебейт. Жазганда колдору тоңуп, эжекелери баш болуп үшүп жатышат.

Билим берүү башкармалыгы учурда миңдеген окуучулар менен мугалимдердин бош калтырбоо амалын эптеп таап жатат окшойт. Окуучуларды шаардагы музейлерди түрө кыдыртышса, мугалимдер билимин өркүндөтчү атайын курстарда окуп жатышат.

Адистердин баамында, өокуучулардын массалык каникулу, ансыз да араңжан билим берүү тармагына чоң сокку болуп, жеткинчек-өспүрүмдөрдүн сабакты өздөштүрүүсү алдаганча артта калышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG