Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

А. Бекназаров: "Чоң казатка аттаналы"


Бириккен Элдик кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, бул бийликке каршы күрөштүн башталышынын алдында атайын уюм түзүүгө бата берүүнү элден өтүндү. Ал эл жеңишке жетишерин белгиледи.

Азимбек Бекназаров:

- Урматтуу мекендештер! Мен үчүн бул күн абдан оор күн. Мындан 8 жыл мурда эртең менен өзүңөр куран окуткан менин туугандарым окко учкан. Мен үчүн бул күн өтө оор күн. Эмне үчүн дегенде, мындан беш жыл мурда революция кылабыз деген менин үзөнгүлөштөрүм, менин досторум Исмаил Исаков, Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбаев, Уран Рыскулов бүгүн түрмөдө отурат.

Мен үчүн абдан оор күн. Эмне дегенде, ушул жерде турган элдин көпчүлүгү ушул күнгө чейин, азыр дагы жүрөгүңөрдө ойлоп турасыңар, оппозиция 5 пункттан турган чечим кабыл алат дагы, элди таратат деп. Мен үчүн өтө оор күн болуп турат. Эмне үчүн дегенде, Кыргызстан бир жуманын ичинде эки курултай өткөрүп атат: макулдардын курултайы, макул эместердин курултайы.

Мына мен сиздерге ошол макул эместердин курултайында сөз алып жатып, ошол бүгүн түрмөдө жаткан үзөңгүлөштөрүмдүн, досторумдун атынан чоң салам айтам. Сиздерге Исмаил Исакович, Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбаев, Уран Рыскулов чоң салам айтты жана сиздер менен экенин, "биз майтарылбайбыз, биздин урук туугандар, эл-журт, колдоп жаткандар бекем болсун, биз жеңебиз" деп айтышты.

Азыр менин алдыман мурдараак сүйлөп кеткен Бабурбек байкемдин сөзүнөн айтайын. Ал айтты, «Аят пресс» гезитин 100 нуска менен чыгарыптыр, эмне үчүн биз чыгарсак болбойт деди. Бабурбек байке, ал жердин башкы кармандары Азимбек Бекназаров, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков жана башкалар. Сиз дагы «Аят пресстей» кылып бизди баш карман кылып жазсаңар, 200 миңге чыгарат бийлик силерди.

Мен муну айтып аткан себебим, бүгүн гезитпи, бийликпи, мына карындашым, ага чейин да бир укук коргоочу айтты, сотко баралы, электр тарифин сактап калалы деп. Мен силерге айтайын: Бүгүн кайсы нерсе, эмне деген бийлик элдики, же мыйзамдыкы? Бүгүн баардыгы Бакиевдердики. Эмнең калды Бакиевдердики болбогон кыргыз, эмнең калды сатылбаган кыргыз.

Ошондуктан мен жамандабайм, бирөөнү ушактабайм. Ал доордон биз өттүк урматтуу туугандар. Азыр иш кыла турган мезгил келди. Билекти түрүп, кетсин дегенден пайда жок. Он жылдан бери, 5 жылдан бери кетсин деп атабыз, оодарабыз деп атабыз, ар жыл сайын март, күз, жаз курултайларды өткөрөбүз. Бирок жыйынтык гана?

Бакиев бийлигин улантып атпайбы, фактически бүт бийликти ээлегени аз келгенсип, эми мыйзамдуу түрдө, конституциялык деңгээлде укум-тукумга чейин биздин муун, биздин тукум калыш керек деп мыйзамдаштырып атат. Эмнебиз калды эми. Мен сиздерге айтаарым, мен күтүм атам, азыр эле чыгабыз, азыр эле жайлайбыз дегендер абдан көп Кыргызстанда. Ал 90 пайыз Кыргызстандын элин түзөт. Ал макул болбой аткан курултайга катышып аткандар.

Бирок биз былтыркы, мурдагы өзүңөр бизди сындап аткан, урушуп аткан, сөгүп аткан кемчиликти кетирбейли. Мындан беш жыл мурда кетирген кемчиликти да кетирбейли. Ошондо биз ойлогонбуз, Акаев кетсе эле ордуна башка бир адам келсе заман оңолот деп. Эмнени алдык? Ошондуктан дагы менин жүрөгүм ооруп турат. Анткени силердей эле элдер 11-курултай деп турат, ошол убакта 5 курултай өткөрүп туруп анан жеңишке келген. Бирок кайран курултайлар, кайран эл, кайран ошондогу чечимдер.

Мына ошондуктан мен суранар элем, өтүнөр элем, бул сапар урматтуу мекендештер биз мурдагыдай кемчилик кетирүүгө акыбыз жок. Бизге кудай дагы, эл дагы андай укук бербейт. Ошондуктан ушул курултайды өткөрүп атканда, 17не коюп атканда биз абдан сүйлөштүк. Жана айтпадыңыздарбы, бөлүнүп кетесиңер оппозицияда деп. Бул жолу биз бириктик, бул жолу биз оппозициянын курултайы деп атаган жокпуз, элдин курултайы дедик.

