Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Шайлоого баруу жакшы, өкмөттө калуу андан да жакшыбы?


Ушул жуманын ичинде Убактылуу Өкмөт толугу менен кызматтынан чегинип, техникалык деген аталыштагы жаңы өкмөттүн курамы дайындалышы күтүлүүдө. Бирок партиялык тизме менен парламенттик шайлоого барууну ниет кылып, кызматтынан чегинген убактылуу өкмөт мүчөлөрү мыйзам чыгаруу ассамблеясы аркылуу Өткөөл мезгилдин Президентинин чечимдерин кабыл алууда добуш берүү укуктарын сактап калышат. Ал эми бир катар министрлер убакыт чукул экендигине карабастан парламенттик шайлоого баруу же кызматта калуу маселесин али чечише элек.

“24.kg” агенттиги Убактылуу Өкмөттөгү ишенимдүү булактарга шилтеме берүү менен Президент Роза Отунбаеванын техникалык өкмөтүн экс-премьер-министр Амангелди Муралиев жетектеши мүмкүн деген маалымат таратты. Бул өкмөт октябрь айындагы шайлоодон кийин жаңыдан түзүлө турган парламент партиялык негиздеги өкмөттү кураганга чейин милдетин аткармакчы. Бул орунга азырынча расмий эмес деңгээлде Муралиевдин талапкердиги гана айтылууда.

- Өткөн жумада Президентке Алмаз Шаршенович Амангелди Мурсадыковичтин талапкердигин биринчи орун басардыкка сунуш кылыптыр. Андан башка талапкерлер тууралуу конкретүү маалымат деле жок. Эми Президент өзү билет да. Ошол кишинин чечимине жараша болот. Анткени ал адам жаңы өкмөттүн курамын толугу менен аныктайт да, - деди Убактылуу Өкмөттүн маалымат борборунун кызматкери Болот Жумабаев.

Убактылуу Өкмөттүн курамына кирген “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар”, Социал-демократтар партияларынын лидерлери парламенттик шайлоого барып жаткандыктарына байланыштуу кызматтарынан чегинерин жарыялашкан. Бирок тигил же бул партиянын саясий кеңешинде жүрүшкөн бир топ министрлер азырынча бир чечимге келише элек.

Саламаттыкты сактоо министринин милдеттин аткаруучу Дамира Ниязалиева кызматын тапшырып, шайлоого кетүү негизинен Убактылуу Өкмөт курамындагы он төрт лидерге тиешелүү экендигинин четин чыгарды:

- Мен азырынча иштеп жатам. Анткени силер билесиңер да биздин тармакта азыр жумуш аябай көп болуп жатат. Азырынча иштеп атам, анан шайлоого барайын деген деле оюм жок. Убактылуу Өкмөттүн курамына кирген жанагы он төрт адам да. Азыр эч нерсе чечиле элек. Биринчи күнү көрөбүз да кандай болоорун.

Убактылуу Өкмөттү түзгөн он төрт ошондогу оппозициялык лидерлерден сырткары анын курамына партияда жок адамдар киришкен болчу. Мына ошондой жетекчилердин бири экономикалык жөнгө салуу министринин милдетин аткаруучу Эмил Үмөталиев шайлоого бараарына же барбастыгына карабастан жаңы өкмөт курамы түзүлүп жаткандыктан бардык жетекчилер кызматтарынан чегиниши керек деп эсептейт:

- Убактылуу Өкмөт отставкага кетип, жаңы чечим жарыяланса, жаңы өкмөт курула баштаса анда баардыгыбыз тең кызматтарыбыздан кетишибиз керек. Эгерде президент премьер-министрдин ролун аткара турган адамды дайындаса, анда ошол киши президенттин макулдугу менен жаңы команда түзүүгө укугу болушу керек. Сунуштап кура турган укугу болбой калса, анда толук жоопкерчиликти да мойнуна ала албай калат деп эсептейм да.

Парламенттик шайлоого чейинки милдетти мойнуна ала турган техникалык өкмөттү түзүү боюнча буга чейинки саясий кеңешмелердин
жүрүшү жана даярдыктардын деңгээли анчейин экендиги байкалууда. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев анын кызматта калаары же шайлоого бараары партиянын саясий кеңешинин чечимине жараша болоорун жашырган жок:

- Мен социал-деократтар партиясынын мүчөсүмүн да. Ошол партия чечет менин эмне кылышым керек экендигин. Партия менен кеңешип туруп анан талкуулайбыз да. Мен тиякка барып, эл менен жолугушуп шайлоого барышым керекпи же болбосо мына бул убакытта милдетимди аткарып ишти жылдыра беришим керекпи? Ошого жараша иш кылабыз.

Бирок министрликтин жетекчилеринин мындай бир жактуу ички партиялык чечимдердин негизинде гана аракеттениши Убактылуу Өкмөткө кирбеген партиялардын нааразылыгын жаратууда. Алардын айтымында айрым партия мүчөлөрүнүн кызматта калышы шайлоодо өз партиясынын пайдасына административдик ресурсту колдонууга түртү бериши мүмкүн.

Мына ошондуктан “Айкөл-Эл” саясий партиясынын төрагасы Эдил Байсалов мыйзамды сыйлаган ар бир жетекчи кызматтын тапшырып берип кетиши керек деген ойдо:

- Мыйзамдуу талага кирип президентти шайлап алдык. Ошону деле сыйлап, өздөрү эле билип кызматттарынан кетишсе. Анан эле догурунуп олтура беришсе мен деле сендей эле келгемин, сага тең атамын деп, анда туура болбой калат. Жалпы өкмөт мүчөлөрү бардыгы кызматттарынан кетишип, андан кийин кимдир бирөөлөрүн Роза Исаковна кайра өзү чакырып, дайындаса ошондон соң гана олтура беришсин.

Буга чейинки жобого ылайык өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бир эле учурда мамлекет башчысы болуу менен жаңы партиялык өкмөт куралганга чейин техникалык деген аталыштагы өкмөттүн жетекчилик милдетин аткарып турат. Анын премьер-министрдин ролундагы биринчи орун басары жаңыдан түзүлө турган министрлер кабинеттин башкарат.

XS
SM
MD
LG