Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:36

Түштүктөгү соңку кырдаал тууралуу “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Каныбек Токтосун уулу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кечээ Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов ал жакта кырдаал дале оор экенин, элдин колунда эки миңдей автомат кала берип атканын айтты. Сиздер ошол жакта иш алып барып жүрөсүздөр, деги Ош тараптагы кырдаалды кандай баалайсыз? Элдин колунда курал-жарак көп деген канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

К.Токтосун уулу: Ош окуяларынан бери эле кырдаал мурдагы калыбына келбей атканын баарыбыз билебиз. Азыр күч органдары, милиция ал жакта дале күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Шаарды айланта тосулган тосмолорду, куралчан укук коргоо органдардын кызматкерлерин көрүп эле атабыз. Булардын иш-аракети да ошол тополоң маалында элге тарап кеткен курал-жарактарды кайра артка алуу сыяктуу иш-аракеттерге багытталганы көрүнүп турат. Бирок салыштырмалуу түрдө учурда Ош шаарында жана облусунда абал тынч. Эл кадимкидей эле өзүнүн күнүмдүк тиричилиги менен алектенип атат.

Мен Ош шаарынын жөнөкөй жараны катары баамдоомду айта турган болсом, адамдар кадимкидей эле базарга барып, өзүнүн соода иштерин кылып, жай турмушу менен эле жүрүшөт. Тартип коргоо органдары чындап эле кырдаалды катуу көзөмөлгө алып, посттордо текшерүү иштерин жүргүзүп атышат. Андыктан Ошто мурдагыга караганда абал туруктуу десек болот.

“Азаттык”: Ошол эле мэр М.Мырзакматов Ош шаарын кайра куруу иштерин сынга алып атат. Анын өзбек тектүүлөрдүн айылдарын чачыратуу идеясы борбордо колдоо тапкан эмес эле. Ал жактагы жергиликтүү эл, өзбек тектүүлөрдүн өздөрү бул маселеге кандай карашат?

К.Токтосун уулу: Жергиликтүү элде чындап эле эки тараптуу көз караштар бар. Бул жерде “эгерде этникалык топтор мындан ары да өз-өзүнчө бөлүнүп жашаса, анда коомдо бөлүнүп жашоону жана көз караштардын өзгөрүшүн жаратат” деген улуу муундун пикирлери бар. Алардын айтымында, мурда бардыгы бир мектепте окуп, бир айылда жашашкан. Ошол эле мектептер интернационалдуу болгон жана алар аралаш жашашкан.

Учурда турак-жай үчүн жер тилкелерин алууда жана башка ушундай маселелерде элдер этникалык топторго бөлүнүп калышкан. Ошол себептүү Ошто көз караштар барган сайын айырмаланып, бөлүнүү көбөйүүдө деген пикирлер көп. Мындай ойлорду ошол эле өзбек тектүүлөр да, кыргыздар да айтышууда. Аралашып жашоо менен бири-бирибизди түшүнүп, кагылыштарга барбайт элек, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды түшүнөт элек деген ойлор да бар. Бирок менин оюмча ар бир адам өзүнүн жашай турган жерин тандап алууга укугу бар. Муну да сөзсүз эске алуу керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG