Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Санаага салган турак жай


Кыш келгенче чатырда жашагандар турак жай менен камсыз болобу?
Кыш келгенче чатырда жашагандар турак жай менен камсыз болобу?

Июнь айындагы массалык башаламандыктан Ош облусунда жана шаарында бир жарым миңге чукул турак жай өрттөлүп, талкаланган. Учурда башкалкасыз калгандар чатырларда жана туугандарынын үйлөрүндө жашашууда. Алар чукул арада үй менен камсыз кылууну бийликтен талап кылып жатышат. Ошол эле учурда президент жана өкмөт этностор аралык кагылышуудан жабыркагандар кыш келгенче жаңы конушка көчүп кирет деп ишендирүүдө.

Июндагы массалык башаламандыктан Ош шаары айрыкча жабыркаган. Биринчи вице-мэр Таалай Сабировдун эсебинде, азырынча 718 менчик турак жай өрттөлүп, талкалангандыгы аныкталды. Бул сан дагы өзгөрүшү толук ыктымал.

Ош шаарындагы аты уйкаш кичи райондун жүздөгөн тургундары башкалкасыз калгандан бери туугандарынын үйлөрүндө жашап жатышат. Алардын бири Сабира Абаева жергиликтүү бийлик алардан эмдигиче кабар албаганына нааразы.


- Бир үйдө жашаган эки үй-бүлө тең заматта эч нерсеси жок калдык. Өкмөттөн өткөндө өкүл келип, баарын текшерип кеткен бойдон дарексиз. Мындан сырткары бир дагы жолу жардам ала элекпиз. Эмнегедир чатыр деле бөлүшпөдү. Мына, шаарда суук түшүп баратат. Бийлик же үй салып кийирбесе, же жылуу жайга жайгаштырбаса, биз чындап кыйналып бүттүк.

Сабира Абаева эгерде талаптар орундалбаса жердештери нааразычылык иш-чарасын башташарын кошумчалады.

Ал эми Кара-Суу районунда, аким Байыш Юсуповдун айтымында, коогалаң учурунда 709 үй-бүлө турак жайынан ажыраган. Булардын басымдуулугу чатырларда жан сактап жатышат.

Районго караштуу Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Айтибай Маматахунов күндүн табы кайтып бараткандыгын белгилеп, буларга токтолду:

- Мына, суук түшкөнүнө үчүнчү күнгө айланды. Неберелерим менен чатырда жашап жатамын. Алар түндө үшүп чыгышат. Эмне кылайын? Эл деле бизчилеп жашап атат. Кур дегенде өкмөт акча жагынан каралашаса үйлөрүбүздү жарым-жартылай бүтүрүп, кичине тыңып калат элек.

Айтибай Маматахунов айылдаштарынын чыдамы түгөнгөндүгүн, бийлик алардын айтканына акыркы ирет кулак төшөбөсө, курулушту өздөрү каалагандай башташарын билдирди.

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Абдыкеримов
Кепке кошулган Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Абдыкеримов алар байырлаган аймакта да кыйраган турак жайларды тикелөө маселеси кечеңдетилип жаткандыгына тынчсызданды:

- Кечээ президент Роза Отунбаева элге жолукту. Көйгөйлөрүбүздү абдан тыңдады. 434 кожолук күйүп кетти эле, убактылуу документтерин кылып бердик. Эми экинчи маселе баш оорутуп жатат. Ушул апта ичи каражатты таратышпса, андан соң сентябрь-октябрь уланып отуруп жумушту бүтүргөнгө таптакыр үлгүрбөй калабыз.

Мухтар Абдыкеримов мындан тышкары шарктыктарды башка жактарга көчүрүү демилгеси көтөрүлүп жаткандыгын айтып, эл буга кабатыр экендигин ачыктады.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров июнь окуясынан жабыркагандар үчүн Манас-Ата кичи районунда 75 батирлүү беш кабат үйдүн курулушу түптөлө баштагандыгын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, мындан тышкары дагы 64 батирлүү турак жайдын пайдубалы кийинки аптада куюлат. Алар мурдатан пландаштыргандай, бул жер болочогунда көп улуттуу аймакка айландырылып, этностордун ынтымакташып жашоосуна өбөлгө жаратмакчы.

Вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кандуу калабадан жапа чеккен калкты аралап жүргөндө жолуктук. Ал он-он беш жыл мурда табият кырсыгынан улам үй-жайсыз калгандардын көйгөйү июнь окуясына кошул-ташыл болгонун жашырган жок.


- Мурун жапа чеккен он миңдей үй-бүлө бар. Алар да “силер бизге убагында жардам этпестен, кийинкилерге көмөктөшүп атасыңар” деп кекиртектеп атышат. Ошон үчүн эки ортодо кыйын акыбалда калдык,

Жантөрө Сатыбалдиевдин ырасташынча, Ош облусунун жана шаарынын коогалаңдан жабыркаган жашоочуларынын маселеси биринчи кезекте жайгарылат.

Буга дейре түштүккө сапарында президент Роза Отунбаева Ош шаарынын тургундары кыш түшкүчө жаңы конушка көчүп кире турганын жар салган.

- Албетте баарын калыбына келтиргенге Кыргызстандын бюджетинде акча жок. Ошол себептүү донорлорго кайрылдык. Алардын жардам келгенче муну чоң ызы-чууга айландырбастан, курулуш материалдарын элдин колуна карматабыз. Ага улай каржы жагынан да кайрылышабыз. Ошентип үйлөрдү тез бүткөргөн оң.

Президент Роза Отунбаева этностор аралык кагылышуудан жапа чеккендерди мажбурлап көчүрүүгө эч кимдин акысы жок экендигин эскерткен.
XS
SM
MD
LG