Биз болгону уюштуруп бердик, демилге көтөрдүк. Эл сиздер менен кеңешели дедик. Ошондуктан мен бул курултайды улуу казаттын курултайы Манас атанын деп атайт элем. Анткени бул бийликти биз ичинен да, сыртынан да жакшы билебиз. Чоң казатка аттангандай аттанбасак жеңалбайбыз.

Урматтуу иним, урматтуу карындашым Ак үйгө чуркап барып эле алып коебуз дегенди коелу. Алдыбызда ким турганын билесиздер. Алдыбызда мамлекеттик машина турат, мафия турат, акча турат, байлык турат, бардык мамлекеттик күч булардын колунда турат. Ал эми бизде эмне бар? Бизде намыс бар. Намыс бар жерде жеңиш болот. Бирок ошол жеңишке жетиш үчүн ынтымак, биримдик керек.

Шашпашыбыз керек. Мына мага чейин, менден кийин айткандардан кийин чечим кабыл алынат. Мен БЭКтин башчысы катары айтып коеюн, бул сапар айрымдар айтып аткандай, биз мындай бийликке булар келет деп айтпайбыз, биз заман, өлкө, улут, келечек үчүн күрөшөбүз бул сапар.

Эгерде кудай таала колдоп, 2005-жылдагыдай жеңишке жетсек, анда бийликке эч ким шашылбайт. Мен силерге БЭКтин атынан айтып коеюн, биз элден мурун мамлекетти оңдойбуз. Биз элден мурун жана айткан 20 жылдан бери улутту кордоп, элди кыйнап, уурдап, тоноп келгендер менен эсептешебиз. Андан кийин ошол үйдү, же мамлекеттик машинаны оңдогондон кийин жөн гана таза шайлоодо чыныгы эл тандап алган уул келет дагы, ал машинаны айдайт. Ал оңдобойт. Жолдо кетип атып мен тетикти оңдойм, бул жерине баламды, бул жерге тууганымды отургузам дебейт. Ал милдетин аткарат, элге кызмат кылат анан кетет. Биз ушуга аракет кылабыз.

Ошондуктан Топчуке Тургуналиев айткандай, Ак үйдү алыш, согуш жарыялаш, кан төгүш биздин милдет болбош керек, биз өттүк. Биздин максат заманды оңдойлу, өзүбүздүн элдик бийликти орнотолу. Баланча президент десең - көрдүк, президент келет, сени мына отургуздук, Бакиевдин ордуна отур, сен муну кыл десең, эмне болорун көрдүк, баардыгыбыз көрдүк. Ошондуктан бул жолу жаңылбайлы. Бүгүн дароо эле баштап жиберели деп атасыңар. Нарындын эли, Алайдын эли чыгып атат. Ошолорду координация кылган бириккен, бирдиктүү уюм барбы?

Жок, урматтуу туугандар, ачуу чындыкты моюнга алалы. Эгерде сиздер бүгүн элдик курултай ата-бабанын тарыхынан традиция болуп келаткан ушул курултайда, Манас атабыз чоң казатка аттанганда дагы кыргыздын хандарын чогултуп, бата алып анан аттанган экен. Эгерде сиздер бүгүн ушул курултайда ошондой уюмга батаңарды берсеңер мен сиздерге айтып коеюн ашып кетсе он күндүн ичинде көрөсүңөр күрөштү.

Бирок биз элден мурун уюмду түзөлү. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарыш үчүн бир муштум бололу, ошол муштумга баш ийели, андан кийин күрөшкө аттаналы. Ал үчүн биз сиздерден аз болсо бир жума, ашып кетсе 10 күн мөөнөт сурайбыз. Пландар бар, күч бар, намыс бар. Бийликтин ашканы болобу, шакалы болобу корко турган акыбалыбыз жок. Биз башты сайган адамдар силерден бата алалы деп чогулуп отурабыз.

Ошондуктан мен сөзүмдүн аягында дагы бир жолу айтаарым, чоң казаттын курултайы болсун. Улуу жакшынакай ак ниет менен аттаналы, баланчаны бийликке алып келели деп аттанган жокпуз. Жаманыбызды турмушубузду оңдойлу деп аттанып атабыз. Эмнеге аттанып атканыбызды билели.

Эгерде ынтымагы, биримдиги жок аттана турган болсок Исаковдор, көлдүн 18 баласы, Бөлөкбаев, Аргынбаев, Рыскуловдор көбөйөт. Ошолордун артынан сотто темселеп жүрөбүз, колубуздан эч нерсе келбейт. Ошондуктан дагы бир жолу суранам, бүгүн ошол чоң казаттын курултайы деген курултайда сиздер ак батаңыздарды берсеңер, буз уюмду ушул жерде түзсөк, чечимди кабыл алсаңыздар, андан кийин жалпы жеңишке жетебиз. Мен ишенем ага. Рахмат.

XS
SM
MD
LG