Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Шайлоо күнү камакта он саат


Балыкчыдагы митингге милициянын чабуулу
Балыкчыдагы митингге милициянын чабуулу

Балыкчыда ЖКнын депутаттары М.Асанакунов менен К.Кадыров баштаган жыйырмадай адам шайлоо күнү кармалып, 10 саат камакта отуруп чыгышты.

23-июль президенттик шайлоо күнү Балыкчыда милиция тарабынан сабалып, камакка алынган депутат М.Асанакунов менен БЭКтин аймактардагы координаторлору түнкү саат бирлерде бошотулду. Алар 24-июлда кайра суракка барышат.

Добуш берүү маалында массалык мыйзам бузууларга каршылык көрсөтүү ниетинде бир топ адам Балыкчы шаардык мэриясынын алдына чогулган болчу. Алардын арасынан ЖК депутаты Мирбек Асанакунов баш болгон активисттерин милиция кармап кеткен. Аларды бошотуу үчүн барган СДПКнын дагы бир депутаты К. Кадыров дагы жыйырма чакты адам менен кармалып, калган элге ышкырган гранат ыргытып кууп сүрүп салышкан.

Шаардын прокурору К.Айтбаев камалгандардын бардыгына массалык баш аламандык уюштурду, бийликти басып алууга аракет кылды деген айыптоолор менен кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Оппозициянын байкоочуларынын баамында чынында эле шайлоонун жүрүшүндө эл нааразы боло тургандай мыйзам бузуулар көп болуп жатты. Баардык шайлоо участоктордо добуш берүү тизмесинен чыгуу күбөлүктөрү тизмедегиден ашыкча берилген көрүнүштөр басымдуулук кылды. Шайлоо кодексин одоно бузуу фактыларын "Граждандык коом жана демократиялык каолиция" бейөкмөт уюмунун Балыкчыдагы жетекчиси Мамбетимин Өмүракунов ырастады.

Көз карандысыз байкоочулар менен катар эле жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар да аныкталган топтор бардык шайлоо участкаларына кайра кайра добуш берип жүргөнүн айтты:

- Акыйкаттык жок. Бюджеттик мекеме кызматкерлерин ташып жүрүп шайлатып атат. "Ак Жолдун" ар бир кишиси 3 жолу шайлап чыгып атат. Мен ташып жүрүп көрүп атам."

Балыкчыдагы №3 шайлоо участогундагы мыйзам бузуу боюнча Атамбаевдин ишенимдүү адамы Гүлмира Жамгырчиева акт түзүп, участкалык комиссия башчысы Замир Абдыкеримовго кайрылганда, аны милицияга салып берген. Гүлмира Жамгырчиева күч органдарынын бардыгынан сурактан өткүчө кеч кирип, шайлоого катыша албай калды.

БЭКтин облустагы штабынын түзгөн актыларына таянсак, бардык шайлоо участоктордо мыйзам бузуу катталган. Ошондуктан көлдөгү оппозиция тарапташтары шайлоону легитимсиз деп тапты.

XS
SM
MD
LG