Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Ошто дин кызматкерлери кезектеги спорт таймашын өткөрүштү


Мелдешке чогулган дин кызматкерлери.
Мелдешке чогулган дин кызматкерлери.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы казыят кызматкерлери кезектеги спорт мелдешине чогулуп, волейбол жана футболдон күч сынашты.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, таймаштарда волейбол боюнча Ош облустук казыяты жеңишке жетти. Экинчи орунду Жалал-Абад облусу, үчүнчүнү Ош шаардык казыяты ээледи. Ал эми футболдон биринчи орунду Жалал-Абад, экинчини Ош, үчүнчү орунду Баткен облустук казыяттары ээлешти.

Аталган үч облустагы казыяттан 2016-жылдан бери квартал сайын спорт мелдештерин уюштуруп келатышат. Дин кызматкерлери “Спорт менен дайыма чыңдап денем, сергек жашоо айкалышат ыйман менен!” деген ураан алдында мелдештерге катышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG