Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Туура 10 күндөн кийин парламенттик шайлоо өтүп, көпчүлүк орунду алган партия же коалициялык топ өкмөттү түзөт. Байкоолорго караганда, болочок өкмөттү батышка ыктаган парламентаризм жактоочулары же Москва менен болууну чечкен күчтүү президенттик башкарууну колдогондор түзүшү ыктымал.

Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, депутаттык мандаттардын теңинен көбүн алган партия же коалициялык топ өкмөттү түзөт. Эреже боюнча Жогорку Кенештин биринчи жыйыны болгон соң 15 күндүн ичинде премьер-министрликке талапкер аныкталып, ал талапкер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын парламентке сунуштайт. Эгер парламенттик көпчүлүк 15 күн ичинде өкмөттү түзбөсө же шайлоонун жыйынтыктары боюнча бир дагы партия мандаттардын көбүн ала албаса, президент фракциялардын бирине 15 күн ичинде парламенттик көпчүлүктү жана өкмөттү түзүүнү сунуштайт. Бул мөөнөт ичинде да өкмөт түзүлбөсө, президент өкмөттү түзүүнү экинчи бир фракцияга сунуш кылат. Экинчи фракция да өкмөттү түзө албаса, фракциялар өз демилгелери менен 15 күн аралыгында өкмөттү түзүүгө тийиш.

Эгерде баш мыйзамда белгиленген ушул тартипте Жогорку Кеңеш өкмөттү түзө албай койсо, президент мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону дайындайт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоо 45 күн аралыгында өтүшү керек.

Парламентке кандай күчтөр келиши ыктымал?

Адатта өкмөттү түзө албай саясий кризиске кабылган мисалдар дүйнөлүк тажрыйбада чанда кездешет. Эң эле жакынкы мисал катары Украинанын парламентиндеги "ит жыгылыштарды" айтса болот. Ошол сыяктуу Кыргызстанда да болочок парламентте саясий кризис болуп калышы толук ыктымал. Украинадагыдай эле бул жерде москвачыл күчтөр менен батышка ыктаган реформаторлор кармашы катуу болушу мүмкүн.
Украин парламенти.

Украинада башында Орусиянын таасиринен чыгууну каалаган күчтөр бийликке келген. Бирок Кремль жөн жатпай орусиячылдарды катуу колдоого алып, ушул тапта Москвага ыктагандар бийликте отурушат. Ал сыңары Кыргызстанда да шайлоо алдында москвачыл саясий партиялар менен өз алдынча болобуз деген партиялар күч сынашып аткандай. Ошентсе да Орусиянын таасири күч Кыргызстанда батышка ыктагандар болгону менен Москванын кол баласы болууга ачык каршылык көрсөткөн күчтөр чыга элек.

Стамбул университетинин ага окутуучусу, саясий илимдердин доктору, Борбор Азиядагы саясий процесстерди жакындан иликтеген Хакан Гүнеш мырза Кыргызстанга бат-бат келип турат. Жакында эле Бишкекке иликтөөлөрүнүн негизинде келип кеткен Хакан Гүнеш “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, Кыргызстанда шайлоого аттанган саясий партиялардын бардыгы Москва менен тыгыз байланышта болууну каалашарын айтат. Ал эми келаткан шайлоодо коалиция түзүүдө кыйынчылыктар чыгышы мүмкүн, бирок кайсы күчтөр жеңсе да тышкы саясатта Москвага кылчактоолор улана берет:

- Кыргызстанда батышчыл күчтөрдүн активдүүлүгү анча байкалбайт. Азыркы тапта ал жакта баары тең Орусия менен тыгыз алака түзүү аракетинде. Украинадагыдай батыш же Орусияга ыктагандардын кармашы болбойт жана бул фактор шайлоо жыйынтыктарына анча таасир эте албайт. Кыргызстанда абал бир аз башкачараак. Менин оюмча, шайлоодо бир да партия мандаттардын көбүнө ээ боло албайт. Коалиция түзүүгө аргасыз болушат. Бирок ошол коалиция оңой түзүлөбү? Маселе мына ушунда.

Текебаев, Атамбаев, Отунбаева, Сариев, ошондой эле “Ата журттагылар” да Орусия менен тыгыз байланышта. “Ар-намысты” айтпай эле коёлу. Баары тең жок эле дегенде Орусия менен жакшы мамиледе болгулары келет. Мурда Отунбаева батышка ыктап турчу, бирок азыр андай эмес. Бирок кандай болгон күндө да булардын көбү өз алдынча саясат жүргүзүп атышат.


Акыркы сөз - баарыбир шайлоочуда...

Соңку кездери Кремль “Ар-намыс” партиясын колдой тургандай ишараттарды жасоодо. Москвага барышкан Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаевдерди Орусиянын бийик даражадагы чиновниктери кабыл алышса, “Ар намыстын” жетекчиси Феликс Кулов менен Орусия президенти Дмитрий Медведев өзү жолугушту. Д.Медведев болсо Кыргызстандын парламенттик башкарууга өткөнүн сындап, жактырбай келатат. Андыктан күчтүү президенттик башкаруу орнотууну убада кылган Ф.Кулов Орусия төбөлдөрүнө жагып атат өңдүү.
Орус президенти Д. Медведев "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Ф. Кулов менен, Москва, 22-сентябрь.

Ал эми Орусиянын НТВ телеканалы аркылуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевге чабуул башталганы, Кремлдин кимди колдобой турганын көрсөткөндөй болду.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты Төлөнбек Абдыровдун айтымында, ушул тапта кыргыз коомчулугун түрдүү саясий технологиялар менен таң калтыра албайсың. Андыктан коомчулук шайлоодо Орусияга ашкере жагалданган күчтөргө добуш бербей коюулары мүмкүн:

- Кээ бир саясатчылар жанагыдай ыкмаларды колдонуп атышпайбы. Тиги Орусияга бара коюп, жетекчилери менен жолуга коюп, бири-бири менен жарышып атышат. Бирөөсү президент менен, бирөөсү администрация башчысы менен жолугуп атышат. Орусия менен чогуу болобуз, саясатты чогуу жүргүзөбүз депчи. Бирок менин оюмча, биздин элди мындай ыкмалар менен таң калтыра албайсың, ойлорун деле бура албайсың. Анткени көбү ойлонуп, талдап атат. Жашоо, дүйнө кайда баратканын көрүп атышат.

Талдоолорго караганда шайлоо жыйынтыгында “Ата Мекен” менен Социал-демократтардын коалиция түзүү ыктымалдуулугу чоң. Доктор Х.Гүнештин пикиринде, бул экөөнө “Ак шумкар” партиясы кошулушу ыктымал. Ал эми орусиячыл “Ар-намыс” партиясы шайлоодон өтүп кете турган болсо оболу “Бүтүн Кыргызстан”, андан кийин “Республика”, “Ата Журт” партиялары менен биригүү аракетин көрүүсү мүмкүн. Бирок азырынча аталган партиялардын кимиси өтүп, кимиси өтпөй каларын айтуу эртелик кылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG