Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Өткөн жылы Соттор кеңеши кесиптештеринин жоопкерчилиги тууралуу 86 ишти караган. 19 сот мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган. Биртоп сотторго сөгүш жарыяланып, эскертүүлөр берилген.

Жогорку сот төрагасынын парламенттеги жылдык отчетун талкуулоодо кылмыш, жарандык, экономикалык иштерди териштирүүдө толгон-токой мыйзам бузууларга жол берилери, андай соттордун көбү жоопкерчиликтен сырткары калып жатышканы белгиленди.

Жыл өттү, жыйынтык жок

Төрөт үйүнөн балдарды чет элдиктерге сатууга байланышкан кылмыштуу иштер соттордун колу менен жаап-жашырылып келгени мындан бир жыл илгери маалымдоо каражаттарында кыйла уу-дууга арзыган. Ошол ишке тиешеси бар делинген кызмат адамдарынын катарында аты аталган Токмок шаардык сотунун төрагасына кандай чара көрүлгөнүнө кызыккан депутат У.Ормоновдун суроосуна Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиева кыскача жооп узатты.

- Токмок шаардык сотунун төрагасы башка сотторго караганда көбүрөөк караптыр. 62 иш.

Улукбек Ормонов: - Ал киши азыр иштеп атабы?

Жаңыл Алиева: - Иштеп атат.

Улукбек Ормонов: - Ошол ишти биз карагандан бери бир жыл болду. Андан бери эч кандай чара жок.

Жогорку сот төрайымы 2006-2008-жылы каралган иштердин үстүнөн арыздануу убагы өтүп кеткенин, ошол себептүү мыйзам бузууларга барган сотторго эч кандай чара көрүлбөгөнүн билдирди. У.Ормонов Бишкек шаарындагы балдар үйүндөгү наристелерди сатууга Токмок шаардык сотунун төрагасы чечим чыгарып берип жатса, аны эмнеликтен дагы бир жыл кызматта кармап отурушуна түшүнбөстүгүн айтуу менен тим болду.

Жаңыл Алиеванын таасирдүү каты

Парламент талкуусунда ошол эле Ж.Алиеванын өткөн жылкы катына таянып өзүнө ишеним артпаган чакта деле соттор териштирүүлөрдү улантып жатышканы айтылган жок. Ошондой укуктук чиеш маселенин айынан ушул жылдын 19-февралында И.Исаковдун аппеляциялык арызын караган Кыргызстандын аскер сот коллегиясы өтүнүчтөрдү четке кагып, өкүмдү айыпталынуучу менен адвокаты жок залда окуган. Кыргызстандын аскер сотунун орунбасары Тилек Абдырашитов өтүнүчтөрдү четке кагууга Ж.Алиеванын каты негиз бергенин айтат.

- Анткени Жогорку соттун каты бар. Ишенбөөчүлүк боюнча аныктаманы арыздануу иштин мааниси боюнча карагандан кийин иштин материалдары менен чогуу кийинки инстанцияга жиберилип ошол жактан каралышы тууралуу чечимдери бар. Ошол боюнча Жогорку соттун катынын негизинде четке кагылат.

А бирок ошол катка таянылып чыгарылган өкүм негизинде 8 жылга эркинен ажыратылган И.Исаковдун арызын сот уккан жок.

- Кат мыйзам эмес, мыйзамды сиз билесиз, кат эч качан мыйзам болгон эмес. Мыйзам деп Конституцияны айтат, конституциялык мыйзамды айтат, мыйзамдарды айтат, буйрукту айтат, токтомду айтат.


Жогорку Кеңешке жааган каттар

Мындай арыз-армандар, соттордун иш билбестигинен, мыйзам бузуулардын айынан эчен тагдырларга балта чабылып жатканы тууралуу арыз каттар Жогорку Кеңешке да жаай баштаганын “Акжол” фракциясынын мүчөсү, депутат Галина Куликова маалымдады.

- Биздин соттордун иш билбестигинен, мыйзам бузууларынан жабыркаган, алардын үстөмдүгүнөн коргоп калуу жөнүндө арыз-арман, ый, боор ачыткан өтүнүчтөр толтура. Ушу азыр биздин соттордун айынан болуп жаткан үрөй учурарлык көрүнүштөр толтура. Минтип айтканым үчүн кечирим сурайм, бирок каттарда ошондой жазылган.

Кыргызстанда соттордун чечими менен террорчу деп кармалгандардын боштондукка чыгарылышы, териштирилчү кылмыш иштердин төрттөн биринин артка кайтарылышы, азыркы бийлик атаандаштарын сот колу менен жазалоонун күчөп баратышы - сот бийлигинин коомдук кадыр-баркын түшүргөн көрүнүштөрдүн толук эмес тизмеси ушундай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG