Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Жалалабат: оппозициянын биригиши – бийликтин кризиси


3-ноябрда Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумуна кол коюшту.
3-ноябрда Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумуна кол коюшту.

Жалал-Абат облусундагы тургундар оппозициялык күчтөрдүн биригип, бийлик бутактарын өзгөртүү максатына түрдүү көз карашта болушууда.

Меморандумга кол коюп биригишкен оппозициялык күчтөрдүн максаты ишке ашаары реалдуу көрүнүш. Анткени, мамлекеттик бийлик чечкиндүү чара көралбагандыктан социалдык-экономикалык абал оорлошуп, баалар кымбаттап, элдин жашоо-турмушу кыйындап баратат. Социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Нурбек Касымбеков оппозициянын жаңы концепция аркылуу бийлик системасын жаңылоо максатын колдоп чыкты:

- Концепциянын менин тааныш болгондугума караганда президенттин бийлигин чектөө, ал үчүн биздин Конституцияны өзгөртүш керек. Ошондуктан биз таза шайлоону гана өткөрүп туруп, жаңы Жогорку Кеңешке шайлоону таза жүргүзгөңдөн кийин гана таза иштей турган, элдин жашоо турмушун оңдой турган саясий күчтөр бийликке келет.

Ачыкка чыгарбаганы менен коомчулук бийлик жана парламенттен, шайлоодон ишеним кеткендигин өз ара пикирлешкенде айтышууда. Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Советали Сеитбеков ушундай жыйынтыкка келген:

- Чын-чынына келгенде шайлоонун жыйынтыгына ишенбей атат. Керек болсо Жогорку Кеңешти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүш керек. Ошондо Бакиев жана “Ак жол” партиясы өзүнүн рейтингин билип алат деген элдин ичинде чоң кабатырлануу бар.

Советали Сеитбековдун пикирине үндөш ойду «Ата мекен» партиясынын Базар-Коргон районундагы төрагасы Олжобай Боронбаев ортого салды:

- Өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүш үчүн системаны өзгөртүш керек. Системаны өзгөртүш үчүн биздин мамлекетибизге бардык жагынан төп келген жакшы чыгаан саясатчы керек. Чыгаан саясатчы бул системаны өзгөртүп, элдин акыбалын, саясий, социалдык акыбалды жакшы жолго алып келет деп эсептейм.

Олжобай Боронбаевдин мындай көз карашын райондун тургуну Нурбек Маматкулов жактаган жок. Ал менчиктештирүү саясаты туура болбой, жашоонун айынан миграция күчөгөндүгүн, шайлоо таза өтпөгөндүктөн «Ак жол» партиясы парламентте басымдуулук кылып, добуш берүүдө артыкчылыкка ээ болуп жаткандыгын белгиледи:

- Парламенттик туура өткөн деп мен эсептебейм, бир жактуу болуп калган десем мен жаңылышпайм. Жалаң гана “Ак жол” фракциясы болуп калды, кантип шайланган күндө дагы мыйзамды кичине сыйлаш керек. Ал парламентти жоюп таркатуу деген экономикалык жактан дагы, жөн көз караштан деле туура келбейт деп ойлойм. Себеби элди кайра-кайра кыйнай бергендин кереги жок. Бул жеке бир лидер болгусу келген адамдардын пикири деп эсептейм мен муну, - деди Нурбек Маматкулов.

Облустук бийликтин бөлүм башчысынын орунбасары Абдыллабек Камбаровдун пикиринде мурда конституциялык реформа жасалган, эми башка жол, бөлөк арга издөөнүн зарылдыгы жок. Президент башкаруу укуктарын ар бир тармакка бөлүштүрүп берген:

- Президенттик башкаруу деп аталып эле калбаса, биз ар кандай түрдө башкаруу системасын иштеп келатабыз. Эгерде бизде бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарбай, президенттик башкарууну дагы чана турган болсок, башка жол издей турган болсок, Кыргызстан андан дагы начар жолго барат деп айта алам.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG