Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Мугалимдердин майрамдык форуму


6-октябрда Бишкекте билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган республикалык форум өтөт. Анда сынак-конкурстарда жеңип чыккан алдыңкы мугалимдерге, алдыңкы мектептерге сыйлыктар тапшырылат.

Соңку он жылдан бери токтоп калган чыгармачыл сынактар мугалимдердин турмушунда быйыл кайрадан жанданды. Сентябрдын экинчи жарымында уюштурулган сынактар «Мыкты мугалим», «Мыкты мектеп, «Билим берүүнүн башкаруунун мыкты органы», «мыкты спорттук зал», «Мыкты спорттук аянтча» аталыштары боюнча өткөрүлдү.

Сынакты уюштурууга мамлекеттен төрт миллион сомдон каражат бөлүнүп, жеңүүчүлөргө кеминде 100 миң сомдон сыйлыктар каралган. «Мыкты мугалим» атагын алган мугалимге 150 миң сом сыйлык коюлган. Аталган конкурс-сынактардын жеңүүчүлөрү сыйлыктарын 6-октябрда боло турган майрамдык форумда мамлекет башчынын өз колунан алышмакчы.

Мурдагы билим берүү министри, Кыргызстандын Эл мугалими, «Жыл мугалими» сынагынын калыстар тобунун мүчөсү Мукаш Базаркуловдун айтымында мугалимдерге материалдык жактан камкордук жетиштүү болбой жаткан чакта мындай иш чаралардын моралдык колдоо катары мааниси чоң.

Мурдагы министр совет учурунда мугалимдерге мамлекет тарабынан камкордук болуп, жакшы эмгек акы төлөнүп, отун-суудан жеңилдиктер берилип келгенин баса белгилеп, ал түгүл СССРдеги эң жогорку наамга көрсөтүлгөн кыргызстандык мугалимдер да болгонун жылуу эскерет:

-Мугалимдин 18 саат бир ставкасы 120 сом (рубль), азыркыча алганда 120 доллар болчу. Кыргызстандык мугалимдерден ичинен эки мугалим - Ат-Башы районундагы Кызыл-Дыйкан мектебинен Апыш Койчуманов жана Кочкор районундагы Чоң-Дөбө орто мектебинен Көкөбай Мамбеталиев Социалисттик Эмгектин Баатырлары болушкан.

Кыргызстан эгемен жашоого өткөнү мугалимдерге мамлекеттик колдоо талаптагыдай болбой калды. Отун-суудан жеңилдиктер жоюлуп, эмгек акынын өлчөмү башка тармактагыларга салыштырмалуу төмөн бойдон келатат. Ошол себептүү үч миңден мугалим жетишпеген көрүнүш жыл сайын кайталанып келатат. Мектептерге жаштардын тартылышы солгун, көбүнчө иштеп аткандар эски муундун өкүлдөрү. Пенсияга чыгып иштеп аткан дагы мугалимдер бир кыйла.

Сайкалов Саидбуркан Баткен районундагы Ж. Турусбеков атындагы мектепте көп жыл иштеген педагог, Кыргызстандын эмгек синирген мугалими. Ал атайы мугалимдердин форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген экен. Элеттик педагог соңку жылдары мугалимдердин проблемаларына мамлекет көңүл бура баштаганын билдирди:

- Мындан төт-беш жыл мурда мугалимдер өзүнүн кызматынан четтешип, өзүнчө эле акча жыйноочу адам катары эсептелинип калган эле. Мектеп ремонту жана окуу китебине акча жыйноо маселеси боюнча мугалимдер бир тилемчи болуп калган элек. Соңку жылдары бул тоскоолдуктар жоюлуп, мугалимдер менен элдин ортосунда байланыш күчөдү. Элет жериндеги мугалимдер окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берүүнүн үстүндө талыкпай иштеп жатабыз.

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жаштарды тартуу максатында «Жаш мугалимдин депозити» программасын ишке киргизген. Сынак менен тандалып алынып, үч жыл катары менен мектепте иштеген жаш мугалимдер орточо алганда колуна 75 миң сом өлчөмүндө кошумча акча алууда. Бирок бул программа деле мугалимдер тартыштыгын жоюп жиберген жок.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги быйыл биринчи жолу педагогикалык адистиктерге максаттуу түрдө кабыл алууну баштады. Жергиликтүү бийликтин жолдомосу менен келген жаштар мугалимдик кесипке мамлекет эсебинен окуп, окууну бүткөндө кайра мектепке барып иштөөгө милдеттендирилүүдө.
XS
SM
MD
LG