Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

"Петровка тополоңу" сот таразасында


Петровкадагы тополоң окуясы боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Учурда башаламандыктын айынан үйлөрү талкалаганган күрттөр сурак беришүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Петровкада чыккан тополоңго тиешеси бар деп шектелген жети адамдын үстүнөн кылмыш иши козголгон болчу. Беш айдан бери соттук териштирүү улам артка жылдырылып, ал арада адвокаттар жана коомдук жактоочулар мамлекеттик айыптоочуларга жана соттун судьясы Феликс Марлестин өзүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.

Өткөн жумада 2- октябрда соттук териштирүү жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү менен башталган. Көрсөтмө берүү учурунда материалдык чыгымдан баш тарткандар да болуп жатат.

- Мага материалдык чыгымды төлөтүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби беш айдан бери күнөөсүз адамдар олтурушат. Буларды туура эмес кармашууда,-деди тополоң учурунда зыян тарткандардын бири күрт улутундагы Жамиля Алиева.

Азырынча көрсөтмө бергендердин дээрлик баары Петровка жаңжалын козгоочулар катары шектелишкен Э. Бөлөкбаев, Уран Рыскулов жана Сапар Аргынбаевдин окуяга тиешеси жок экенин бир ооздон белгилеп жатышат.

Ал эми Анвар Артыков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев өңдүү бир катар коомдук жактоочулар соттук териштирүү “чу” дегенде эле бир жактуу башталганын бир нече ирээт билдиришти.

Соттун төрагасы тарабынан жасалган бир жактуу мамиленин себебин коомдук жактоочу Анвар Артыков “адвокаттардын эң негизги өтүнүчү сот тарабынан четке кагылганы”,- деп түшүндүрсө, саясатчы Топчубек Тургуналиев, “бул оппозиция өкүлдөрүнө жасалган ачык саясий кысым”,- деген пикирин “Азаттыкка” берген маеги учурунда билдирди.

Соттук териштируу 9- октябрь күнү Петровка айылында кайрадан улантылат.

XS
SM
MD
LG