Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Т.Сариев: Тополоңду уюштургандарга катуу чаралар көрүлөт


Ошто түнүндө орун алган окуялар, тартипти калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев "Азаттыкка" маек курду.

Темир Сариев: Акыркы маалыматтар боюнча Ички иштер министрлиги түнкү саат экиде коменданттык саат киргизген, аскер кызматкерлери шаардын ичинде. Мэр, губернаторлор иштеп атышат толук көзөмөлгө алганга абдан аракет кылып атабыз, бирок ар кайсы жерде чогулган адамдар бар.

Телефон аркылуу мэр, губернатор менен сүйлөшкөндө түн ичинде бир топко чейин абал кыйындап кетип, азыр көзөмөлгө алынганын айтышты.

“Азаттык”: Бул тополоңду ким уюштуруп, артында ким турушу мүмкүн?

Темир Сариев: Бул жерде араздашуу күнүмдүк чарбалык талаш тартыштан чыкты деп атат. Чынын айтканда көптөн бери эле келе аткан кооптонуу болчу. Өзгөчө акыркы күндөрү да кырдаал курчуп баратканын айтып жүрүшөт. Эми ар түрдүү күчтөр бар, эски бийликтин калдыктары бар, алардын жактап жүргөн адамдар бар. Ошолор уюштурушу мүмкүн.

Балким кандайдыр бир түшүнбөстүк келип чыкты. Мурдагы күнү чайканада мушташ чыгыптыр. Андан кийин кечээ “Алай” мейманканасынын жанында жаштар мушташып кетип, ошонун кесепети болушу мүмкүн. Бир топ унаалар өрттөлдү, “Алай” мейманканасын талкалап, эки-үч кабатында өрт чыгып, аны кайра өчүрүштү. Драма театр да талкаланып, ал жерге да от жакканга аракет кылышкан. Азыр бардык күчүбүздү жумшап, толук көзөмөлгө алганга аракет кылып атабыз.

“Азаттык”: Ушул араздашууну алдына алып, болтурбай коюуга мүмкүн беле?

Темир Сариев: Көрүп атпайсыздарбы, кырдаал курч болуп атат. Өткөндө да Жалал-Абадда ушундай окуялар чыгып кетти, атайын кызыккан күчтөр бар. Алар адамдарды тукуруп атат. Эң кейиштүүсү кызматта жүрүп, элге аброю бар адамдар да жатып алып телефон чалып тукуруп атышат. Телефон чалып ар түрдүү сөздөрдү айтып, ошонун ичинде “референдум өткөрбөйбүз, бул бизге кереги жок экен, биз президенттик башкарууга барат элек, буга добуш бербегиле, барбагыла” деген сөздөрдү чыгарып атат. Анткени булар ар түрдүү датаны айтып жүрүшкөн. Мына ошолордун кылып аткан иши деп түшүнсөк болот.

Бир жагынан жанагы көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелер да түрткү берип атат. Эми ушул кыйын учурда провокацияга алдырбай, элди сабырдуулукка чакырып, акыл калчап мамиле кылбасак өзүбүздү өзүбүз кыйнай беребиз.

“Азаттык”: Мурдагы күнү эле Токмокто дүкөндө жардыруу болду. Убактылуу өкмөт коопсуздукту сактоо боюнча дагы кандай кошумча чараларды көрүп атат?

Темир Сариев: Биз Ошко коменданттык саат киргиздик. Мына түнү менен чукул чакырылган өкмөттүн жыйынында отурдук. Бир топ өкмөт мүчөлөрү, ошонун ичинде Текебаев, Бекназаров, Исаков түштүккө учуп кетишти. Бардык жерлерди азыр күчөтүлгөн көзөмөлгө алышты. Провокация кылып аткан адамдарга катуу чаралар көрүлөт.

Мына көптөрдө курал-жарак бар, аларды алуу боюнча иш-чараларды көрүп атабыз. Катуу кылып тартипке салбасак албетте “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендик болбойт. Ошон үчүн биз бүгүнтөн баштап бийликке таарынып, “мен бийликке келбей калдым, бөлүштүрүүгө катышпай калдым” дегендерге катуу эскертүү жасап атабыз. Анткени биз эң негизгиси Кыргызстандын коопсуздугун, бейпилдигин камсыз кылып беришибиз керек. Ошого карата абдан катуу мыйзамдуу чаралар көрүлө баштайт.

Темир Сариев Оштогу кырдаал тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00
XS
SM
MD
LG