Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Депутат Масалиев добуш сатып алуу жүрүп жатканын билдирди


Саясий партиялар шайлоочулардын добушун сатып алууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Ишенимдүү адамдар мага айтышты. Аларга 500, 1000 сомдон сунуш кылышыптыр. Добуш сатып алуу жүрүп жатканы - факт» деди депутат.

Масалиев "Өнүгүү-Прогресс" да добуштарды сатып алып жатканы тууралуу интернеттеги социалдык түйүндөрдө айтылып жаткандарды четке какты.

XS
SM
MD
LG