Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Т. Жумабекова: Тергөөчүлөрдү ыйлатпай, жүгүн жеңилдетүү зарыл


Жогорку Кеңеш Кылмыш-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун тегерек үстөлдө талкуулаган турат. Бул долбоор тергөөгө чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүүчү институтту кайра калыбына келтирүү максаты менен иштелип чыкккан. Бул маселени “Азаттыкка” мыйзамдын демилгечиси, ЖК депутаты Турдукан Жумабекова чечмелеп берди.

- Ушул институтту кайра кайтаруунун кандай зарылчылыгы келип чыкты?

- Бүгүнкү күндө 1999-жылкы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин азыркы колдонуудагы редакциясы кабыл алынганга чейин бүт кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү, териштирүүлөрдү жүргүзүү, милициянын участкалык инспекторлору, алгачкы териштирүү органынын оперативдик жана башка кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылып турчу. Ошону менен бирге эле анчалык оор эмес кылмыштар оордугу азыраак кылмыштардын айрым категориялары боюнча тергөө жүргүзүлүп, алгачкы териштирүүлөр камсыз кылынчу.

1999-жылы кабыл алынган Жазык-процесс кодексинин негизинде бүгүн бүт жүктүн баардыгы тергөөчүлөргө жүктөлүп калган. Мурунку алдын ала тергөөдө алар 74-статья менен иштеген. Жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин тергөөнүн негизги иштеринин баары калып калып эле, тергөөчүлөр арыздарды, билдирүүлөрдү кароо менен отурушат. Алардын мөөнөтү да 3 күндүк, кээ бир убактарда акыркы 10 күндүк мөөнөттүн ичинде чечиш керек. Ошондо булардын тергөө иштеринин баары калып калып эле, тергөөчүлөр ушунчалык ыйлай турган акыбалда болуп атат.

-Тергөөчүлөрдүн негизги иши деп кайсылар эсептелет?

- Негизги иши - кылмыш иштерин иликтөө, тергөө, экспертизалык тергөө кыймылдарын аткаруу болуп эсептелет. Булар болсо материалдарды, билдирүүлөрдү, арыздарды, териштирүүлөрдү карап, чогулган материалдарга карата чечим чыгаруу менен алек болуп, негизги иштеринин баардыгы калып калып атат. Бүгүнкү күндө ар бир тергөөчү жылына 90 кылмыш ишине тергөө жүргүзүш керек. Ал тергөө иштери калып калып эле, оор кылмыштарды ачууда, майда-барат иштерге көбүрөк алагды болуп калат экен.

- Бул институт үчүн, албетте, каражат талап кылынат да, аз эмес каражат болуш керек. Себеби ар бир райондук, облустук мекемелердин баардыгына талап кылынат да бул. Канча каражат талап кылынат экен, экспертизадан өттү беле?

- Биз каражат деп отурганда тергөөдө иштей турган киши калбай калды, жаштар келип атат дагы, качып кетип атат. Алар иштин оордугун көрүп, мөөнөттүн аздыгын көрүп, кыйынчылыктарга дуушар болууда. Азыркы учурда милициянын жогорку мектебин бүткөн гана адистер кабыл алынып атат, азыркы токтом боюнча. Ал балдар бүгүн келип алып эле ишти алып кеталбайт. Мурунку тажрыйбасы бар тергөөчүлөр өзүнүн ишин таштап коюп эле кайрадан аларды окутуу менен алек болуп атат.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Өкмөттүн жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен кошумча штаттык бирдикти табууну талап кылбайт. Эгерде андай материалдык чыгым кылсак, бул мыйзамыбыз өтпөйт. Анткени азыр өзүбүздүн бюджеттик капчыгыбызга жараша болуп атат бардык нерсе.

- Негизи каражат эсептеле элек турбайбы?

- Жок, каражат талап кылынбайт. Анткени ошол эле милициянын участкалык инспекторлоруна, алгачкы териштирүү органдарынын оперативдик кызматкерлерине бул жүк жүктөлөт. Ички иштер министрлигинин өзүнүн ичинде резервдери болот. Ошонун негизинен анча-мынча ички аскерлерден жана башка штаттарды кыскартат дагы, көбүнесе милициянын участкалык инспекторлоруна алгачкы териштирүү орган катары оперативдүү жана башка кызматкерлерге жүктөлөт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG