Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Июндагы кагылышуудан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да анын кесепеттери ушул күнгө чейин унутула элек. Коогалаңдан калган өчөшүүлөрдүн айынан кээде эки улуттун өкүлдөрү чатакташып кеткен учурлар бар. Оштун айрым тургундары ар кандай имиштерден улам үйүнөн сыртка чыгуудан кооптонушууда.

Ал эми аймактагы тартип коргоо органдары болсо шаарда абал туруктуу болгонун айтып, эл оозунда айтылып жаткан имиштерди жокко чыгарышууда.

Токтогул районунун тургуну, 54 жаштагы Дилбар Көчкөнова Алмаз аттуу уулун издөөдө. Анын уулу Ошто тополоң бүткөндөн кийин, элдешүү болуп жаткан күндөрү үйүнөн чыгып кетип, кайтып келбей калган:

- Менин балам Ошто иштечү. Балам тополоң бүткөндөн кийин президент Роза Отунбаева келип, бүгүн эскерүү күн, элдешүү күн деп, эки эл жарашып жатканда борбордук аянтка келген экен. Ошол жерден адамдар аны көрүшүптүр. Уруш убагында, көп катары өлүп калды, ок тийип калды десем да макул эле. Тынчтык күнү, элдешүү күнү уулумдун жоголуп кетишин эмне деп түшүндүрүп бере алышат?

Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бирок Дилбар апа уулунун жоголушун, өчөшүп калган өзбек улутундагылардын иши деп эсептейт. Деген менен жергиликтүү өзбек тургундары да кыргыздарга ушундай эле айыптарды тагууда.

Оштогу маалелердин биринин жашоочусу Юлдуз Рахимова ар түрдүү имиштерден улам өзбектер дале кооптонуп жатышканын айтат:

- Учурда кыргыздар менен өзбектердин арасында пикир келишпестиктер көп. Кээде өзбектерди кармап уруп кетишүүдө. Мени деле маселен, кыргыз аялдары түртүп, кекетип кеткен учурлар болуп жатат.

Мындай майда чатактардын жүз берип жатканын Ош коогалаңын иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев да билдирүүдө. Анын айтымында, анча-мынча чыгып жаткан мындай окуялар тополоңду дагы чыгарууну көздөгөн чагымчыл күчтөрдүн аракети. Ага жол бербөө үчүн тартип коргоо органдарынын иштерин күчөтүү зарыл дейт Абдыганы Эркебаев:

- Бизге шаардын тургундары айтып беришти. Тилекке каршы, ушундай фактылар бар экен. Кечке маал, же болбосо таксиге салып белгисиз жактарга алып кетип жатышкан экен. Абдан өкүнүчтүү. Бирок, биринчиден, ар бир адам өзүнө сак болушу керек. Экинчиден, укук коргоо органдарынын иштерин күчөтүшүбүз керек.

Ошентип коогалаңдан бери бир айдан ашса да анын кесепеттери эмдигиче унутула элек. Байкоочулардын айтымында, азыр эки улут ынтымакка келди деген менен, өчөшүп калган адамдар ар түрдүү иштерге барышууда. «Ошол себептен эки элди жараштыруу иштерин дагы да болсо уланта берүү керек» дейт серепчи Кадырберди Байгазиев:

- Июндагы коогалаңда эки улуттун өкүлдөрүнөн тең бир топ адамдар өлүп кетти. Ошондуктан азыр эки тараптын тең ачуусу күч болуп турган учур. Эми бул элдин ачуусу жарым жыл, бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Ошол себептүү азыр да элди жараштыруу иштерин улантыш керек. Сыналгы, үналгыдан, гезит, журналдардан тынбай чыгып, идеологиялык иштерди күчөтүү керек. Буга өзбек да, кыргыз да, мамлекет да кам көрүш керек.

Ал эми укук коргоо органдары учурда эки улут ортосунда чатактар болуп жатат деген сөздөрдү жокко чыгарышууда. Алардын айтымында, этностор аралык кагылышууга тиешелүү арыздар менен тополоң аяктагандан бери эч ким кайрыла элек. “Июль айында шаар боюнча 1000ге жакын кылмыш иши козголсо, анын жарымынан көбү июндагы коогалаңда болгон уурулук, тоноочулук боюнча” деп билдирет шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү.

Анткен менен шаардыктар ар түрдүү имиштерден улам, дале болсо жалгыз жарым баскандан кооптонушууда. Кечки саат бештерден кийин көчөдө жүргөндөр учурда дээрлик жокко эсе. Ал эмес айрым шаар тургундары тополоңдон бери үйлөрүнөн чыга электигин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG