Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Жактоочулар өз коопсуздугу үчүн кооптонууда


Ош шаарында өтүп жаткан сот жараяндарында айыпталуучулар менен жактоочулар күйүтү сууй элек жабырлануучулардын ур-токмогуна кабылып жатат.

13-14-октябрь күндөрү өткөн процесстерде беш жактоочу, үч айыпталуучу жана бир айдоочу сабалган. Бул жагдайдан улам Оштогу Адвокаттар бирикмеси президентке, башкы прокурорго, ички иштер, юстиция министрлерине жана жалпы коомчулукка жактоочулардын, айыпталуучулардын коопсуздугун сактап берүүнү өтүнүп, кат жолдошту.

Адвокаттар мындан кийинки сот жараяндарына катышпай тургандыктарын билдиришти. Жергиликтүү күч органдары болсо адвокаттар жана укук коргоочулар жагдайды ашыра опурталдуу көрсөтүп жатат деген пикирде.

Сузак райондук соту июнь айында болгон мыкаачылык менен он адам өлтүрүлгөн окуяны териштирүүдө.
Июнь коогалаңы боюнча айыпталып жаткандардын үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүлөр жабырлануучулардын эмоционалдуу жогорку чыңалуусунда өтүп жатат. “Бирок кандай гана жагдай болбосун сот жараянына тиешелүү жана Кылмыш кодексиндеги нормалар сакталышы зарыл” дейт Ош шаардык Адвокаттар бирикмесинин төрагасы Каныбек Жороев:

- Саат түшкү 2ге белгиленген сот процессинин алдында сот төрагасы Рамазан Кожомкулов эртең менен адвокат Динара Турдуматованы чакырып, “адвокаттарга айтып кой, суроо бербесин, башка ашыкча сүйлөбөгүлө”,-деп эскертиптир. Бул эмне дегендик? Анда биз оозубузду чаптама менен жаап алып, манекендей отура берели. Сот менен прокурор 1937-жылдагыдай болуп, өздөрү соттоп сала берсин. Анда биздин эмне керегибиз бар? Демек алар алдын ала жагдайды билген.

13-14-октябрда катталган беш жактоочунун жана соттолуп жаткандардын жабырлануучу тараптын ур токмогуна алынышынан улам Оштогу Адвокаттык бирикменин мүчөлөрү июнь окуясына тиешеси бар соттук териштирүүлөргө катышпай турганын билдиришти. Алар сот процессиндеги коопсуздук маселесине жергиликтүү күч органдары чара көрбөгөндүктөн, буга өлкө президенти кийлигишүүсү керек экендигин айтып жатышат.

Күйүт күчтүү

Президентке, Жогорку Сотко, башкы прокурорго, ички иштер, юстиция министрлерине жана жалпы коомчулукка жолдонгон кайрылууга Ош жана Баткен облустарынын адвокаттар коллегиясынын 161 мүчөсү кол койгон. Жактоочулар мындай кадамга өмүрүнө түздөн түз коркунуч туулганынан улам барып жатышканын билдирди. Мисалы, 14-октябрда июнь окуясында жайма базардагы эки адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү боюнча сот жараянында жактоочу Динара Турдуматованы жабырлануучу Татыгүл Алманбетова эки жолу оор нерсе менен башка уруп жибергенге үлгүргөн:

- Кандайдыр бир катуу нерсе менен башыма урду. Мен түшүнбөй да калдым. Мен артка жыгылдым. Аскер балдардын тосконуна карабай жабырлануучу Татыгүл дагы бошонуп келип, экинчи жолу бетке чапты. Кантип ал күчтүү аскерлердин колунан бошонуп кеткенине акылым жетпейт. Мен экинчи жолу да артка жыгылганымда желкем аябай эле катуу тийди. Азыр да ооруп турат. Артта турган темир тор менен отургучтун темирине жыгылдым окшойт. Ошол эле учурда сот төрагасы да, прокурор да эч кандай чара коргон жок. Карап турушту. Унаабызды талкалашты. Айдоочуну тепкилешти. Ал азыр ооруканада жатат. Болгону ошол жердеги кызыл берет кийген аскер балдарга гана ыраазыбыз. Алар болбогондо сөзсүз бирөөбүздү өлтүрүп коймок.

Дүйнө назар салган териштирүүлөр

Ошол эле учурда күч органдары июнь окуясына тиешелүү соттук териштирүүлөргө күчөтүлгөн көзөмөл болуп жатканын ырасташууда. Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаевдин пикиринде, 14-октябрдагы сот жараянында дал ошол жактоочулардын чагымчыл сөзүнөн кийин жабырлануучулар толкуп кетишкен. Прокурор жактоочуларга териштирүүдө ар бир сөздү этият менен пайдаланууга чакырды:
Июндагы окуяларда дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү.

- “Сотто аябай чоң мушташ чыкты. Айыпталуучуларды, жактоочуларды сабап салышты” деп далили жок маалыматтарды интернет аркылуу таратып жатышат. Бул нерселерди бирөөлөр атайылап элдин үрөйүн учургусу келип жасап жатат. Биз бул кайрылуу боюнча кызматтык тергөө жүргүзүп жатабыз. Мындан кийин соттук процесстерде коомдук тартипти колго алабыз. Буга чейин да көзөмөл бар эле. Эми бул улут аралык процесс болгондуктан чоң сөз болуп жатса керек. Мындай соттук тергөө иштеринде бир тарап менен экинчи тарап мушташа кеткен учурлар мурда деле катталып келген. Тараптар дайыма бири бирине каршы болушат.

Деген менен жактоочулар сот жүргүзүүчү жана прокурор сот залындагы тартипти, тынчтыкты сактай албай жатканын айтышат.

Ал арада эл аралык Human Rights Watch уюму, Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши июнь окуясы боюнча соттолуп жаткандарга зомбулук күч алганы тууралуу билдирүү таратты.

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандарды жактоо үчүн каражатты “Сорос” кору бөлгөн. Бул боюнча атайын үч айлык долбоор ишке кирип, ага Оштогу ондогон адвокат тартылган.

XS
SM
MD
LG