Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Кыргызстанда саат 11ге карата шайлоочулардын 3,35 пайызы добуш берди


Добуш берүү.
Добуш берүү.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга саат 11ге карата 95 миң 630 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 3,35 пайызын түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Баткен облусунда шайлоочулардын 2,89 пайызы, Жалал-Абад облусунда 2,8 пайызы, Ош облусунда 3, 45 пайызы, Нарында 3,20 пайызы, Ысык-Көл облусунда 3,34 пайызы, Чүйдө 3,33 пайызы жана Бишкекте 4,33 пайызы добуш берди.

БШКнын төрайымынын маалыматы боюнча, добуш берүүдө эң активдүүлүктү Ош облусунун шайлоочулары көрсөтүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG