Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

Кыргызстандын 4 миллион ашуун калкы уюлдук телефон байланышын пайдаланат. Алардын жыл бою сүйлөшүүлөрү 250 миллион ашуун долларды түзөт.

1-февралдан тарта байланыш кызматын көрсөтүү акысы дагы 60 тыйынга көтөрүлүп, экономикалык кризис тушунда иши өзгөчө жүрүшкөн компаниялардын капчыгын дагы кампайтканы турат.

60 тыйын деле чоң акча

Жылдан-жылга кирешеси арбып бараткан уюлдук байланыш компанияларынын 1-февралдан тарта кызмат акысын 60 тыйынга көтөрүшү артынан толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратты. Өткөн жылдын 30-декабрында мамлекеттик байланыш агенттиги “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун тармактары аркылуу байланышты камсыз кылуунун акысы 0,09 центтен ашпашын милдеттендирген буйругун чыгарган.

Агенттик директири К.Кыдыралиев 0,09 цент уюлдук байланыш операторлору кызматы үчүн мындан ашык баа коюшка укугу жок экенин ырастап, жеке менчик байланыш компаниялары бааны кандай көтөрүүнү өздөрү чечишке укуктуу экенин билдирүү менен тим болду.

Эмнеликтен кирешелүү уюлдук байланыш компаниялары бир күндө, бир убакка бааны 60 тыйынга кымбатташынын себеп-жөнү көпчүлүккө табышмак боюнча эле калды. Азырынча “Megacom” , “Beeline”, “Fonex” уюлдук байланыш компаниялары кызмат акыны 60 тыйынга көтөрүп, калган “Nex”, “Katel” баа көтөрүштү чечише элек. “Fonex” уюлдук компаниясынын кызматкери Сергей байланыш кызматына 1-февралдан тарта 60 тыйын кошулганын ырастады.

- Гезиттерде жазып жатышпайбы, ошондой болуп жатат. Кошуп бергенибиз үчүн 60 тыйын алабыз.

“Katel” уюлдук байланыш компаниясынын кызматкери Елена Евсюкова 60 тыйын азырынча кошула электигин маалымдады.

- Компания кошкону үчүн азырынча акча албайт. Кийин болуп калса кардарларды кабардар кылабыз. Азыр бардык компаниялар акча алып жатышат.
Биз андан баш тарттык.

Ушундай эле позицияны “Nex” компаниясы да карманууда.

Акчанын артындагы кызыкчылык

Экономикалык кризис шартында деле иши жүрүшүп жаткан ийгиликтүү тармактын байланыш агенттигинин кезектеги буйругунун сыясы жакшы кургай электе чөнтөк телефон көтөргөндөрдүн нааразылыгын пайда кылган жаңы тарифтин артында кайсы таасирдүү күчтүн кызыкчылыгы баш багып турганын көпчүлүк боолголоп, анысын Интернет айдыңындагы пикир алышууларга жаадырууда.

Парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуевдун ырасташынча, уюлдук байланыш компаниялары экономикалык кызыкчылык үчүн ичара биримдикке келе алышты.

- Бирөөлөрүн алдаган, бирөөлөрүн коркуткан, бирөөлөрү менен болсо тил табышкан. Ушундай бир тариф орнотуп алсак баарыбызга пайдалуу дегендей кылып.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Дамира Ниязалиеванын эсебинде, 60 тыйындын арты менен күнүнө он жолу телефон чалган адам 6 сом, бир аптада 42 сом, айына 180 сомго кошумча чыгым болот.

- Эми ушул 180 сомду 4 миллион 100 кардарга, уюлдук байланышты колдонгондорго көбөйтсөңүз бир айда 17 миллион доллар түшүп жатат.
Аны кайра он экиге көбөйтсөңүз бир жылда 200 миллионго чейин жалаң ушул тарифтен түшөт.

Антип орточо эсептин артынан чыга келген миллиондорду эсептеп чыгышка ашкан акылдын деле кереги жок. Каражат табуунун кыныгын ала баштагандар үчүн уюлдук байланыш компанияларынын укмуштуу акчасы эле эмес, жыл аягында дайынга чыкчу энергетикалык компаниялардын кирешеден алынчу салыгын эмитен ай сайын өндүрүп алуу маселесин башка бирөө эмес өкмөт башчынын өзү коюп олтурат.

Анын баары Өнүгүү фондуна, реалдуу экономиканы өнүктүрүүгө жумшалары байма-бай айтылууда. Өлкөнүн экономикалык стратегиясына жоопкер борбордук агенттик менен анын алдындагы фонддон азырынча дымактуу билдирүүлөр менен демилгелер эле чыгып, оңор эмес каражаттардын көбү күргүштөлүп ошол жакка бурулууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG