Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Апта окуясы: Сохтогу жаңжал


Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков (ортодо) кыргыз-өзбек чек арасындагы жолугушууда. Оң жактан биринчи Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов. Баткен, 2010-жылдын 2-июну.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков (ортодо) кыргыз-өзбек чек арасындагы жолугушууда. Оң жактан биринчи Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов. Баткен, 2010-жылдын 2-июну.

Баткендеги Сох анклавынын тегерегиндеги чыңалган кырдаал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилип, чек арадагы абал кыйла жеңилдеп калды.

Жолугушууда тараптар чек арадагы жаңжалдарды жөнгөрүү боюнча бир топ макулдашууларга жетишти. Бирок жергиликтүү серепчилер аймактагы проблема муну менен эле чечилип калбай турганын айтып жатышат.

Жайыт талаштан чыккан чыр

Өзбекстандын чек арадагы Водил айылындагы өзбек-кыргыз Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү алты саатка созулду. Сүйлөшүү соңунда өзбек тарап Сох анклавына 1999-жылы Баткен окуясынан кийин киргизген оор согуштук техникаларын жана кошумча аскер күчтөрүн бир сутканын ичинде алып чыгып кетүүгө макул болду.

Ошондой эле Сохтогу кошумча чек ара бекеттерин алууга, анклавдан өткөн жарандарды текшерүүнү жеңилдетүүгө, Хушяр айылынын тургундары талкалап салган кыргызстандык жарандардын унааларынын чыгымдарын төлөп берүүгө макул болушту.

Жолугушуудан кийин Баткендин губернатору Султан Айжигитов Кадамжайда Сох менен Өзбекстанды байланыштырган негизги жолду тосуп тургандарга барып, өзбек тарап менен түзүлгөн келишим 1-2 жуманын аралыгында толук аткарылаарына ишендирди:

- Мен силерге дароо эле айтып коюшум керек, өзбек кесиптештерибиз кандай тоскоолдук, кыйынчылыктар боло турган болсо, эгер силерди кыйнап, акча ала турган болсо силердин жарандарыңар урушуп-талашпай, дароо бизге келип арыз жазгыла деди. Биз аны өзбектерге беребиз. Башкача айтканда кирип-чыгуу баары эркин болот. Талкаланган беш машинаны да ордуна тургузуп беребиз дешти.

С. Айжигитов Баткендин чек арасындагы Согмент менен Чарбак айылындагы өзбек тарап бузуп салган жол менен сууну да калыбына келтирүүнү моюндарына алышканын баса белгиледи. Бул айылдар суусу буулуп, жолу казылып калгандан кийин бир нече күн бою блокадада калган болчу.

Чек арага чогулган Баткендин Согмент айылынын тургундары, 2010-жылдын 28 -майы.
Баткен чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов Сох анклавынан оор согуштук техникалардын чыгырылып кетишин Кыргызстан үчүн ири ийгилик деп сыпаттады. Бул аскердик техникалар бир нече жылдан бери аймакка сес көрсөтүп турган:

- Кыргызстан үчүн ушундай кырдаалда бул чоң жетишкендик. Бул маселени 99-жылдан бери чече албай келишкен. Бир күндө эле, 24 саатын ичинде оор аскердик техникаларын алып чыгып кетишти. Алар дагы өздөрүнүн достук мамилесин, ишеничин ушуну менен көрсөткөнү жатат. Көп нерсе жакшы жыйынтыктар менен бүттү. Эки элдин кызыкчылыгына карап туруп жакшы чечилди, эми муну уланта бериш керек.

Май айынын этегинде Сох анклавынын жанында талаш чыккан. Жаңжал кыргыз тараптын жайыттарын өзбектерге пайдаланууга бербей койгондон кийин тутанган болчу. Жайыт чатагы жылда жаздын келиши менен жанданат.

Өзбекстандын Хушаяр айылынын тургундары кыргызстандык жарандардын унааларын ташбараңга алып өздөрүн 3-4 саат барымтага алышкан.

Андан соң кыргыз тарап Кадамжай районундагы Кайтпас чек ара бекетине жакын жердеги Сох анклавы менен Өзбекстанды байланыштырган негизги жолду бууганга мажбур болушкан.

Исмаил Исаков Баткенде

1-июнда өзбек-кыргыз Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшкөндөн кийин Баткенге убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү Исмаил Исаков барып, Согмент менен Чарбак айылдарындагы абал боюнча жеринен таанышты:

- Эл менен жолуктук, биз келип кабар алып кетип жатканыбызга элдин маанайы абдан жакшы. Көпчүлүк бул жерде чек ара бекетин ачыш керек дешти, аны биз көрүп келдик. Кудай кааласа аны да чечебиз. Андан башка жол маселеси да чечилет. Азыр биз келген жолду дагы кеңейткенге, өзүбүздүн жарандар кыйналбай Кыргызстандын аймагына өткөнгө шарт түзүп беришибиз керек. Анча-мынча каражат бар, аны өкмөт толук колдоп берет деп ишенем. Биздин бүгүнкү келген максаты толугу менен ишке ашты.

И. Исаков менен жолугушууда Согмент айылынын тургундары өз көйгөйлөрүн айтышты. Айылдын Жолдош аттуу тургуну убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлүнөн кошумча чек ара бекетин ачып берүүнү баса өтүндү:

- Ушул жерге бизге күчтүүрөк чек ара бөлүгүн ачып берсеңиз. Жигиттерди алып келип койсоңуз, алар бизди коргобосо, башка эч ким бизди коргой албайт. Бул биздин негизги маселебиз. Ушул жерде канча адамдарыбыз кошуна тараптан токмок жеди. Аларга кыр көрсөтүп, уруп-сабагандар эми мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Машиналар талкаланды. Макул алар акчасын төлөп беришет экен. Бирок моралдык чыгымды кантип төлөп берет? Эгер алар соттолбой жүрө берсе, эртең чыр-чатак кайта боло берет.

Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондору менен Сүлүктү шаарынын эли Сох аркылуу Ошко, Бишкекке каттап турушат. Кызыл-Кыя шаары менен Кадамжай районунун эли болсо тескерисинче облус борборуна баруу үчүн Сохту кесип өтүүгө аргасыз. Буга чейин кыргыз жарандары Сохтон Кыргызстандын ички паспорту, ID карта менен өтүп келишкен. Облус акимчилигинин Укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев “Азаттыкка” өзбек тарап ички паспорт менен 16-майдан кийин өткөрүүдөн караманча баш тартып туруп алган, деп билдирди. Жаңжалдын тутанышына жайыт маселеси да кошул-ташыл болгон:

- Жыл сайын биз Тажикстан менен Өзбекстандын чегаралаш айыл, райондорунун жетекчилерине февраль-март айынан баштап аларга эскертүү иштерин жүргүзөбүз. Облусттук, райондук деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Жайыт маселеси боюнча эки өлкө келишим түзүп, жайыттын белгиленген жерине чыгып, акчасын төлөп мыйзам чегинде чыкса деп талап коюп келгенбиз. Ал талапты Өзбекстандан кабыл албай, кол койбой, мурдагы калыптанып калган жайыттарга чыгып жүргөн.

Эки тараптык сүйлөшүүдөн кийин эми жайыт маселеси акимдердин деңгээлинде чечилмей болду.

Зым тосмо чыр-чатакты тосо алабы?

Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасы. Өзбекстан буга чейин эле айрым чек ара аймактарын ушинтип бир тараптуу зым менен тосуп алган.
Саламат Аламанов мурунку бийликтин тушунда өкмөттө регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен талаштуу жерлерин аныктап чечүү боюнча иштерге аралашкан. С. Аламановдун айтымында, Сохтогу маселе аталган анклавдын өзгөчөлүгү менен байланыштуу:

- Жанакындай чыр маселелер көпчүлүк учурда, ошол жерден негизги чек ара, анан бажы бекеттеринен өтүп жатканда ошол жердеги кызматкерлердин атуулдарга болгон мамилесинен чыгып жатат. Жайыт маселеси илгертен келаткан чарбачылык маселенин азыркы жаңы заманда жакшы жөнгө салынбаганынан улам чыгып жатат. Ошол жакта жашаган элдер жайыттарды пайдаланганда эч кандай документ түзбөй эле пайдаланып жүрүшкөн да.

С. Аламанов жайыт маселеси өзбек бийлигинин өз жарандарына кошкөңүл жасаган мамилесинен улам чечилбей жатышы ыктымал экенин баса белгиледи:

- Жайыттарды пайдаланууну келишимдик нукка салуу боюнча биздин сунуштар болуп эле келген. Коңшулардын көңүлкош мамилесиненби, же өздөрүнүн жарандарына көйгөйлөрүнө көңүлкош мамилесиненби, айтор мамлекеттик деңгээлге чыкпай жатат.

Өзбекстан Кыргызстандагы жайыттарды колдонуу тууралуу келишимге кол койбосу белгилүү болгондон кийин, өзбек-кыргыз чек арасы тууралуу эки тараптык сүйлөшүүдөн соң Сох анклавында Кыргызстандагы жайыттарга барчу жолдор тикенек зымдар менен тосулганы жатат.

Баткендеги чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов тикенек зым менен тосуу аргасыздан жасалган амал, деп түшүндүрдү:
Саитжан Эратов

- Жылына май айында ошол жерде жаңжал болуп турган. Ошолорду чечүү үчүн кыргыз тараптан ошол жерди зым менен тосуу тууралуу сунуш киргиздик. Алар макул болушту. Бүгүнкү күндө иштер жүрүп жатат. Биз эсептеп чыктык. Сох анклавынын алты жети жеринде макулдашылган эмес аянттар бар. Ошол жерлерди тосуш үчүн он километр бер жагы, нары жагына он алты километр болсо, жалпысынан жыйырма алты километр жерди тосконго аракеттенип жатабыз. Бир күндө кылып кое турган иш эмес. Жылдын аягына чейин бүтүрүп алсак, элде чек ара деген түшүнүк пайда болот. Бул жагы Кыргызстандыкы, кыргыздардын мыйзамы иштейт, бул жагы өзбектердики, ал жактын мыйзамы иштейт деген элде түшүнүк пайда болот, жаңжалдар азаят.

Антсе да өзбек-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча эки тараптуу келишимдердин толук аткарылышынан, иш оңуна чечилеринен күмөн санап тургандар бар. Алардын бири баткендик серепчи Базарбай Масейитов:

- Буга чейин да Өзбекстан менен Кыргызстан көптөгөн келишимдерге кол койгон. Ошолордун көбү аткарылган эмес. Ошондуктан элдер бул келишимге да анча ишенбей жатат.

Кыргызстан менен Өзбектан жогорку деңгээлде чек ара маселесин биротоло чечүү тууралуу белсенип сүйлөшө элек.

Мурунку өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов бул маселе жогорку деңгээлде көтөрүлгөндө гана чечилет деген пикирде:

- Жогорку саясий жетекчиликте саясий чечимге келип чек араны тактоочу делегацияларга Момундай документтерди пайдаланышыңар керек, момундай карталар менен иштешиңер керек деп так көрсөтмө бериши керек. Эки тарап тең бирдей документтерге таянып иштей баштаса, ошондо маселе чечилет. Бүгүнкү күндөгүдөй шарттарда бул маселенин чечилиши өтө күмөн.
Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 4-июнь.

Антсе да азыркы бийликтин тушунда кыргыз-өзбек чек арасында бушайманга салган маселелер чечиле баштады деп ырастагандар бар. Муну убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева “Азатыктагы” маегинде бышыктады:

- Өзбекстан менен мына абдан тыгыз эле иштеп атабыз. Мына Сохтун айланасындагы маселелер чечилди. Бул болсо Өзбекстандын жакшы жышаанасы экени талашсыз.

Ал арада убактылуу өкмөт Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен талаштуу чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссия түздү. Комиссия ишин толук качан баштаары азырынча белгисиз.

Баткенде Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Ворух анклавдары жайгашкан. Сохто жалпысынан 45 миңдей адам жашайт жана алардын дээрлик баары өзбекстандык тажиктер. Кыргыз-өзбек чек ара кызматтары аталган анклавдагы жер, суу жол жана жайыт маселелерин чечүүгө кирише баштады. Мына ушундай эле көйгөйлөр Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавында да бар. Бул эки өлкөнүн жарандары ортосунда да маал-маалы менен жаңжалдар тутанып турат. Эки өлкө чек арасын аныктоого да азырынча чындап кирише элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG