Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Икрамжан Илмиянов кызматтан бошотулду


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов башка кызматка өткөнүнө байланыштуу иштен бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмү Илмиянов кайсыл кызматка барары азырынча айтылбай турганын билдирди.

Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин келген. Ага чейин президенттик аппарат башчынын биринчи орунбасары болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG