Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Канат Сопиев Кыргызстандан чыгып кеттиби?


Канат Сопиев сотто суралууда
Канат Сопиев сотто суралууда

Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Канат Сопиев башпаанек издеп Европага кеткени маалымат булактарында жазылууда.

Социал-демократтар партиясынын Ысык-Көл району боюнча координатору Канат Сопиевге "баш аламандык уюштурган", "Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген", "шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган" деген айыптар тагылып, 23-июлда Балыкчыда камакка алынган. Ал тергөө учурунда мындай айыптар тагылып жатканына макул эместигин, тополоң уюштурууга катышпаганын айтып мындай деген эле:

-Шайлоо күнү мектептин жанында президенттик шайлоонун жүрүшү адилетсиз өтүп жатканына нааразы болуп турган адамдардын жанына кызыкчылык үчүн барып калганым чын. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров да бар эле. Алдыңкы топ милиция менен жөөлөшүп кетишти. Анан Балыкчы мэриясынын алдына бардык. Эч кандай баш аламандык болгон эмес. Бийлик айткандай 500дөй киши жок болчу.

Канат Сопиев камакта жатканда ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу Жогорку Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына алган.

Өткөн шаршемби күнкү сот жараянында Балыкчы окуясы боюнча айыпталуучу Канат Сопиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайрадан камакка алуу тууралуу токтом кабыл алынган.

Бирок бул аралыкта “өлкөдөн эч жакка чыгып кетпейм” деген тил катына карабай Канат Сопиев Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?-деп анын жактоочусу Сартбай Жайчыбековдон “Азаттыктын” кабарчысы сураганда, ал мындай деп билдирди.

- Бул сөздөрдө канчалык чындык бар экенин мен так айта албайм. Бирок соттук тергөө башталганда эле Канат Сопиев биринчи суракка алынган. Биз ошондо айтканбыз, бул ооруп атат, ошондуктан керек учурда дарыланып турууга, ийнелерин алып турууга уруксат берүү жагын сурайбыз деп. Биринчи күнү бул ийне алып атканын мен так билем. Экинчи күнкү эртең мененки соттук жыйынга келе албай калды эле дароо камакка алуу жөнүндө токтом чыгарды. Кийин издөө жарыяланып, милицияларга тапшырма берилген. Мен ошондо эле айткам, эми кое турбайсыңарбы, бир жооп алалы өзүнөн, анан кандай чара көрөсүңөр ошого карап иш кылалы, ден-соолугу оор экендигин жакшы билесиңер десем, ага болбостон сот камакка алуу жөнүндө токтом чыгарып койгон. Анан азыр чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу менин так маалыматым жок.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Деркембаевдин айтымында Канат Сопиевди милиция кызматкерлери үйүнө чейин издеп барса, аялы да анын “дайынсыз жок болуп, табылбай, үйгө келбей жатканын“ билдирген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында да мындай маалыматтар такталып, Канат Сопиев издөөгө алынууда:

-Өлкө аймагынан сыртка чыкпайм деп тил кат жазып берип, дайынсыз жок болгон Канат Сопиевдин мыйзам алдындагы жоопкерчилиги дагы жогорулайт. Аны ден-соолугуна байланыштуу камактан чыгарып, үй камагына бошотуу чечимин чыгарган сот дагы жооп берүүсү зарыл.

Айыпталуучулардын жактоочусу Азимбек Бекназаров кечээки сот жараянында билдиргенине караганда прокурорлор айыпталуучуларды “сенин тагдырың чечилген” деген сыяктуу коркутуп-үркүтүү менен сотко ишеним көрсөтпөөгө мажбурлап жатышат.

Жактоочу Азимбек Бекназаров ошондой эле дарыланып жаткан Канат Сопиевди камакка алуу тууралуу токтом чыгаруу менен сот Болот Дүйшембиевдин өзү да туура эмес кылган, -деп эсептейт.

Такталбаган маалыматтар боюнча Канат Сопиев Европа өлкөлөрүнүн бирине баш калкалап кеткен. Канаттын дайынын билүүгө аялы Бактыгүлгө телефон чалсак, ал кооптонгондуктан жооп да берүүдөн баш тартты.

Президентик шайлоо күнү Балыкчы шаарында массалык тополоң уюштурду делип камакка алынган он тогуз кишини сот алгач эки ай абакта олтурат деген бүтүм чыгарып, кийин тергөө иштери толук аяктагыча алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан.
Айыпталуучулардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров дагы бар.

Жакында эле парламент аны кол тийбестик укугунан ажыраткан. Укук коргоо органдары эл өкүлүн камакка алуу үчүн изинен түшүп, издеп жүрүшөт.

Социал-демократтар фракциясынан Жогорку кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын пикиринде партиялашы Канат Сопиевдин өмүрүнө коркунуч туулгандыктан чет өлкөлөрдөн башпаанек сурап кетишүүгө аргасыз болгон:

- Социал-демократтар партиясынын Ысык-Көл району боюнча координатору Канат Сопиев 23-июлда милиция кызматкерлери кармагандан кийин атайын даярдыктагы жоокерлер тарабынан катуу сабалганын, ошондон кийин ден-соолугу кескин начарлаганын, милиция сабап, коркутуу менен зордоп көрсөтмө алганын сотто ачык билдирген. Андан кийин дагы өмүрүнө олуттуу коркунуч келип, аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошондуктан чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болду көрүнөт. Биз партиялаштары чындык үчүн акырына чейин күрөшүп, чет өлкөлөргө качпайбыз.

Бийликтин кысымынын айынан буга чейин чет өлкөлөргө баш паанек сурап СДП мүчөлөрү Эдил Байсалов, Бакыт Бешимов да кетишкен. Мындан башка дагы оппозициялык маанайдагы бир нече саясатчылар, журналисттер дагы чет өлкөлөрдө баш калкаалап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG