Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Түштүктү туруксуздаштырууга ким кызыкдар?


Күлү сапырылган шаарга азыр тынчтык гана керек.
Күлү сапырылган шаарга азыр тынчтык гана керек.

Июнь окуясы тууралуу ар кандай тасмалардын, баракчалардын түрдүү жолдор менен таратылышы уланып жатат. Күч органдары аларды тараткан кишилерге каршы атайын чараларды көрө баштаган соң, буга чейин базарларда ачык эле сатылып келген тасмалар жашыруун сатыла баштаганы белгилүү болду.

Июнь каргашасына күнөөлүүнү көрсөтүүгө аракет кылган мындай тасмалардын жана баракчалардын артында ким турушу ыктымал?

“Кандуу кагылыштан кийин июнь окуясына ким күнөөлүү, ким баштады, ким көп жабыр тартты” деген суроого жооп берүүгө ниеттенген тасмалар, сүрөттөр интернет айдыңында жайнап кеткени белгилүү. Мындан тышкары ар кандай чакырыктар чөнтөк телефондор аркылуу ташталып жаткан.

Орозо айынын аякташына жакын мындай тасмалар менен сүрөттөрдүн колдон-колго таратылышы күчөп, аларды “Орозо айттан кийин эмне болот” деген кооптонуулар коштой баштаганы айтылууда.

Равшан Гапиров
Ош шаарындагы “Адилет сот – акыйкаттык” деп аталган бейөкмөт уюмдун башчысы Равшанбек Гапиров июнь коогалаңында кыргыздар көп жабыркады деген маани киргизилген видеодисктер бүгүнкү күндө ачык эле таратылып жатканына нааразы:

- Бул дисктердин таратылуу максаты – кыргыздарды өзбектерге каршы тукуруу экени ачык көрүнүп турат. Бул душмандардын иши. Анткени тасманын улам бир жеринде “Кыргыздар качпагыла – Ош биздики”, “Ошто болгон окуядан күнөөсүз курман болгон кыргыздар” деген сөздөр жазылып чыгат. Мына ушундай жол менен ачык эле эки элдин ортосуна от жагуу аракети жүрүп атпайбы.

Укук коргоочу Равшан Гапиров мындай тасмаларда күч органдарынын оперативдүү тасмаларында гана болуучу сүрөттөр, видеолор бар экенин белгилеп, булардын көбөйтүлүп таратылышына милиция кызматкерлеринин да катышы бар деп эсептейт:

- Эмнеге дегенде ушундай сүрөттөр, тасмалар милицияда болот. Ошол жердеги суудан табылган өлүктөр, моргдордогу, мүрзөлөрдөн казылып алынган сөөктөр да милициянын же башка атайын кызматтардын оперативдүү тасмаларында болот.

Кыргызстандын түштүгүндөгү калабадан расмий маалыматтар боюнча 400гө чукул киши каза болгон, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгондор бар. Бирок алардын канчасы кыргыздар, канчасы өзбектер экени тууралуу так маалымат жок. Президент Роза Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында набыт болгондордун саны расмий эсептен алда канча көп болушу мүмкүн экенин айткан.

Пикир өзгөртүү аракети

Коогалаңдан кийин Ош жана Жалал-Абад аймактарына келип, иликтөө жүргүзгөн айрым эл аралык уюмдар июнь окуясында негизинен өзбек улутундагылар жабыркады деп бир жактуу маалымат берүүгө жетишкен, кээ бирлери бул үчүн кийин кечирим сурашты. Ошентсе да мындай бир жактуу таратылган маалыматтар дүйнөлүк коомчулукта кыргыздарга карата терс пикир жаратты деп эсептеген айрым жарандар мындай дисктердин эл ичинде таратылышына каршы эмес.
Бардыгынан ажырап калгандар кимди күнөөлөйт?

Июнь коогалаңынан кийин түзүлгөн “Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунай Айтиева июнь окуясында жакындарын жоготкон адамдар коогалаңда кыргыздар да жабыркаганын көрсөтүү максатында атайын буйрутма менен тасмаларды даярдатканын айтат. Анын айтуусунда бул тасмаларда эки элди кагыштырууга чакырган эпизоддор жок, болгону туура маалымат берүү максаты бар:

- Эсиңерде болсо “кыргыздар өзбектерди кырган, геноцид уюштурган” деп кыргыздарды эч ким карабай койду. Эки айга чейин июнь окуясында жакындарын жоготкон кыргыздарга бир да эл аралык уюм басып келген жок. Айласы түгөнгөндө ошол жакындарын жоготкон адамдар акча чогултуп, сүрөттөрдү топтоп, тасмаларды сатып алып, чыгарышты.

Тургунай Айтиева тасмалар эл аралык уюмдар жана чет элдик маалымат каражаттары үчүн даярдалганын айтып, ал эми бул тасмаларда эмне үчүн жабыр тарткан өзбектер тууралуу көрсөтүлбөйт деген суроону биздин маектеш өзбек улутундагылардын жабыркаганы тууралуу маалыматтар буга чейин эле жетиштүү деңгээлде таратылган деп жооптоду.

Чагымчыл аракеттерге жол берилбейт

Күч кызматтарынын маалыматы боюнча июнь окуясы тууралуу сүрөттөр, видеолор камтылган дисктер мурда деле колдон-колго ачык өтүп, көбөйтүлүп, ал эми Бишкектин базарларында 20-30 сомдон сатылып жүргөн. Ушул тапта дисктер жашыруун таратылып, сатылып жатканы айтылууда.

Ош шаардык ИИБнын жетекчиси Курсант Асановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча эки элдин ортосуна от жагуучу чагымчы тасмаларга, баракчаларга каршы күрөшүү, аларды даярдап, таратып жаткандарга карата чара көрүү иштери жүргүзүлүп жатат:

- Мындай баракча, тасма жана башка чагымдарды тараткан адамдарды жоопко тартуу керек. Анткени алар чагымчылдык кылып жатышат.

Курсант Асанов июнь коогалаңы тууралуу тасма, сүрөт, баракчаларды таратып, аймакта кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинин артында бул окуянын келип чыгышына себепкер болгон адамдар турат, ошолордун каржылоосу менен ишке ашып жатат деп эсептейт:

- Мунун артында ушул урушка себеп болгон Кадыржан Батыровго окшогон кишилер турат. Алар каржылап жатышат. Ал эми тасмаларга милициянын катышы бар деген дооматтар суу кечпейт. Милиция тынчтыкты бузууга каршы аракеттерге барбайт. Бул жөн гана куру доомат.

Ушул тапта мамлекеттик бийлик күч кызматтары менен чогуу эки элдин ынтымагын күчөтүү, түштүк жергесинде тынчтыкты орнотуу, ар кандай чыр-чатакка жол бербөө максатында аракеттер жасалып жатканын маалымдоодо.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG