Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Коом милицияга ишенеби?


Кыргызстандын милициясына коомчулук көбүрөөк ишене баштады. Коомдук пикирлерди иликтөөчүлөр 9-мартта ушундай маалымат беришти. Социологиялык иликтөөлөр менен алектенген “Социнформбюро” уюму Ички иштер министрлигинин сунушунун негизинде өткөн жылы Каракол шаарында сурамжылоо жүргүзүп, оң баанын басымдуу болгонун аныктаган. Ошол эле мезгилде укук коргоочулар арасында милициянын ишмердүүлүгүн кескин сындагандар да аз болгон жок.

“Социнформбюро” уюму мындан мурда Каракол шаарынын тургундары арасында шаардык ички иштер башкармалыгынын иши тууралуу 2006-жылы сурамжылоо жүргүзгөн. 2009-жылы жүргүзүлгөн ушундай эле иликтөө милициянын ишин канааттандыраарлык деп эсептегендердин саны отуз пайызга өскөнүн аныктаган.

Сурамжылоого катышкандардын 40 пайызга жакыны милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээли жакшы экенин билдиришкен. Бул иликтөөдө коомчулук акыркы кездерде милицияларга көбүрөөк ишене баштаганы айтылган.
Кылмыштардын бетин ачуу боюнча планды аткарабыз деп эле тартип сакчылары кармалгандарды ур-токмокко алып, кыйнап атышат.


“Социнформбюро” уюмунун жетекчиси Айганыш Абылгазиева бул иликтөө бир гана караколдуктардын пикирин билдирбестен, жалпы калктын ички иштер органдарына болгон мамилесин көрсөтүп атканын айтат:

- Караколдо 2006-жылга салыштырмалуу өткөн жылы милициянын ишин оң баалагандар отуз пайызга көбөйгөн. Шаар калкы тартип сакчыларына көбүрөөк ишеним көрсөтүп, мурдагыдан көбүрөөк сыйлай баштаганын айтышкан. Бирок антсе да баары эле жипке тизгендей мыкты деп айтуу туура эмес. Иликтөөдө милициянын ишиндеги эң негизги көйгөйлөр бул - коррупция жана маянанын аздыгы, кадр тандоодогу мүчүлүштүктөр экени белгилүү болгон.

Иликтөөлөр көптөгөн мамлекеттерде жүргүзүлүп, алар тартип сакчыларынын ишин баалоочу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Өзгөрүүлөр бар, ишенимчи?

ИИМдин илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров бул иш-чара милиция мурдагыга караганда өз ишин мыкты аткарып жатканын дагы бир жолу тастыктаганын айтат:

- Ички иштер органдарында баары укмуш болуп кетти деп айта албайбыз. Айрым кемчиликтер бар. Бирок ошого карабастан кээ бир багыттар боюнча биздин иш өз натыйжалуулугун көрсөттү.

Ш.Мамыров мындан тышкары ушул жылдын январь айында коомдук жайларда кылмыштуулук он үч пайызга, көчөдөгү кылмыш он сегиз, ал эми карактоо он эки пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.
Караколдо 2006-жылга салыштырмалуу өткөн жылы милициянын ишин оң баалагандар отуз пайызга көбөйгөн.


Дегени менен милициянын иши жакшырып, элдин ага карата ишеничи арта баштаганына кошулбагандар да жок эмес.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун өкүлү, укук коргоочу Айсулуу Алымбек кызы аталган иликтөөгө боюнча өз оюн төмөнкүчө билдирет:

- Караколдуктардын милиция кызматкерлерине ишеними жогорулаганын көрсөткөн иликтөөгө мен кошула албайм. Анткени бул шаарда учурда эки тартип сакчынын үстүнөн айыпкерлерге карата кыйноо жасагандыгы боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. Негизи эле Караколдо кыйноолор боюнча фактылар көп катталган. Андыктан учурда калк милицияга ишенбейт. Ата-энелер балдарын көчөгө ээнбаш, кылмышкерлерден эмес, милициядан коркконунан чыгарбайт.

А.Алымбек кызынын айтымында, учурда ички иштер органдарынын ойдогудай иштебей жатышынын бир топ себептери бар:

- Жалпы система жолго коюлган эмес. Кылмыштардын бетин ачуу боюнча планды аткарабыз деп эле тартип сакчылары кармалгандарды ур-токмокко алып, кыйнап атышат. Анан албетте маянанын аздыгы да чоң проблема. Мунун айынан коррупция күчөп атат.

Укук коргоочунун айтымында, ички иштер органдарын реформалоодо жалпы системаны түп тамырынан бери өзгөртүү гана өз жемишин бериши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG