Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Өткөн жылы Эсеп палатасы 4 миллиард ашуун сом бюджеттик акчалар ыксыз сарпталганын, анын кыйласы уурдалып-тонолуп жок болгонун ачып чыкты. Жыл сайын кайталанып келаткан бул көрүнүш көпчүлүк үчүн жаңылык деле эмес.

Болгон айырмасы - бюджеттик акчаларга ээ чыккандардын арымы жыл санап чоңоюп баратканы. Аны Эсеп палатасынын соңку эки жылдык отчету да ырастады.

Май кармаган бармагын жалайт

Өткөн жылы каржы мыйзамына кайчы келген тартип бузуулардын өлчөмү 4 миллиард 188 миллион 88,2 миң сомго жетти. Бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгү көбөйгөнү казыналык акчаны ортодон бөлүп кетүү фактылары да арбууда. Мыйзам коргоо органдарына 168 иш өткөрүлүп берилген, алардын ичинен 27 киши сотттолуп, 40 адам кызматынан бошотулган. Анткен менен мыйзам коргоо органдарына берилген иштердин көбү каралбай, бюджеттик акчаларды кымтып алгандардын дээрлик баары жазасыз калышарын парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Галина Скрипкина так эсептерге такап минтип белгиледи.

- Каралбай калган, козголбой калган, токтотулган иштердин саны 2009-жылдын 1-январына карата 491 жетет. Ал эми 2009-жылдын 31-декабрына карата каралбай калган иштердин саны 505.

Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гайыпкулов бюджеттик акчалар көбүнесе материалдык сатып алуулар учурунда, курулуш-монтаж иштерин аткаруу кезинде көбүрөөк уурдаларын белгиледи.

- 2009-жылы ачылган 418,9 миллион сомдун 137,3 миллиону ордуна коюлду. Бул уурдалган, кымтылган акчалардын 41,5%.

Бармак басты, көз кысты

Бюджеттик акчаларды кымтып калуунун кыныгын алган жооптуу кызмат адамдарынын жазага тартылышы кыйын экенин Кыргызстандын башкы прокурорунун орунбасары Кубанычбек Асангелдиев деле жашырган жок. Анын болжолунда, мыйзамдын эреже-талаптарын бузган жетекчилердин жоопкерчиликтен сыртта калышы биралдын мыйзам сактоо кызматкерлери менен келишүүчүлүктүн натыйжасы болушу деле ыктымал.

- Мүмкүн андай да, мындай да фактылар болушу ыктымал. Мына Эсеп палатасы акча кандай жок кылынганын бөлүп-бөлүп көрсөтүптүр. Аудит текшерүүнүн жыйынтыгындагы “уурдоо, кемип калуу” деген сөздөрдөн этият болушса. Бул сөздөр укукчуларга, тергөөчүлөргө, айыптоочуларга көбүрөөк жакын.

Анткен менен бюджеттик акчалардын сарпталышын текшерүүчүлөр 34 миллион сомдук дан материалдык резервдер фондунун кампасында жок болсо, бухгалтердик документтерди көргөндөн кийин эсепчилер аны “уурдоо” деп эле жазышарын Эсеп палатасынын төрагасы И.Гайыпкулов ырастады. Ушул эле ойду парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов да белгилеп, мыйзамды так сактаган мамлекеттик мекемени азыр табыш кыйын экенине токтолду.

- Каалаган ведомстукту алыңыз. Уурдоо, максатсыз жумшоолор, жетпей калуу. Уурдоо, максатсыз жумшоо - дагы ушинтип кете берет. Мисалы, “Кыргызкино” . Кайсы бир иш-чарага 1 миллион 700 миң сом сарпталары белгиленген. 3 миллион 154 миң сарпташкан. Максатсыз жумшалганы 1 миллион 400 миң. Анан да 1,7 миллион сомун кайсы бир Голливуд жылдызы Елгашев дегенге паспорту, эч нерсеси жок эле берип коюшкан.

Экономикалык оорчулуктун айынан оңоло албай келаткан чыгармачыл мекеменин мисалы катардагы көрүнүштөрдүн бири гана. Эсеп палатасы алардын ар биринин миңдеген, миллиондогон сомдорду кантип, кандайча сарптаганын ачып чыгат. Козголгон иштердин азыноологу сотко жетип, калганы кызматтан бошотулуп же эскертүү алып, ошону менен маселеге чекит коюлат. Аны өткөн жылы 566 адамдын тартипке чакырылышы деле көрсөтүп бере алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG