Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Парламенттик республика: биринчилик жоопкерчилиги


Орусия президенти парламенттик башкаруунун элдешкис сынчысы
Орусия президенти парламенттик башкаруунун элдешкис сынчысы

Ярославлдагы саясат таануучулар жыйынында президент Д.Медведев Кыргызстан менен Орусияга парламенттик демократия жарабастыгын, бул жол кыйроого алып бара тургандыгын эскертти.

Кыргызстандын башкаруу системасынын өзгөрүшү ошентип стратегиялык өнөктөшүнүн кескин сынына кабылды. Башкаруунун парламенттик жолу эки өлкөгө жарабастыгын орус президенти буга чейин деле билдирип келген.

Акырын, араба аңтарылып кетпесин

Орусия президенти Ярославлдагы жыйында ушу тапта орус коомдук өнүгүү ыргагы дурус дегидей калыпка түшүп калганын белгиледи. Аны дагы ыкчамдатып жиберсе калтыс бурулушка келгенде автоунаа оодарылып калышы мүмкүн экендигин эскертти. Антип ара жолдо аласалып кетмей орус тарыхында буга чейин болуп келгенин ырастап, мындайда ашыгыштын кажаты жок экенине токтолду.

- Албетте, башка саясий системаны да элестетип көрсө болот. Маселен, Орусияга парламенттик демократияны киргизүүнү. Мына биздин кыргыз досторубуз ошондой жолго түштү. Бирок мен ачык эле айтып коеюн, Орусия үчүн, анан да чочулаганым Кыргызстан үчүн деле, бул кыйроо.

Орусия президенти парламенттик демократия өтөле опуртал тайгак жол экенин айтып, жарандар эркиндиги дегенге келгенде чекти өтөле бийик койбой, мамлекетти дагы бир жүз жылдыкка артка таштап салчу андай багыттан азырынча алыс турууну жактыра тургандыгын ырастады. Анын айтуусунда, боштондуктун чегин аныктоо кыйын.

Кыргызстан тандап алган жолду коңшу өлкө жетекчилеринен Орусия президентин колдоп, ортодон чыга калып сынга алгандар азырынча чыга элек. Айрым маалымдоо каражаттарынын жазганына ишенсек, расмий Бээжин Борбор Азия республикалары өзгөлөрдүн көзүн карабай өз алдынча саясат жүргүзүшү керектигин, бул каалоо-тилек Кыргызстанга өзгөчө тиешелүү экенин билдиргени болбосо парламенттик демократия Борбор Азияда чоң сынга кабыла элек.

Муздак сууну кечиш кыйын

Башкаруунун парламенттик жолуна түшүү Кыргызстандын өзүндө деле жаздан бери чоң талаштан башы чыкпай келатат. Жалаң партиялардан куралган парламенттин бир пикирге келип курама өкмөт түзүшү кыйын болору, ар кошкон партиялардын мунасага келиши созулуп кетсе андан өлкө экономикасы, социалдык турмушу зыян тартары, бул өз кезегинде чоң наарызылыктарды жаратышы мүмкүн экендиги айтылууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Анаш Сейитказиев башкаруунун кандай жолун тандап алууну өлкө калкы өзү чечиши керек, деген пикирде.

- Бизди да тиги сом киргизип атканда тигилер айтпады беле “булар шашып атат” деп. Анан баштап алдык мына болуп атат. ВТОго киргенде “булар эрте кирип алды” деп эми өздөрү кире албай жатышат. Анан ар бир мамлекет башка бирөөлөргө сын пикир айтпаса. Бул өзүбүздүн ички иштерибиз го. Сырттан таңууланбаса жакшы эле болмок.

А Сейитказиев парламент шайлоодо утуп алган партиялардын программасы менен элдин көбү тааныш эместигин, дегинкиси жаңылыкка калк даяр деп айтышка али эртелик кыларын белгилейт.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин пикиринде, Орусия президентинин позициясы эң туура.

- Кептин мааниси башкаруу формасынын тууралыгына байланышкан жери жок. Атүгүл монархизм деле дурус дегидей жыйынтыктарды бериши ыктымал. Буга чейин айтып келгендеримди дагы кайталап коеюн. Баары даярдыкка байланышкан. Батыштын парламенттик башкаруу формасын биздин республикадагы жердешчилик, уруучулук-кландык бөлүнүштөргө кантип айкаштыра алабыз? Мына ушуга келгенде бизде такай тирешүүлөр боло берет.

Э.Карабаевдин ырасташынча, саясий атаандаштыкка чыккан партиялардын өзү деле чоң өзгөрүүгө даяр эмес. Калктын көбүнө саясий партиялардын программасы тааныш эмес, караламан көпчүлүк партия баштыгына карап добуш берүүгө ыктап алган. Өңгөдөн да уруулук-кландык, жердешчилик сезимден өйдө көтөрүлө электе өлкөгө дагы бир саясий экспериментти баштоонун кажаты бар беле, суроосу азырынча ачык калууда. Ошондон Кыргызстандын жаңы саясий модели өнөктөштөрү алдында “чоочун короого кирип калган жат эчкидей” өзүн ыңгайсыз сезүүдө. Парламенттик демократияны жактоочулар башкаруунун президенттик ыңгайы эки ирет өлкөнү калтыс абалга кептелтип, жыйынтыгы үй-бүлөлүк, кландык башкарууну күчөткөндөн башкага жарабаганын айныксыз жүйөө катары алдыга жайышат. Иши кылып, Кыргызстан тандап алган башкаруу ыңгайын жактоочуларга караганда азырынча сындагандар арбын болууда.

XS
SM
MD
LG