Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Бишкектеги пакистандык студенттерге милициянын мамилеси гана жакпайт


Кыргызстанда азыр 1707 Пакистандык студент медицина жаатында билим алат. Мугалимдердин айтуусунда, пакистандык студенттер тартиптүү жана зээндүү келишет

Өмердин Кыргызстанга келгенине бир жыл болду. Аны бул жакка мыкты врач болуу кыялы жетелеп келген. Өз мекенинде анын медицина жаатында билим алууга шарты жок. Анткени Пакистанда билимдин баасы өтө кымбат.

- Биз жакта врач кесиби абдан кадыр-барктуу. Анын үстүнө калк жыш жайгашкандыктан, бул кесипке болгон суроо-талап дайыма жогору. Кыргызстанда болсо, мен үчүн билим алуу шарты ынгайлуу. Билимдин сапаты да мени канааттандырат. Сүйгөн кесибиме ээ болуп, мекениме кайтсам дейм.

Медициналык академиянын билим жана дарылоо иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов жыл сайын академияга эле 100гө жакын пакистандык студент келээрин айтат. Анын атуусунда, алар тырышып жакшы окушат жана башка чет элдик студенттерге караганда тартиптүү келишет:

- Булар мусулман болгондуктанбы тартиптүүрөөк келишет. Көп ичишпейт, тамеки тартышпайт. Биз англис тилинде сабак беребиз. Аракетчил болушат. Алардын менталитети бизге жакыныраактай, анан тамак ашы, климаты бизге жакын экен. Ал эми өздөрү биздин балдарга салыштырмалуу зээндүү келишет. Биздин балдар өз жеринде болгондуктанбы эркелеп кетишет.

Бишкекке алгач келгенде шаардын ичиндеги тынчтык Өмерге өзгөчө таасир калтырган. Пакистандын кымкуут жашоосунан кийин Бишкектеги жашоо ыргагы ага өтө жай сезилген. Акырындап шаардын турмушуна аралашкан Өмер азыр бул жердеги тамак аштан баштап, кыргыз кыздарынын өң-келбетинен бери сындаганга жарап калган:

-Тамак аштан мага шашлык менен плов жакты. Бизде деле шашлыктар бар, бирок бул жердегидей даамдуу эмес. Беш бармак болсо жаккан жок. Эт менен камырды аралаштырып жей албайм. Шаарда кыздар көп экен. Бирок кыздарга мен көңүл бурганым жок. Анткени тууган жеримде мени сүйлөшкөн кызым күтүп жатат. Кыргыз кыздарга караганда менимче, биздин кыздар сулуураак го. Дагы Бишкекте элдин көпчүлүгү кыжырданып жүргөндөй көрүнөт экен. Антсе да биз жакшы мамилелеш адамдарды таап алдык. Андай адамдар аз сезилет.

Өмердин айтымында, алар бул жерден да өздөрүнүн даталуу күндөрүн, улуттук майрамдарын белгилеп турушат. Аларда дагы биздики сыяктуу айт майрамдары белгиленет. Бирок айырмасы аларда 3 жолу айтты майрамдашат. Пакистандык студенттерге Кыргызстандагы жаңы жыл майрамы абдан жаккан. Анткени Пакистанда бул майрам мынчалык шаан-шөкөт менен майрамдалбайт экен:

- Бизде көбүнчө мусулмандардын майрамдары басымдуулук кылат. Алар тынч, атайын жобо менен майрамдалат. Бишкекте быйыл жаңы жылды тостук. Тим эле укмуш. Фейервергдер аябай жакты. Чыныгы майрам болду. Бизде андай жардыргыч заттарга тыюу салынат. Жаңы жылыбыз кадимки майрамдардын бири катары белгиленип өтүп кетет. Майрамдын шарапаты бул жерде аябай сезилет экен.

Ал эми биздин өлкөдө пакистандык студенттерге эмне жакпайт деген суроого бир ооздон милиция жакпайт деген жооп алдык. Жоош тартиптүү деген Өмер жок эле дегенде аларга 5 жолу кабылганын айтат:

- Албетте биз чет элдин жараны болгондон кийин текшерет. Бирок документиң болсо, болбосо деле акча сурашат. 20, 30, 50 сомго чейин сурашат. Эптеп берип кутулам. Документиң сопсонун турса деле "келе акча" дегени көңүлгө тийип бүттү. Акыркы убакта бул нерсе адаттагыдай эле көрүнүш болуп калды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2008-жылы Кыргызстанда 2749 пакистандык жаран катталган. Алардын 1707си Кыргызстанга билим алуунун артынан түшүп келгендер. Алар келишимдик негизде орто эсеп менен жылына 1600 доллар акча төлөп билим алышат. Студенттердин ырастоосунда, Кыргызстанда чет элдик студенттердин билим алуусу үчүн бардык шарттар ынгайлуу болуп саналат.


  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG