Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Таластыктар гуманитардык жардам чогултууда


Ошко туш-тараптан жардам келе баштады
Ошко туш-тараптан жардам келе баштады

Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалаң окуядан жабыр таркандарга жардам көрсөтүү чакырыгы Талас областынын элинде активдүү колдоого ээ болду. Мына үч күндөн бери облустун тургундары жабыла тополоң окуядан жабыркагандарга азык-түлүктүн түрлөрүн чогултууда.

Оштогу жана Жалал-Абаддагы элге жардам көрсөтүүгө чакырган жарнама Талас шаарынын базарынан үч күндөн бери жаңырууда. Манас көчөсүндөгү «Турар» соода түйүнүнүн жанында жүк ташуучу кичи автоунаанын айнегинде «Ошко жардам» деген жазуу жазып, карапайым элдер мүшөктөп, ун, макарон жана башка азык-түлүктөрүн алып келип жатканын байкадык. Талас шаарынын тургуну Толубай Мамадияров үй-бүлөсүнүн атынан акчалай жардам алып келип, ушул элден чогултулган аманат оштук бир туугандарга туура так жеткирилсе деп үмүттөнөт:

- Жардамдар бул жерден барып түздөн-түз жардамга муктаждарга берилсе деп эсептейбиз.

Элден жардам чогултуу түйүнү Талас шаарынын өз алдынча башкаруу мэриясынын имаратынын биринчи кабатында да уюштурулган. Мэриянын кире бериш жеринде ун, макарон, кумшекер, картошкалар кап-кап болуп жыйылып, андан тышкары коропкаларда чай, күн карама майлары жана башка күнүмдүк азыктар жыйылып турат.

Жергиликтүү тургун Бакыт Жумагулов эки кап ун алып келип тапшырып, мындай жардам дагы да болоорун «Азаттыкка» билдирди:

- Оштук бир туугандарыбызга жардам берип, аз болсо да көптөй көрүп, эки кап ун алып келдик.

Талас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Осмонов жыйналган түштүккө Бишкек аркылуу жеткирилип жатканын «Азаттыкка» кеп кылды:

- Ошко деп жөнөттүк. Унаа менен ташыш кыйын болгондуктан Бишкекке аэропортко жеткирилип, Ошту карай учак менен алынып кетти. Кечээ күнү биздин балдар базарда иштешти. Элдин аягы басылбай ташып атышат. Бүгүн да алып келип атышат, топтолсо дагы жөнөтөбүз. Эл түштүктөгү ушундай кыйын акыбалды туура түшүнүп, колунан келген жардамдарын аябай берип атышат.



XS
SM
MD
LG