Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

БЭК уюштурган Элдик курултай апта ичиндеги олуттуу саясий окуялардын бири болду. Курултайда оппозиция бийликке жети талап коюп, аны аткарууга бир жума мөөнөт берди. Бийликтин айрым өкүлдөрү талаптар бийликтин Ынтымак курултайында каралыш ыктымалдыгын айтып жатышат.


Эки чечим чечим чыкты

Алардын бири Элдик курултайдын туруктуу органынын – Борбордук аткаруу комитетинин түзүлүшү болду. Бул комитетти СДПнын парламенттеги фракция башчысы, депутат Роза Отунбаева жетектеп, элдик бийликти калыбына келтирүү максатын көздөгөн бардык иш-аракеттерди, курултай койгон талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт.


Курултай бул ирет президент Курманбек Бакиев башкарган азыркы бийликке жети талап койду. Алар - электр кубатына тарифтерди азайтуу, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектр” ишканаларын мамлекетке кайтаруу, камакта отурган, жаза өтөп жаткан оппозициялык саясатчыларды актап, бошотуу, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоорду кайра чакыртып алуу, президенттин балдарын, бир туугандарын мамлекеттик кызматтардан бошотуп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик башкарууга киришүүсүн токтотуу, эл аралык шылуун деп айыпталып жаткан Евгений Гуреевич жана анын өнөктөштөрүнө тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүү, сөз эркиндигин, маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү, чектөөлөрдү, коркутуп-үркүтүүлөрдү токтотуу талаптары. Буларды аткарууга 24-март – ыңкылап күнүнө чейинки мөөнөт чектелди.

Оппозиция бул ирет бийликти күч менен кетирүү демилгесин көтөргөн жок. Бирок “эгерде коюлган талаптар аткарылбаса аймактарда элдик курултайларга, эл бийлигин калыбына келтирүүгө камылгалар башталат" деп эскертилди кабыл алынган резолюцияда.

- Мындан башка чечим жок. Эл бийликти колуна алышы керек. Конституция боюнча эл бийликтин жалгыз булагы, - деди БЭКтин жана Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Ошол эле мезгилде курултайдын катышуучулары лидерлерге оппозицияда биримдик болмоюнча эл бийлигин орнотуу мүмкүн эмес экендигин эскертишти:

- Биз, эл, силердин айтканыңар менен ээрчип эле келатабыз. Адегенде өзүңөрдү бышыктасаңар, качпасаңар бири-бириңерден, - деди оппозицияны ынтымакка чакырган курултайдын нарындык катышуучуларынын бири.

БЭКтин негиздөөчүлөрүнүн бири Азимбек Бекназаров курултайда оппозиция бир президентти экинчисине алмаштыруу маселени чечпестигин тарых далилдеди деп, катаны кайталабоого өз өнөктөштөрүн чакырды:

- Урматтуу мекендештер! Биз мурдагыдай кемчилик кетирүүгө акыбыз жок. Бизге кудай дагы, эл дагы андай укук бербейт.

Оппозиция чыйралды

Он биринчи Элдик курултай ар кандай себептер менен бири-биринен окчундап кеткен оппозициялык күчтөрдү, жарандык коомдордун айрым бөлүгүн президенттик шайлоодон кийин алгачкы ирет кайра чогултуп отурат. Мурдагы курултай былтыр 25-апрелде өтүп, анда президенттикке бирдиктүү талапкер катары Алмаз Атамбаев менен мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду көтөргөн. Ал эми БЭКтин дагы бир таасирдүү мүчөлөрүнүн бири Темир Сариевдин президенттик шайлоого талапкер катары өз алдынча кетиши кийинчерээк анын партиясынын кыймылдын курамынан чыгышын шарттаган.


Президенттик шайлоого аралаш, андан кийинки нааразылык акциялары, кармоолор, камоолор, оппозициядагы жоон топ таасирдүү саясатчылардын чет өлкөлөргө баш калкалап кетиши, Балыкчы, Петровка окуяларынын айланасындагы соттук териштирүүлөр, Исмаил Исаковдун соттолушу оппозициянын алсызданышына алып барган.

Президенттик шайлоодон кийинки Баш мыйзамды, административдик башкарууну реформалоо жаатында президент Бакиевдин аракеттери, мамлекеттин стратегиялык “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектр” ишканаларынын сатылышы, эң башкысы - электр кубатына жана жылуулукка баанын кескин кымбатташы, таза саясатчы саналган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга камалышы элдин нааразылыгын жаратып, Алайда, Нарында, Бишкекте эл көчөгө чыкты. Ал өз кезегинде оппозициянын чыйралышына өбөлгө түздү. Президенттин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиевге ылым санаш саналган, Кыргызстандын каржы иштери боюнча кеңешчиси Евгений Гуреевичти Италия соту шылуун деп айыптап, камоого чечим чыгарышы азыркы бийликке макул эместердин саясий күрөшүн курчутту:

- Элдин байлыгын талап атышса биз кандай көз карашта болушубуз керек? Акаев уурдап, талкалап, жетишпей калгандарын Бакиевдер тоноп атат. Заңгыраган кендерибизди чет өлкөлүктөргө сатып атышат, толгон-токой жерлерибизди кошуна мамлекеттерге ижарага берип атышат, элибиздин канын кактабай соргон талоончуларды өлкөгө ээн-эркин киргизип атышат. Кыргызстандын эли чындап келсе жылаңач калды. Өзүнүн алтыны да жок, көмүрү да жок, энергетикасы да жок, экономикасы да жок, - деди уюштуруу комитетинин төрайымы, депутат Роза Отунбаева Элдик курултайда.

Элдик курултайдын алдында бийликти жана анын саясатын колдогон тарап элди удургутуп атат, ашынган аракеттерге барууда деп оппозицияны сындашты.

- Эгерде митинг уюштургусу келсе оппозиция ороп-чулгап, Элдик курултай деп, элдин башын айландырбай, ачык эле силерди митингге алып чыгабыз деп айтыш керек. Бүгүнкү күндө базарлардын бардыгын кыдырышып, Алматыдан бери элди келгиле деп чакырыкты, кудум ушу БЭК кылып атат. Бул эртеңки тополоңго даярдыгы булардын. Элди мыйзамсыз кадамга барууга аргасыз кылып атышат. Өнүктүрүү фонду эки-үч күн мурун эле Гуреевич боюнча өзүнүн маалыматын берген ал киши менен бүт келишимдер үзүлгөндүгү жөнүндө. Муну артынан сөз кылуунун кереги жок
, - деген Жогорку Кеңештин 11-марттагы отурумунда “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов.

Оппозициянын Элдик курултайы Ала-Тоо аянтында да, спорт сарайында да, улуттук филармонияда да өткөн жок. Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү жүрүшү да болбой калды. Бишкек шаар бийлиги буга уруксат бербеди. Элдик курултай Социал-демократтар партиясынын кеңсеси жайгашкан Медиа-форумда өтүп, ага 5 миңдин тегерегинде киши катышты деп болжолдонду.


Элдик курултайга бийлик эмне дейт?

Оппозиция уюштурган курултайдын талаптарын бийик даражалуу расмий жетекчилердин ичинен биринчи вице-премьер министр Акылбек Жапаров "Азаттыкка" берген интервьюсунда ультиматум катары баалап, мындай жолдор менен проблемалар чечилбестигин белгиледи. Ошондой эле оппозицияда жогорку бийликти көксөп тургандар бар экенин, бирок аларда экономикалык программа жоктугун кыйытты. Анткен менен тартип коргоо кызматтары Элдик курултайда кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берилгендиги тууралуу маалымат тараткан жок. Тартип бузуулар катталбагандыгын Президенттин катчылыгынын маалымат кызматынын башчысы Алмас Турдумаматов да “Азаттыкка” тастыктады:

- Бүгүнкү акция менимче тынч өттү. Мыйзам чегинде өттү. Ал жерде айтылган маалыматтар боюнча менде толук маалымат жок. Эгер бардыгы мыйзам ченеминде болуп, кайрылуусу, резолюциясы бизге жөнөтүлсө болсо биякта каралып көрүлөт.

Курултайдын эртеси уюштурган маалымат жыйынында Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимканов оппозиция чечимдеринин айрымдарын кубаттады:

- Мен кечээки курултайдын талаптарынан эки нерсесин колдойм. Өзүм дагы биздин ынтымак курултайыбызда айткан атам. Бул тарифтердин көтөрүлүшүн кайра карап чыгыш керек. Мен Давыдов (Энергетика министри Ильяс Давыдов-ред) менен сүйлөшсөм 25 тыйын гана кошулган эсеп берген экен, бирок премьер-министрибиз өзүнүн бизнесмендиги менен жанагинтип 1 сом 50 тыйынга чыгарган опурталдуу жолго барыптыр. Анан экинчиси “Түндүк электро” менен “Телекомдун” сатылышын менимче президент өзүнүн жардыгы менен токтотуп, ушу коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын, оппоненттерибиздин тыкыр көз карашы менен кайрадан карап чыгышы керек бул маселени.


Бийлик өкүлдөрүнүн ушундай илбериңки билдирүүлөрүнөн улам коомчулукта бийлик оппозициянын жаалын жумшартуу камын көрө баштагандыгы боолголонууда. Өлкөнүн ичинде да, эл аралык коомчулукта да өзүнө пайдасыз жагдай түзүлүп турган шартта азыркы бийлик чынында эле бир катар чегинүүлөргө барышы мүмкүн деген божомолдор азыр күч. Президент Ынтымак курултайынын капшабы менен биринчи кезекте тарифтерди төмөндөтүүгө, сатылды деп саналган эки ишкананы кайра мамлекетке кайтарууга барышы мүмкүн деп жоромолдонууда.

Ошентип оппозициянын талаптарынан бийлик кандай тыянак чыгарат, талаптар толук аткарылбай калган шартта оппозиция кандай саясий жүрүш жасашы мүмкүн деген суроолорго азыр жооп издегендер аз эмес.

Курултайлар таржымалы

Бул арада эл оозунда кубалашкан курултайлар элди экиге бөлүп салды деген пикирлер жашап жатат. Буга “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова да кошулат:

- Негизинен элди экиге бөлүп койду. Элди эле эмес, журналисттерди, гезиттерди, бардыгын экиге бөлүп койду. Элдин бир бөлүгү оппозицияда, бир бөлүгү бийликте, ал эми көпчүлүгү ортодо болот дегенди эки жак тең түшүнгүсү келбей турат. Дээринде Элдик курултайдын болгонун мен колдойм.

Талдоочулар курултай элдин пикирин угуп, идеяларды чогултуп, демилгелерди ишке ашырууну шарттай турган таасирдүү коомдук институтка айлангандыгын айтышууда. Элдик курултайдын алгачкы уюштуруучуларынын бири, “Ата мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөн Чотоновдун пикиринде Элдик курултай коомдук-саясий турмушка элдин үнүн угузуучу оппозициянын же башка күчтөрдүн жаңы трибунасы катары кирди жана анын кудурети артып баратат.


Эгемендик жылдары оппозиция түптөп, он бир жолу өткөргөн Элдик курултайлардын таасирдүүлөрүнүн катарында Аксы окуясын талкуулап, элдик сот өткөргөн 2002, 2007-жылкы, Ош облусунда элдик бийлик орноткон 2005-жылдын 18-мартындагы курултайлар аталып жүрөт. 18-марттагы бул курултайдын башында ошол кездеги оппозицияны жетекчиси Курманбек Бакиев баштаган саясатчылар турушкан.

2002-жылы Бишкектеги менчик үйлөрдүн биринин короосунда бийликке нааразы чакан топтун жыйыны өтүп, ал оппозициянын биринчи курултайы деп аталган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG