Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Кыйраган учактын экинчи "кара кутусу" табылды


Кулаган учак.
Кулаган учак.

“Манас” аэропортуна жакын айылга кулап түшкөн “Боинг-747-400” жүк учагынын экинчи "кара кутусу" табылды. Биринчиси 17-январда чыккан эле. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Кара кутулар" кырсыктын себептерин тактоо үчүн зарыл.

Авиакырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн Эл аралык авиация комитетинен, “Боинг” компаниясынан жана Орусиядан эксперттер тобу келди.

Гонконгдон Стамбулга бараткан түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы 16-январда таңга жуук Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулап, кырк чамалуу адамдын өмүрү кыйылган. Айылдагы жыйырмадан ашуун үйлөр кыйраган.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында балдар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG