Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

ЖК комитети баш мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоорду карап, Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңеш деп атоону сунуштады. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы муну айла кеткендеги иш катары баалайт.

- “Ата Мекен” партиясы “КР президенти Курманбек Бакиев Конституцияны одоно бузуп, мамлекеттик бийликти менчиктеп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк, кландык системаны орнотту” деп 2009-жылдын октябрында мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун иштерине баа берип, өткөн жылы сиздер Конституциялык Сотко кайрылган элеңиздер. Ошонун жыйынтыгы эмне болду?

Өмүрбек Текебаев: Конституциялык Сот партия “мындай кайрылууга укугу жок, анткени жүргүзүлүп жаткан Конституциялык реформа силердин кызыкчылыгыңарга тийишпейт, силердин ага тиешеңер жок” деген өзүнүн жообун берди. Бул туура эмес. Ар бир кыргыз атуулу мамлекетти башкарууга катышууга укуктуу.

Саясий активдүү жарандар саясий партияга биригишет. Саясий партия институтуна биздин мыйзамда Конституцияда өзгөчө орун берилген. Ал мыйзам чыгаруу жыйынын жана өкмөттү калыптандыруучу негизги институт катары каралган. Ошентип саясий партиялар жана анын мүчөлөрү түздөн түз саясатка аралашкан субъект экени Конституцияда моюнга алынат.
Бакиев өзүнөн кийин Кыргызстанды кимге калтырам деп сарсанаа болбош керек. Кыргызстан кыргыз элине калыш керек


Партия Конституциялык сотко конституциялык өзгөртүүлөр жөнүндө, өлкөдөгү саясий жараяндар жөнүндө кайрылууга толук укуктуу. Бирок биздин бийликтен көз каранды, бийликтин сөзүн сүйлөгөн Конституциялык Сот бул жолу ушундай шылтоо менен, “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” деген принцип менен убактылуу ал маселени кароодон баш тартып жатат.

- Ушул партиялардын кайрылуусуна укук жок деген кандайдыр бир мыйзамдык негиздемелер барбы? Же болбосо алар эмнеге негиздеп, ушундай баш тартты?

Өмүрбек Текебаев: “Партиянын кандай укугу бар экендигин силер түшүндүргөн жоксуңар” деген шылтоо гана жазган. Ал эми чындыгында Конституциялык Сот өндүрүү боюнча мыйзамдын статьяларында, 11-пунктунда жеке адамдар же юридикалык жактар эгер анын укугуна жана эркиндигине тийиштиги болгон учурда тигил, же бул маселе боюнча Конституциялык Сотко кайрылууга толук укугу бар деп жазылып турат.

Мен ойлойм, бул убакыт созуп, президентке Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштырганга мүмкүнчүлүк берүүнүн эле айла-аракети.

- Азыркы сот мурдагы Акаевдин убагындагы Конституциялык Соттон эмнеси менен айырмаланат?

Өмүрбек Текебаев: Бүгүнкү бийлик Акаевдин бийлигинен терс жагына күчөп айырмалангандай эле, бүгүнкү Конституциялык Сот да Акаевдин убагындагы Конституциялык Соттон ашса ашат, бирок кемибейт.

Биринчиден, соттун негизи курамы Акаевдин убагында калыптанып, ошонун убагында тарбияланган. Экинчиден, Бакиевдин убагында келген судьялар Бакиевдин элегинен кандай талаптардан улам өткөндүгүн, алардын саясий төркүнүн айттырбай эле түшүнсө болот.
2007-жылы аракеттеги Конституцияны жокко чыгаруу менен бул Конституциялык Соттун курамы тарыхта калды.


2007-жылы аракеттеги Конституцияны жокко чыгаруу менен бул Конституциялык Соттун курамы тарыхта калды. Андай дүйнөдө болгон эмес. Анткени Конституциялык Сот аракеттеги Конституцияга тийише албайт, ал болгону мыйзамдарды гана жокко чыгарат. Бул өзүнүн атасы менен апасын жоготкондой эле, иштеп турган Конституцияны жокко чыгарып берди.

- 21-январда Конституциялык Сот президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун карап, ага өзүнүн корутундусун чыгарып берди. Негизинен бардык түзөтүүлөрдү оң баалап, анан Президенттик кеңешме тарабынан президенттин милдетин аткаруучу аныкталат дегенге каршы болуп чыкты. Бул маселеде Конституциялык Сот өзүнүн пикири бар экенин көрсөтө алган жокпу?

Өмүрбек Текебаев: Бакиев 52-статьяга өзгөртүүлөрдү киргизгенде чоң ката кетирген. Ал ката кетиргенин дароо эле сезген болуш керек. Анткени ал “Көкөтайдын ашы - чырдын башы” дегендей чыр чыга турган механизм эле.

Президенттин көзү жокто анын орун басарын дайындай албай турган Президенттик кеңеш түзүлгөн. Анын укугу да жок. Президент иштей да албаган шартта башы жок орган болуп калмак. Ошондуктан, Конституциялык Соттун кеңеши менен андан баш тартып, анын ордуна жаңы Мамлекеттик кеңеш деп түзгөнгө аракет кылып жатышат.
Бүгүнкү Конституциялык Сот өзүнүн ордун билбейт, ал болгону заказды аткарган жакшынакай уюм экенин гана көргөздү.


Конституциялык Сот өзүнүн тыянагында эки гана жагдай боюнча иштеш керек: биринчи, бул мыйзам чыгаруунун субъектиси эрежелерди сактап, мыйзамдуу жол менен өзгөртүү киргизип жатабы же жокпу. Мына ушуга көз салуу. Экинчиси, кокусунан өзгөртүү-түзөтүүлөр кабыл алынып калса, ал Конституциянын ичиндеги башка нормалар менен карама-каршылыктарды жаратабы, жаратпайбы деп юридикалык жактан гана ушул эки моментке баа бериш керек. Тилекке каршы, Конституциялык Соттун тыянагын окусаңыз, кошоматчылыктын, саясий жасакерликтин бүт мүнөздөмөлөрү көрүнүп турат.

Юридикалык жакты коюп эле саясий кеңеш берүүгө өткөн, президенттин укугу көп болуш керек, бул мыйзамды кабыл алса болот. Анткени президенттин укуктарын көбөйтүп атат. Ал эми бүгүнкү Конституциядагы төрага же премьер министр президенттин ордун басат деген жобо - бул туура эмес. Бул бийликти бөлүштүрүү принцибине каршы келет, Конституцияны бузат деп дүйнөлүк тандалган механизмге каршы чыгып, президентке “андай эмес, мындай кылыңыз, мындай түзөтө коюңуз” деп саясий кеңештерди берип жатат.

Мына, ушунун өзү бүгүнкү Конституциялык Сот өзүнүн ордун билбейт, ал болгону буйрукта аткарган жакшынакай уюм экенин гана көргөздү. Ошондуктан Конституциялык Соттун чечимин өз алдынчалык принципиалдуулук эле эмес, Бакиев кетирген катасын Конституциялык Соттун сунушу, анын колу менен оңдогонго жасаган аракети деп баалайт элем.

- Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин комитети Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекет түзүлүш боюнча комитети ошол маселени карап, президент өз милдетин аткаралбай калган учурда анын милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш деген орган түзүлүп, ошол карасын деп, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизди. Буга кандай баа бересиз?

Өмүрбек Текебаев: Мен буга айласы кеткендик катары баа берем. Бакиевдин мамлекеттик системаны реформалоонун маңызы, аракети бир гана нерседе болуп калды: бул кокус президент бир нерсе болуп калса, анын ордун ким басат, кимге өткөрүп берем деген сарсанага, келечектеги жамандыкка кам көрүү гана болуп калды деп билем.

Мына ошонун айланасында бүгүнкү саясат, конституциялык реформага айланып отурат. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Бакиев өзүнөн кийин Кыргызстанды кимге калтырам деп сарсанаа болбош керек. Кыргызстан кыргыз элине калыш керек, кыргыз эли өз тагдырын өзү аныкташ керек.

"Азаттыктын" архивинен: З. Курманов: Президенттик кеңешме керек

З. Курманов ЖК төрагалыгына шайланаардан бир күн мурда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айткан.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG