Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

“Эл үнү”: Телефон чуусуна эл да кабатыр


“Эл үнү” программасына кайрылган угармандарыбыздын көпчүлүгү маалымат каражаттарына жашыруун делип чыккан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө нааразы болгонун жашырышкан жок. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү болсо ал сүйлөшүүлөрдү четке кагып, эл алдында жашыра турган эч кандай сыр жоктугун айтышууда.

Бишкектин тургуну Кытайбек Ыраманов: -Эгерде бийликтин эки бутагы жараксыз болсо, анда үчүнчүсү дагы жараксыз болушу керек. Тилекке каршы үчүнчү бийлик - сот системасында эч кандай өзгөртүү болгон жок. Учурунда чоң-чоң рейдерлик болуп жатканда сот-прокурорлор жарандардын турак жайларын, жерлерин тартып алышкан. Эмне үчүн булар соттолбойт. Мен жергилктүү соттор кандай экенине жооп бербейм, бирок Жогорку Соттун 80-90 пайыз судьясы соттолушу керек. Ошондо элдин моокуму канып, тынчыйт. Болбосо эл үчүнчү революцияга чыгат. Ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясына сотторду кызматка алуу процедурасын татаалдатып, жоопкерчиликке тартууну өтө жөнөкөйлөтүш керек. Мыйзамды бузган адам президент болобу, сот болобу жоопко тартылышы керек.

Бишкектин тургуну 70 жаштагы Букай апа: -Мен Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кайрылат элем. Кызым, сага
Роза Отунбаева. Бишкек 2010-жылдын 16-майы.
ийгилик каалайм. Мурда сен бир үй-бүлөнүн энеси болсоң, эми бүт кыргыз элинин энеси болуп калдың. Менин айтарым Бакиевдин убагында камалгандардын бары бошотулуп, жалгыз Урмат Барктабасов калды окшойт. Өткөндө өзүң айттың эле “Бакиев кетти, Урмат Барктабасовго жол ачылды, келип акталып, шайлоого бара бербейби” деп. Ушул сөзүң менен кызым, жол ачып берүүңдү кыргыз элинин энеси катары мен сенден суранып кетет элем. Адилет карап берүүңдү өтүнөм.

Ал эми Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болсо бул маселеге байланыштуу ишти Урмат Барктабасов өзү аракет кылышы керектигин айткан.

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан “телефонгейт” окуясы болду. Буга “Эл үнү” программасынын угармандары дагы кайдыгер карашкан жок.

Кинорежисеер Тилек Мураталиев: - Эми булар эл ушундай абалда Убактылуу өкмөткө ишенип-ишенбей турганда телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, бири-бирине оодарып, ар кимиси колунан келишинче актанып жатканы туура эмес. Учурунда Бакиев куугунттукка алганда доспуз деп, бийликке келгенде бири-бирин жамандаганы жакшы болбойт. Эгер минте беришсе эл Убактылуу өкмөткө деле ишенбейт.


Бул маселеге пикрлерин билдиришкен угармандар Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн телефон аркылуу кер-мур айтышканын сынга алышып, алардын кызматтан кетүүсүн талап кылгандар дагы болду.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Эмил Каптагаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып буларды билдирген.
Убактылуу өкмөт мүчөлөрү А.Атамбаев, Э.Каптагаев, И.Исаков. Бишкек 2010-жылдын 26-апрели.


- Р.Отунбаеванын тапшырмасы менен документтерди бир сыйра карап чыктым. Ал жерде акча жеп алган, уурдап алган деген шектүү эч нерсе жок. Анын үстүнө ал акчанын баары да жумшала элек. Ошол иштерге четинен гана бериле баштады. Негизинен түштүк жергесиндеги кырдаалды жөнгө салуу, кан төгүүгө жол бербөө, Бакиевдердин жанагында канкор пландарынын ишке ашырылышына тоскоолдук болууга жумшалып атат. Аскер күчтөрү, милиция күчтөрү, башка күчтөрдү мобилизациялоо, ошолордун ары-бери жүрүшүнө, ар кандай профилактикалык иш-чараларды аткарууга кетип атат. Эми муну ар кандай айтса болот. Ар кандай жагынан карап, жоромолдоп сүйлөсөк болот. Бирок негизи мен да айтып атам. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы ушундай мамиле бири-бирине карата катуу, өтө катуу мамиле бул демократиянын түптөлүшүнө негиз берет. Эгерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригип алып, бир сөзгө келип алып, анан ар кандай иштерди жаап-жашырып жасай баштаса анда бизде демократия да болбойт, өнүгүү да болбойт.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312- коду менен 31-61-65 номурлуу автожооп телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп, пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG