Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Башкы прокуратура Конституциялык Соттун мурдагы судяларын жоопко тартуу демилгесин көтөрүп, тергөө иштерин баштады. "Азаттыкка" курган маегинде Конституциялык Соттун мурдагы мүчөсү Курманбек Осмонов аталган демилгенин жөндүүлүгүнө юридикалык басын берди

К. Осмонов: Мында мен юридикалык толук ачык негизди көрө албай турам. Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн демилгечилери бул Президент, Жогорку Кеңеш жана үч жүз миңден кем эмес шайлоочу. Кезегинде Конституциянын долбоорлорун мына ушундай түрдө кабыл алууга болобу деген суроону коюп ошол өздөрү кайрылышкан. Анан Конституциялык Сот ушул түрдө кабыл алса болот же болбойт деген корутунду бериш керек. Мына ошондой чечимдерди берип келген. Эгер Конституциялык Соттун судьялары кимдир бирөөнүн пайдасына же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кара ниеттик менен чечим чыгарган болсо, анда башка кеп бирок андай деп айтуудан мен алысмын.

-Ал эми кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин Конституциялык Соттун судьяларынын мурда жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш ишинин козголушу туурабы же туура эмеспи?

К. Осмонов: Менимче бул жерде кылмыш ишинин козголушу туура эмес болгондой болуп турат. Бул жерде бир саясий оюндардын кулагы көрүнгөнсүйт. Дегинкисин алып караганда Конституциялык Соттун чечимине укуктук баа бере турган орган бул прокуратура эмес. Эгерде президент же парламент же коомчулуктун пикирин эске алуу менен, коомчулук менен талкуунун негизинде туура эмес десе бул саясий, моралдык-нравалык баа берген нерсе болот да. Анан эми Конституциялык Соттун бир топ жыл мурунку ишмердүүлүгүнө прокуратуранын азыр укуктук баа берип жатканы кызык болуп атат.

-Бул жерде саясий өңүттөгү маселе бер деп айтып жатасыз, кандай саясий өңүттөгү себептер болушу мүмкүн?

К. Осмонов: Саясий өңүт эми, азыркы бийлик эле эмес бүт коомчулукка жек көрүнүп качып кеткен мурдагы президенттерибиз убагында өзүнүн пайдасына Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген деген жүйөөлөр келтирилиши мүмкүн. Бирок ошол конституциялардын айрымдары жалпы элдик референдумда добуш берүүгө коюлбады беле. Анда эмне элди да күнөөлөйбүзбү? Ошолор кабыл алган ушул Конституцияны деп. Ал эми 2006-жылы ноябрда декабрда эки Конституциянын кабыл алынып кетиши, бул албетте, саясий жактан алып караганда бул саясий популизм болчу. Анан эми муну юридикалык жактан алып караганда кылмыш деп атоо кыйын.

-Маселен, эгерде Конституциялык Сот мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы кандайдыр бир чечимди чындап эле кабыл алган болсо, анда Кыргызстандын мыйзамдарында Конституциялык Сотту жоопко тартуу механизми каралган беле?

К. Осмонов: Каралаган эмес. Эгер Конституциялык Соттун судьясы жеке өзү башка кылмыштарды жасап койсо, анда аны жоопко тартуунун жолдору каралган. Анан Конституциялык Сот бүт курамы менен иш караганы үчүн мыйзамдарда жоопкерчилик каралган эмес. Анын тартиби да каралаган эмес.

- Анда Сиз Конституциялык Соттун мурдагы судяларын жоопко тартуу демилгеси ишке ашпайт деп эсептейсизби? Бул жараян эмне менен аяктайт деп ойлойсуз?

К. Осмонов: Мен бул келечеги жок иш деп ойлойм. Бул саясий популизмге чаап бараткан иш болсо керек. Ошол кезде парламентте депутат болуп жүргөн Кубатбек Байболов генпрокурор болору менен ушул маселелердин көтөрүлүп жатышы бекеринен эмес го деген өзүнчө ой жүгүртүүлөрүм бар.

- Маегиңзге рахмат

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG