Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы, саясый-коомдук ишмер Мирослав Ниязов Кыргызстанда бийлик системалык кризисте турат деп эсептейт.

- Мирослав мырза, 3-ноябрда Коомдук парламенттин кезектеги жыйынында бийликтин систематикалык кризиси деген темада доклад жасайт экенсиз. Систематикалык кризистин белгилери кайсылар, алгач шуга токтолуп кетсеңиз?

-17 жылдык эгемендүүлүктүн жыйынтыгын чыгарбасак келечегибизден ажырап калышыбыз мүмкүн. Кыргыз эл болгондон кийин улут катары биз милдеттүүбүз элибизди дагы, жерибизди дагы сактап калганга. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин биз мамлекетти курбай, бекемдебей, кайра шашылып талап атпайбызбы. Мындай мамлекетибизге жасаган мамилени Кудай дагы бизге кечирбейт. Биз токтошубуз керек, акыл-эсибизди жыйып, бир нече суроого жооп табышыбыз керек. Ошол суроолорго жооп табыш бул 3-ноябрда боло турган Коомдук парламентте ушул суроолор көтөрүлөт. Кайсы суроолор? Биринчи суроо – эмне үчүн турмушубуз жылдан-жылга, күндөн-күнгө төмөндөп баратат. Туура, бийликтин башына отурган адамдардын ачкөздүгү, тойбостугу жана башка толгон кемчиликтер бар. Бирок бул бийликке ошол эле Акаевди, Бакиевди алып барып башыбызга отургузган ким болду. Өзүбүз эле отургузуп койгонбуз. Ошондуктан өзүбүз дагы күнөөбүздү мойнубузга алышыбыз керек. Ошону менен чогуу бир нече суроого жооп табышыбыз керек. Системалык кризиске келдик, мына электр жарыгы жок, күңдөн күнгө төмөндөп барган турмушту токтотушубуз керек, сапатын өзгөртүшүбүз керек.

- Сиз катарында жүргөн оппозициялык күчтөр ушул систематикалык кризистен чыгуунун кандай жолун көрүп жатасыздыр?

- Туура, жашообуздун шартын өзгөрткөнгө кандай чара көрүшүбүз керек? Биринчиден, жашообуздун сапатын өзгөртөбүз десек, ага бир эле жол бар, жогорку сапаттуу инсандарга бийликке жол ачып беришибиз керек. Кайсы мамлекет болбосун, ар бир мамлекеттин эң негизги эки максаты бар. Биринчи максат, бул элдин кызыкчылыгын камсыздоо, экинчи максат мамлекеттик коопсуздукту бекемдөө. Ушул эки чоң максатты бийлик чече албаса, анда эл катары биз ошол бийликке жардам беришибиз керек.

- Өлкөгө реформалар керек деп төрт тараптан айтылып жатпайбы. Эми ошол реформаларды ишке ашыруу үчүн сөзсүз эле бийлик алмашыш керекпи?

- Албетте, бүгүнкү бийликтин бети дагы ачылып, деңгээли дагы көрүнүп калды. Бул бийлик менен биздин келечегибиз жок, аны ачык эле айтып коюшубуз керек. Бул бийлик канча турса ошончо турмушубуз төмөндөп кетет. Бийлик таарынабы, таарынбайбы, бирок алар туура түшүнүш керек. Биз бүгүн кайдыгер болуп көзгө, бетке айтпасак, анда келечегибизден ажырап калабыз. Мындай кайдыгерлик менен биздин жашообуз болбой калышы мүмкүн.

- Сиз өзүңүз Акүйдө бир топ убакытка чейин иштеп келдиңиз, эмне үчүн ошол мезгилде, бийликте турган кезиңизде ушул идеяларды айтып, аларды ынандыра алган жоксуз?

- Сөз өтө турган адамдар болот, сөздү уга турган адамдар болот. Тилекке каршы бүгүнкү бийлик өзүнүн кызыкчылыгын, мамлекеттик түзүлүшү экинчи, үчүнчү плага кетип калды. Бүгүнкү бийлик жеке өзүнүн кызыкчылыына чара көрүп атышат. Кыргыздын жакшы сөзү бар, ач адамды тойгузса болот, ачкөз адамды тойгуза албайбыз. Ошондуктан бул бийликтен кеткенде дагы мен чын жүрөк менен кеттим. Анткени бул бийлик менен иштеш өтө кыйын экен. Мамлекетти бул бийлик менен биз түзалбайбыз, муну ачык эле айтып коюшум керек.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG