Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Eвробиримдик: өлүм жазасына жол жок


Элчи Норберт Жюстен
Элчи Норберт Жюстен

Еврошаркет дүйнө өлкөлөрүн өлүм жазасынан баш тартууга үндөөдө. Кыргызстанда болсо өлүм жазасын кайра киргизүү кызуу талкууланууда.

Учурда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын баш мыйзамынан өлүм жазасын колдонуу алынып салынган. Казакстанда кылмыштын айрым түрлөрүнө карата гана колдонуу каралса, Тажикстанда өлүм жазасына мораторий коюлган.

Еврокомиссиянын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Норберт Жюстен “Азаттыкка” постсоветтик беш өлкө бул багытта гумандуу саясатын улантып, жазанын эң жогорку түрүнөн толугу менен баш тартаарына ишенимин билдирди.

Азаттык: - Элчи мырза, жакында эле Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өлүм жазасын колдонуу маселеси көтөрүлдү. Кыргыз бийлиги жазанын мындай түрүн кайра киргизиши ыктымал деп ойлойсузбу?

Н. Жюстен: - Бизге жеткен маалыматка караганда, Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууну баш мыйзамга киргизүү кайсы бир адамдар тарабынан көтөрүлгөн. Ошол эле учурда бул расмий бийликтин демилгеси жана иш мындан ары колго алынат деген эч кандай так көрсөткүч жок.

Азаттык: - Кыргызстанда айрымдар өлүм жазасын кылмыштын кайсы бир гана түрлөрүнө карата колдонуу керек десе, дагы бирөөлөр ал үчүн көз карандысыз сот системасы зарыл деген пикирлер жаралууда. Сиздин оюңуз кандай?

Н. Жюстен: Евробиримдик дүйнө жүзүндө өлүм жазасын колдонууга каршы чакырык баштаган. Еврокошуундун бардык мүчөлөрү өлүм жазасын алып салышкан. Бул демилгеде биз жалгыз эмеспиз, дүйнөнүн токсон төрт өлкөсү өлүм жазасынан толугу менен баш тартышкан. Кырк беш өлкө болсо жазанын бул түрүнө мораторий жарыялаган, же айрым гана кылмыш түрлөрү үчүн колдонот.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абалды оң жактуу баалайбыз. Үч өлкө өлүм жазасын такыр алып салса, Казакстан өтө чектелген учурларда гана колдонот. Тажикистанда болсо убактылуу чектөө коюлган. Биздин көңүлдүн борбору өлкөлөр өлүм жазасынан толугу менен баш тартуусуна бурулган. Айрым өлкөлөрдүн баштапкы абалына кайтып, жазанын бул түрүн колдонууга баруусу – жагдайды оңдоого жардам бербейт жана адамдын табигый укуктарына каршы келет.

Азаттык: - Өткөөл экономикасы, саясий системасы бар өлкөлөр үчүн өлүм жазасын колдонуу зарыл чара деген көз караштар да бар. Буга кандай карайсыз?

Н. Жюстен: Жок. Такыр кошулбайм. Биздин оюбузча, эгер бирөөлөр өлүм жазасын колдонууну кааласа ага дайым аргумент дагы, себептер дагы табыла берет. Биздин ишенимде, өлүм жазасын толугу менен четке кагуу керек. Анткени, мен башында айтып кеткендей, өлүм жазасы адамдын негизги укуктарына каршы. Иш жүзүндө, мындай жаза кылмыштуулукту азайтууга түрткү боло албаганын көрүп келе жатабыз.

Ошондой эле, туура эмес жазага буюруу, айыпка жыгуу орун алган учурда өлүм жазасына тартылып кетүү эч бир келишпес нерсе болуп эсептелет. Ошондуктан, биз бардык өлкөлөрдү өлүм жазасынан баш тартууга же аны кайры колдонууну киргизбөөгө чакырабыз.

Азаттык: - Элчи мырза, ошол эле учурда, айрым өнүккөн демократиясы бар өлкөлөр деле жазанын мындай түрүн колдонуп жатпайбы. Маселен, АКШнын айрым штаттары бүгүнкү күнгө чейин өлүм жазасына буюрат го?...

Н. Жюстен: - Албетте, биз АКШ менен бул жаатта адаттагыдай эле сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. АКШны дагы башка өлкөлөрдөй эле мындан баш тартууга үндөйбүз. Биз эч кимди тандабайбыз. Өлүм жазасынан баш тартуу жалпы жер жүзүндөгү иш-чара болуш керек.

Азаттык: - Кыргыз абактарында өмүрүнүн акырына чейин кесилген адамдардын абалы оор экени, айыкпас дарттарга чалдыгып жатканы айтылып келет. Еврошаркет бул жаатта Кыргызстанга кандай жардам, колдоо бере алат?

Н. Жюстен: - Биз кыргыз бийлиги менен бул маселеде үзгүлтүксүз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Абактагалырдын шартын жакшыртуу боюнча атайын долбоорлорубуз иштеп жатат. Сиз белгилеп кеткен нерселер тууралуу өтө тынчсызданабыз. Ошону менен катар эле, айрым чектөөлөр бар да. Биз көп гранттык жардам берип, кылмышкерлердин айрым түрүнө жаңы абактарды кура албайбыз. Бирок системаны жакшыртууда кыргыз бийлигинин демилгелерин колдоого, каражат, жабдык жагынан жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Азаттык:
- Кыргызстан өлүм жазасына кайра кайрылуудан баш тартышы үчүн Евробиримдик кандай аракеттерди кылат?

Н. Жюстен: - Кыргыз бийлиги, коомчулук менен жолугушууларда биз бул маселеге өзгөчө көңүл бурабыз. Адам укуктарын коргоо биздин ишмердүүлүктөгү негизги максаттардын бири. Биз аны менен катар эле, бул маселенин айланасында келип чыкчу башка суроолор боюнча дагы кыргыз тарап менен үзгүлтүксүз баарлашууга даярбыз.

Азаттык: - Рахмат, Элчи мырза.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG