Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Э. Байсалов: Кыргызстанда кандуу диктатура орноду


Учурда чет өлкөдө жашап жаткан саясатчы, Cоциал-демократтар партиясынын мурдагы жоопту катчысы Эдил Байсалов Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөргө, адам укуктарынын жагдайына байланыштуу телефон аркылуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.


- Эдил мырза, Кыргызстандын учурдагы саясий абалына кандай баа бересиз?

- Эми албетте, биздин Кыргызстанда толук бир үй-бүлөлүк бийлик орнотулду десек болот. Бул авторитардык гана режим эмес, бул толук бир диктатура деп бааласак болот. Анткени Конституцияны толугу менен бузуп, президенттик шайлоону абдан бурмалап өзү гана бийликти колуна албастан, толугу менен өзүнүн уулуна өткөрүп бергени бул чыккынчылык деп баалайм.
Президент Конституцияны бузуп, бийликти өзү гана колуна албастан уулуна өткөрүп беришин чыккынчылык деп баалайм.

Эң биринчиден, элди урматтабай өзүнүн уулун, өзүнүн үй-бүлөсүн элден өйдө койгон киши Кыргызстанга эч качан жакшылык алып келбейт. Беш жылдан бери Кыргызстандын байлыгын толугу мнене уулуна өткөрүп берген адам эми кыргызча сүйлөбөгөн, кыргыз элин тааныбаган адамга эми бийликти толугу менен өткөрүп берип турганын мен Конституцияны сыйлабастык катары баалайм.

- Фридом Хаус уюмунун 2009-жылдагы иликтөөсүндө Кыргызстан жарым-жартылай эркин дегенден эркиндиги чектелген өлкө деген сапка илиниптир. Иш жүзүндө ушул баалоо канчалык адилет деп ойлойсуз?

- Мен бул уюмдун баалоосу менен макулмун. Өзүңүздөр билесиздер, 2000-жылга чейин биз демократиялык өлкө деп бааланып келгенбиз. Акаевдин башкаруусунун акыркы жылдары дагы демократиясы чектелген, эркиндиги чектелген өлкө дегенге айланганбыз. Бул 2005-жылы эмне менен бүткөнү баарыңыздарга белгилүү.

Буга чейин эл аралык коомчулук акыркы учурда Кыргызстанда демократиялык революция болду, авторитардык бийлик кулады деген үмүттө болсо, ал ушул уюмдун баалоосу менен аяктады. Мындан кийин эл аралык коомчулуктун саясаты дагы өзгөрөт. Анткени ушуга чейин батыш-чыгыш өлкөлөрү дагы деле болсо ишенимин жоготпой турган.

- Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды. Айрымдар бул саясий куугунтук десе, ошол эле учурда Исаков кылган кылмышы бар үчүн жоопко тартылды деп айтып чыккандар да бар. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Албетте, бул туура эмес чечим. Исмаил Исаковду Кыргызстандын тарыхында эң мыкты коргоо министри деп атасак жаңылышпайбыз. Исмаил Исаков генерал катары гана эмес, депутат андан кийин министр болуп жүргөндө дайыма элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн адам катары белгилүү.
Кыргызстандын бийлиги оппозициянын кайсы гана түрү болбосун кескин террордук мамилеге өтүп алды


Белгилүү болгондой бул кишинин жылдызы Аксы окуяларында жанган. Анткени ушул киши Аксы окуясы учурундагы видеону таап, аны жарыялап, ал болсо аягында Акаевдин бийлигин кулатууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Эми тагдырдын тамашасы менен авторитардык логиканы карабайсыздарбы – жанагы Аксы окуясына күнөөлүү болгон Чубак Абышкаев кайра Бакиевдин учурунда Исмаил Исаковго сот болуп жатат. Мына эмесе кыргыз элим, ким кимди соттоп жатканыны баалап көрүңүздөр.

- Батышта чыккан «The Economist» журналы “Жоогазын талааларын кара булут айланууда” деген аталыштагы макала жарыялады. Ал макалада сиз “Кыргызстандын бийлиги оппозициянын кайсы гана түрүнө болбосун кескин террордук мамилеге өтүп алды” деп айыптап жатасыз. Эмне себептен ушундай көз карашты кармануудасыз?

- Биз мына биринчи эмес, экинчи авторитардык башкарууну башыбыздан өткөрүп жатабыз. Соңку Акаевдин режими, кошуна өлкөлөр менен азыркы башкаруучу режимди салыштырууга мүмкүнчүлүк бар. Биз мынчалык мыкаачы режимди көрө элек болчубуз. А. Атамбаев, Р. Отунбаева айтып жүргөн Кокон хандыгынан бери мынчалык мыкаачылык болгон эмес.

Мынча журналист, мынча саясатчы же бийликке каршы көз карашы барлар жок болгон эмес. Ошондуктан, кескин террор дегеним, азыр Кыргызстанда толугу менен диктатура орнотулду. Муну баары эл аралык коомчулукка белгилүү, анын артында ким, кайсы адамдар кимге кандай буюртма берип жатканы толугу менен ачык эле белгилүү.
Бакиевдердин режими кандуу диктатурага айлангандыгы далилденди

Тилекке каршы, мындай маалымат менен чет өлкөдөгү миллиондон ашуун кыргызстандыктар өлкөнүн ичиндегилерге караганда жакшы кабардар. Ал эми Кыргызстанда биздин жарандарга, мекендештерибизге, ал тургай Бишкек менен Оштун тургундарына маалымат жетишпей жатат.
Өлкөдө кырдаал эмне болуп баратканы, миллиарддаган өлчөмдөгү коррупция болуп жатканы, канчалык Конституция тебеленип-тепселип жатканы мекендештерге белгилүү болбой жатат. Муну учурдагы Кыргызстандагы эң өкүнүчтүү шарт деп айтаар элем. Бакиевдердин режими кандуу диктатурага айлангандыгы далилденди.


Эми акыркы учурда Кыргызстан көңүл чөгөрөрлүк кабарлар келе турган өлкөгө айланып баратат. Кыргызстан жөнүндө дагы бир саясатчыны, же журналистти өлтүрүп кетти деп гана кабарланаарын мына четте жүргөн кыргызстандыктар, биз билебиз. Бул бизге эч качан аброй алып келбейт, тескерисинче эл аралык аброюбузга шек келтирип жатат. Азыркы бийлик журналистти өлтүрө алат, дагы бир канчасын өлкөдөн айдап чыга алат, бирок XXI кылымда сөз эркиндигин эч качан бууй албайт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG