Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков өзү берген арыздын негизинде ишинен кетти. Президент К. Бакиев активдүү коомдук ишмердиги үчүн ыраазылык билдирип, аны III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин билдиришинче Үсөн Сыдыковдун отставкасына саясий боек берип, сенсация жаратуунун эч кажети жок:

-Жаш курагым келип калды. 65 жаштамын. Аксакал болгондон кийин жаштардан орун талашпайын деген максатта мындай кадамга барды. Бул-жакшы көрүнүш. Биздин башка бир топ саясатчыларга үлгү болчу көрүнүш.

Жаш серепчи Шайыр Жураевдин баамында Үсөн Сыдыков кызматынан өз ыктыяры менен чегинди деген сөз тек гана айтылгандай. Анткени Сыдыков топ башында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы соңку мезгилде бир аз саясий көз карандысыздыкты көрсөтө баштаган.

-Бул – саясий кадам болду. Бирок бул кадам ким жактан жасалды азырынча бүдөмүк. Президенттик администрация тараптанбы же Үсөн Сыдыковдун саясий кадамы болдубу ачык болбой атат.

Саясий чөйрөдө 2005-жылдагы март окуясынын келип чыгышына Ү. Сыдыковдун чоң салымы бар экендиги айтылып келет. Ал ыңкылаптан кийин регионалдык кландарды бириктирип, бир лидерди (Бакиевди) сүрөө демилгесин көтөргөн киши катары да белгилүү.

-Президентке таасир үчүн тирешкен күчтөрдүн күрөшү уланып жатат. Ү.Сыдыковдун кызматтан кетиши - өлкө башчыда азыр бирдиктүү команда жок экендигинен билдирет. Бакиев өз командасындагы акыркы адамдынан кол жууп отурат. Бул президентке азыр такыр башка күчтөр үстөмдүк кылып атат,- дейт саясатчы Өмүрбек Текебаев.

Убагында президенттик администрацияны жетектеп, бирок оппозициянын катуу талаптарынан кийин кызматынан четтеп, кийинчээрек мамлекеттик кеңешчи болуп калган Үсөн Сыдыков, саясат тануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бийликте отурган менен акыркы кезде саясий кубаттулугун жоготуп калган.

-Бул киши кызматынан “кеттим” деп айтпаса, эл анын кызматта экенин унутуп деле калган. Ошону айтып коюш керек да.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG