Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Ал-Азхар университетинин адиси кыргызстандыктарга динден сабак өтөт


Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Ахмед Махмуд ал-Шариф. 5-декабрь, 2016-жыл. Бишкек.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Ахмед Махмуд ал-Шариф. 5-декабрь, 2016-жыл. Бишкек.

Белгилүү дин аалымы, Египеттеги Ал-Азхар университетинин өкүлү шейх Ахмед Махмуд ал-Шариф кыргызстандыктарга динден сабак өтөт. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, диниятчы 5-декабрда Бишкекке келди.

Салттуу исламдын баалуулуктары, терс агымдарга азгырылбоонун жолдору тууралуу Бишкек жана Ош шаарларында медресе мугалимдерине жана студенттерге ушул апта ичи тренинг уюштурулат. Окууда радикализм, экстремизм маселелси талкууланып, кыргызстандык мусулмандардын көпчүлүгү карманган Ханафий мазхабынын жол-жоболору талкууланат.

Бул тренинг Кыргызстанда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик концепцияны ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга бекитилген өкмөттүк иш-чаралардын алкагында уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG