Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Ошто жер талап кылгандар чыкты


Жер берүү талабы менен чыккандардын бир тобу. Ош, 7-ноябрь.
Жер берүү талабы менен чыккандардын бир тобу. Ош, 7-ноябрь.

Ош шаарына жакын Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын жанына чогулгандар айдоо аянттарын ээлеп алуу аракетин жасашууда.

«Июнь коогалаңында жабыркагандарбыз» деген миңге чукул киши жергиликтүү бийликтен жер бөлүп берүүнү талап кылып Ош шаарынын четиндеги Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылынын тургундарынын жер үлүштөрүн басып алышты. Алар өкмөт тарабынан жардам берилбегенинен ушундай жолго барып жаткандыктарын айтышууда. Ошондой эле жерлерди ээлеп алгандардын арасында Ошто көп жылдан бери жашап жер ала албагандыгын айткандар да бар. Бирок жергилктүү бийлик өкүлдөрү чогулгандарга бул айдоо аянты үлүш жер экендигин жана эч кимге чекке берилбестигин айтты.

"Жардам жок, айласыздан ушул кадамга барып жатабыз"

Жер басып алгандардын көпчүлүгү июндагы окуялардан жабыр тарткандыктарын айтышып, мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбегендиктен ушундай жолго барып жатканын билдиришти. Өзүн Айгүл деп тааныштырган аял коогалаңда үйү өрттөнүп кетип, жашоого мүмкүн болбой калгандыктан бул жерден жер ээлеп жаткандыгын айтат:
Жер алуу талабы менен чыккандар.

- Биз ушу жетим-жесирлер, колунда жоктор ушул жерге келип жер ээлеп жатабыз. Тополоңдо күйүп кеткен үйлөрүбүз күйгөн боюнча калды. Эч ким карабай койду эле, акыры ушундай кылышка мажбур болдук. Он-Адыр айылында жайгашкан менин үйүм күйүп кетип, барар жерим жок. Ал жерге кайра барсак бизди батырбайт.

Жер басып алгандардын арасында «Ош шейиттери» коомдук уюмунун мүчөлөрү дагы бар. Алар өздөрү ээлеп алган жерге июнь окуясында курман болгондордун сүрөттөрүн да илип коюшту. Мындан сырткары, жер басып алгандардын арасында Ноокат, Араван, Алай райондорунан келгендер да жүрөт. Бирок бир тобу көп жылдан бери Ош шаарында жашап, үй салууга жер ала албай жүргөнүн айтып жатышат.

Ошто отуз жылдан бери жашап, кезекке турса да шаардан чек тийбеген Кулмамат Мамыров үй-бүлөсү менен бир бөлмөлүү батирге батпай калгандыктан бул жерге келгендигин билдирди:

- Мен шаардан чек алыш үчүн 10 жыл мурда кезекке тургам. Турган менен чек берчү кызматтын башчылыгынан бириси кетет, бириси келет, тез-тез эле алмашат. Бири-бирине шылтайт, жыйынтыгында дагы эле элдин шору. Мурунку жылы шаардын четиндеги Кеңеш айылынан беребиз дешти, ал да жок, андан кийин Дача айылынан беребиз дешти анда да алдап жок болушту. Элди караган киши жок. Менин алты балам, сегиз неберем бар. Шаарда бир да жерим жок. Баарыбыз бир батирде турабыз.

"Биздин үлүш жерибизди ээлеп алганга кандай укугу бар?!"

Чогулган эл шаарга жакын жайгашкан Ишкеван айылынан тартып, Ош шаарына чейинки бир нече гектар жерди ээлеп бүтүп калышты. Жерлер айдоо аянты болгондуктан кээ бирлери түшүмдөрүн дагы толук жыйнай элек экен. Алардын бири Халдархан Байназарова жерди үлүшкө алганына 14 жыл болгонун айтат. Азыр ал эккен сабизин казып жатканына карабай анын жеринин төмөн жагын бул жерге чогулгандар бөлүп кетишти:

- Бизге бул жерлерди мамлекет 1996-жылы эл катары эле 99 жылга берген. Өзү алты балам бар. 4 балам менен, күйөөм анан мен болуп алты адамга 60 сотых жер алганбыз. Эч кимдин ижарага алган жери жок, баардыгы үлүш жерлер. Биз ошондон бери жылда иштетип келебиз. Быйыл да минтип эгин-тегин кылып жыйып алдык. Азыр мына сабизибиз калды, бирок булар биздин жерлерди өзүнчө эле тартып кетип жатышат. Булардын кандай укугу бар, билбейбиз...

Абалды курчутууга кызыктар күчтөр уюштуруп жатабы?

Жер басып алуучулар менен жолугушкан Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев алар ээлеп алган жерлер бирөөлөрдүн үлүшкө берилген жери экенин жана аны басып алуу мыйзамсыз экенин айтты. Кушбак Тезекбаев бул жер басып алууларды учурдагы абалды дестабилдештирүүгө кызыктар күчтөр уюштуруп жатат деп эсептейт:
Жер алуу талабы менен чыккандар.

- Бул жерлер элдин үлүшүндө турган жер. Эч ким аны басып алып, башка бирөөлөр эле кожоюндук кылууга укугу жок. Бир гана ошол үлүштүн "кызыл китебин" алган киши гана ал жерин эмне кылышты өзү билет. Эми бул жер басып алууларды эч кандай июнь окуясына байланыштырып болбойт. Кимдер уюштурганын күч органдары далилдээр, бирок менин пикиримде, жер басып алганы келгендерди түштүктө абалды кайрадан курчутууга кызыктар күчтөр уюштуруп жатат. Алар элдин алсыз жагын таап, ошону шылтоо кылып, элди козутуп, өрт менен ойногусу келип жатат.

Ал ошондой эле жер басып алууга аракет кылгандарды таркатуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады. Деген менен жер басып алган миңден ашык адамдар ээлеген жерлерине үй салууга уруксат бермейинче айдоо аянтында тура беришээрин айтышууда:

- 20-30 жылдан бери кыйналып социалдык чыңалууга туш болгон үй-бүлөлүк абалыбыздан улам чыгып олтурабыз. Үстүндө үйү жок, астында жатаарга жери жок талаалап калдык. Мына ушул ээн турган жерлерди бизге турак жай курууга уруксат бермей сайын, бир ай болобу, бир жыл болобу тура беребиз. Башкаларга бышык кыштан курулуп, убактылуу деп жаткан эки бөлмөлүү үйүндөй болбосо да, ылайдан 1 бөлмөлүү үй салып ушул жерде жашайбыз. Элдин кайтайын деген ою жок.

Жер ээлеп алууну көздөгөндөр кечке жуук эртең кайра чогулушаарын айтып, тарап кетишти. Чогулгандарды бир канча милиция кызматкери көзөмөлдөп турду. Башында бул жерге келген милиция тобунун башчысы чогулгандарды тарап кетүүгө үндөп кайрылды эле, бирок алар ага көнбөй койду. Милиция тараптан аларды күчтөп таратуу аракети байкалган жок.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG