Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү үчүн узак мөөнөттүү байкоочуларды даярдап жатат. Шайлоого байкоо жүргүзүүнүн оош-кыйыштары жөнүндө аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз жетектеген коалиция узак жылдардан бери Кыргызстандагы шайлоо өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүүчү жергиликтүү уюмдардын бири катары белгилүү. Президенттик шайлоого кандай даярдык жүрүп жатат сиздерде азыр?

- Албетте, президенттик шайлоого биз байкоо жүргүзөбүз, биз азыр баштадык. Коалиция жалгыз эле мониторинг жүргүзгөн жок, башка беш уюм чогулуп бир союз түзгөнбүз. Өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо да биз ушундай чогуу иштешип көргөнбүз. Көрдүк бул абдан эффективдүү экен. Биз чогулганда зор күч экенбиз.

Ошон үчүн биз азыр биримдик менен союз катары кайрадан көп иштерди пландаштырып атабыз. Ошонун ичинде узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүп атабыз. Андан тышкары сөзсүз шайлоо күнү бүт Кыргызстан боюнча участкалык комиссиясына 3 миң байкоочуларды коебуз, андан тышкары шайлоочулар менен окутуу жүргүзүп атабыз, мына азыр башталды.

Биз азыр жер-жерлерде жергиликтүү активисттерди чогултуп, ошолорго шайлоо кандай өтүш керек, мыйзам чегинде, ошол мыйзам кандай болду, кандай өзгөрүштөр кирди деп тренингдерди өткөрүп атабыз. Тренинг бүткөндөн кийин кайрадан жер-жерлерге барып кайрадан активисттерди чогултуп активисттерди шайлоочулар менен иштешип, шайлоочуларды активдүү ушул шайлоого катышсын деген жумушту жүргүзүшөт.

- Ушул сиздердин иш чаралар, алдыдагы пландар боюнча БШК менен сүйлөшүүлөр болдубу, макулдашылдыбы, алардын мамилеси кандай болуп атат силердин байкоолорго?

- Өткөн жергиликтүү кеңеште БШК менен кысым байланышта иштешкенбиз, чогуу бир нече шайлоочулар менен жолукканда шайлоо комиссиянын мүчөлөрү бизге абдан жардам берген. Эми азыр дагы биз ошондой байланыш менен иштешели деп атабыз.

Азыр биздин оюбузда БШК менен жолугуп, чогуу бир чоң улуттук конференция өткөрсөк, ошол жерге шайлоо процессине катышып аткан баардык адамдарды, партияларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн, бийликтин өкүлдөрүн, БШКнын мүчөлөрүн чакырып, ошол жерге келаткан шайлоону талкуулап, ушул шайлоону таза, ачык-айкын өткөргөнгө кандай аракеттерди чогуу жасай алабыз деген бизде идея бар.

Ошону менен биз азыр БШКнын жетекчиси Кудайберген Базарбаев менен жолуктук. Кудай буюрса бүгүн-эртең БШКнын төрагасы Владимир Лисовский менен жолугабыз деп үмүттөнүп атабыз. Башка эл аралык уюмдар менен да жолугушуп атабыз бизге ошондой конференция уюштуруп бергиле, жардам бергиле деп.

- Азыр узак мөөнөттү байкоочулардын саны канча беш уюмдан?

- Биз азыр узак мөөнөттү байкоочуларды сандар менен койгон жокпуз, мурда биз 180-200дөн койчубуз. Азыр биз жөн гана биздин жер- жерлерде турган жарандык активисттерден маалыматтарды чогултуп атабыз.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG