Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Ошто коменданттык саат жоюлду


Ошто референдумда аскерлер эртелеп добуш беришти
Ошто референдумда аскерлер эртелеп добуш беришти

Бүгүн Ошто жана Жалал-Абад областтарында коменданттык саат жоюлду. Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков шаар ичинде кырдаал тынчып, өзүнүн туруктуу калыбына түшкөнүн билдиришти.

Ошто бүгүнтөн баштап коменданттык саат жоюлганын облустун коменданты Бакыт Алымбеков маалымат жыйынында расмий жарыялады. Ал Ош шаарында кырдаал тынчып өзүнүн кадимки нугуна түшкөнүн, бирок айрым чагымчыл күчтөр дагы эле ар кандай ушак-айың таратып, элдин ичине бүлүк салуу аракетин жасап жатышканын белгилеп, аларга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков Өзбекстандан 75 миң 685 качкын үйлөрүнө кайтып келгенин билдирди. Үй-жайы талкаланган адамдар туугандарыныкында, дагы бир бөлүгү чатырларда жашап жатышат.

Коменданттын колундагы маалымат боюнча Ошто тополоң күндөрү баардыгы төрт жүзгө жакын үй жабыркап жараксыз болгон.
Ош жана Жалал-Абад дубандарында болгон кан тополоң окуялардан баардыгы 265 адам каза тапты, алтымыштан ашуун өлүктүн кимдер экени такталып бүтө элек.

Күч органдары тополоң окуяларды уюштурган жана ага катышкан деген шек менен алтымыштан ашык адамды кармап, суракка алышууда. 25-июнда Жалал-Абадда тополоң окуяларга түздөн түз катышкан Санжар Бакиев кармалды. Ал мурдагы президенттин бир тууган инисинин баласы. Кармоо учурунда анын жашап жаткан жеринен ок атуучу куралдар табылды.

Оштогу кырдаалды жөнгө салууга Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Убактылуу оперативдүү тобу жардам берүүдө. Кечээтен баштап аталган оперативдүү топ Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке киришти. Алар өлкөнүн күч органдары менен эриш-аркак иштеп, кырдаалды жөнгө салуу учурунда чыккан проблемаларды чечүүгө жардам көрсөтмөкчү.

Убактылуу оперативдүү топтун курамында ЖККУга мүчө сегиз өлкөнүн өкүлдөрү кирди, алардын арасында Өзбекстандын өкүлү жок. Бул топту Владимир Бережной жетектейт.

Кыргызстандын күч органдарын атайын техника, адам өлтүрбөгөн атайын каражаттар жана транспорт менен камсыз кылуу маселелеринде дагы жардам көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле ар кандай ушактарга жана чагымчылыктарга жол бербөө максатында маалымат агымдары менен дагы иштер жүргүзүлөт. Бул жөнүндө кечээ Бишкекте Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугушуу учурунда ЖККУнун Баш катчысы Николай Бордюжа билдирди.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG