Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Террордук топтун башчысы Х.Сулеймановду акча алып бошотуп жиберген укук коргоо органдарынын жоопкерчиликсиз мамилеси кыргыз парламентинде курч талкууланган маселе болду.

2006-жылы Хасан Сулейманов Коопсуздук комитети тарабынан кармалып, ага Кылмыш-Жаза кодексинин «Кылмыш топтору менен катыштыгы бар», «Кызмат милдетин аткарган кызматкердин өмүрүнө коркунуч келтирген», «мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактаган», «улуттар арасына диний каршылашууга от жагууга аракет кылган», «жасалма документтерди жасоону уюштурган жана расмий документти колдонгон» деп айып тагылган.

Бул тууралуу парламенттин Коргоо коопсуздук жана укук тартиби, сот реформасы боюнча комитеттин төрайымы Лейла Сыдыкова 2009-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облусунда болуп өткөн окуялар жөнүндө күч органдарынын маалыматы тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Маалыматка караганда, бул иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып, мамлекеттик айыптоочу прокурор Байызов тарабынан Хасан Сулеймановго тагылган үч оор кылмыш алынып салынып, “диний жана улуттук араздашууну козуткан», «жасалма документтерди жасоону уюштурган жана расмий документти колдонгон», деген айыптар тагылган.

Сот аны 2 жылга шарттуу кесип, Оштогу жатак-абак жайына жөнөткөн . Х.Сулейманов жатак-абак жайында кармалбастан үйүндө жашап, жаза мөөнөтү бүтөрүнө 1 ай 27 күн калганда 41-колония-поселениенин жетекчилигинин жакшы мүнөздөмөсүнүн негизинде Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов тарабынан мөөнтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган.

Депутат Бегалы Наркозуев «мамлекеттик айыптоочу ич ара сот менен макулдашып алып Хасан Сулеймановдун мойнунан үч оор
кылмышты алып салган жокбу?»- деген суроо узатты.

Наргозуевдин суроосуна Башкы прокурордун орун басары Кубанычбек Асангелдиевдин жообу төмөндөгүдөй болду.

-Сот менен прокурор, анан Сулейманов үчүнчү болуп ошол беренелерди жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүп алды деп айтуу азыр кыйын го дейм. Анткени убакыт дагы өтүп кетти. Муну эми айта албайбыз.

Кубанычбек Асангелдиев бул иш боюнча кетирген кемчилиги үчүн мамлекеттик айыптоочу болуп сотко катышкан Бишкек шаардык прокурордун ошол кездеги орун басары Байызов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин белгиледи.

Ал эми Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Эркинбек Токтомаматов бул ишти караган Свердлов райондук сотунун судьясы Төлөев мыйзамдын чегинде чечим чыгарганын айтты.

Депутат Алтынбек Сулайманов болсо сот террорчу делип айыпталган Хасан Сулеймановду кармаганда анын колунда граната эмес, одеколон болгон деген чечим чыгарганына жаны ачып, ошол операцияга катышкан атайын даярдыктагы жоокерлер сотко күбө катары чакырылбаганына таң калганын жашырган жок.

-Биздин элитный спецназ, ушулардын көзү эмне граната менен одеколонду айырмалай албай калыштыбы? Сот эмне үчүн аларды күбө катары чакырган жок. Мен ошол операцияга катышкан жоокерлер менен сүйлөштүм. «Бизди эч ким чакырган жок. Бүгүн барып жооп бергенге даярбыз»,-дешти. Эмне үчүн сот бул ишти кайрадан тергөөгө жиберген жок?

Алтынбек Сулайманов үстүбүздөгү жылы 25-июнда парламент отурумунда 2006-жылы Кадамжайдагы атышууда өлтүрүлгөн террорчу Хусан Сулеймановдун эгизи Хасан Сулейманов Бишкекте коопсуздук кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, бирок укук коргоо органдарына 40 миң доллар берип боштондукка чыгып кеткенин парламентте айтып, бул боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөргөн.

Абактан шартуу түрдө бошотулган Хасан Сулейманов террордук топту жетектеп 2009-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облусунда Коопсуздук комитетинин жоокерлери менен атышып окко учкан. Ал кагылышууда УКМКнын офицери Капар Маматов дагы каза болгон.

Бул маселе боюнча парламенттин талкуусунда бир катар депутаттар Коопсуздук комитетинин, прокуратура, соттун жоопкерчиликсиз, кайдыгер мамилесин сынга алышып, укук коргоо органдарынын кетирген каталарын моюнга албаганына нааразы болушту.

- Бул окуя кандай болгону биринчи класстын окуучусуна деле түшүнүктүү болуп калды. Ошол сот болуп иштеп жүрүп одеколон менен
гранатанын айырмасын билбесеңер, билбейм анда силер кантип сот болуп иштеп жүрөсүңөр. Нолевой классты деле бүтпөсөңөр керек. Арызыңарды жазып туруп жумушуңардан кеткиле, элдин каарына калбай. Мыйзамды билбесеңер мен айтып берейин. Мыйзамдуу жол бар бул иш боюнча жаңы жагдайда кылмыш ишин кайра ачууга,
- деди депутат Бейшенбек Абыдрасаков.

Талкуунун жыйынтыгында парламент Коргоо коопсуздук жана укук тартиби боюнча комитеттин токтом долбоорун негиз катары добушка койду.

Бул маселе боюнча шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандарды текшерип чыгууну Башкы прокуратурага тапшыруу, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кылмыш ишин ачуу, бул ишти караган судьяларды жоопко тартуу, сот системасын реформалоо жана башка сунуштарды кошуп комитеттин токтому жума күнү парламенттин отурумунда кабыл алына турган болду.
XS
SM
MD
LG