Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Оппозицияда соңку учурда биригүү аракеттери болуп жаткан менен баарынын башын кошкон, алдыга суурулган лидер чыкпай жатат. Талдоочулар буга эң оболу оппозициядагы менменсинген саясатчылардын амбициялары тоскоол экенин айтышууда.

Оппозициянын проблемаларына арналып “Азаттыктын” студиясында өткөрүлгөн талкууга саясат таануу илиминин доктору, профессор Жолборc Жоробеков, талдоочу журналист Кубан Абдымен жана саясий изилдөөчү Табылды Акеров катышты.

Бурул Сарыгулова:
Оппозициянын биригүү дымагы акыркы кезде абдан эле байкалып жатат өңдөнөт. Акыркы аракеттер, маселен курултай, меморандум, эки тараптуу, көп таратуу сүйлөшүүлөр дегендей, ушулардын бардыгы кандайдыр бир жандуу жараян жүрүп жаткандай туюм калтырууда. Сиздер кандай ойлойсуздар, бир нече топтон турган азыркы оппозиция чын эле бир муштум болуп чыгышы мүмкүнбү?

Жолборс Жоробеков: – Албетте, биз оппозиция дегенде эле душман катары кабыл албай аларды угуп, алар менен чогуу иш кылганга аракет жасашыбыз керек. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы оппозиция акыркы бир жарым бир жыл дейбизби, убагында өзүнүн позициясын алдырып, элдин, массанын арасында кичине аброю кетип калды. Анткен себеби өздөрүндө биримдиктин болбогону үчүн. Ошон үчүн сиздер бүгүн алар бириге алабы деген суроо коюп аткан турбайсыңарбы.

Меморандум дегенди эле алып көрөлү, меморандум деген бул саясатта эч нерсеге милдеттендирбеген, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес, жөн эле бир кагаз. 3-4 официалдуу эмес адамдардын келип кол коюп, биз жактайлы деген ой-тилегине окшогон нерсе.

Ал эми мен кийинки курултайды абдан дыкат байкап, анда сүйлөгөн жигиттердин сөзү, башка материалдар менен бүт таанышып чыктым. Мына ушунда деле көрүнүп турат, бүт бардыгы бириксек деген ойдо экени. Элдин арасында жүрөбүз, кимди уксак экен, кайсы лидердин артынан барсак экен деген сөздөр бар да. Ал эми оппозициядагы азаматтарыбыздын арасында андай чыгааны жок.

Көрүнүп турат, оппозициянын курултайы жөн эле өзүлөрүнчө ири-бирине көрүнүп коелу, кимибиздин канчалык дараметибиз бар,

Бириккен оппозициянын элдик курултайы. Бишкек, 29-ноябрь 2008-жыл

кимибиз канчалык саясий жактан кыйын экенбиз дегендей сүйлөгөн 4-5 жигиттин курук сөз, чечендиги менен жыйынтыкталыптыр. Албетте, эгерде ошол жигиттер бирөөнүн тегерегинде бириксе кандайдыр бир бүт өздөрүнүн пландарын, бүгүнкү күндөгү кризистен чыгып кетүүнүн пландарын, ой-максаттарын жарыялап, анан элдин арасына түшүндүрсө жакшы болмок. Бирок андай болгон жок, баягы эле эски адат, андан башка эч нерсе жок.

Бурул Сарыгулова:Кубан мырза сиздин пикириңиз кандай бул багытта?

Кубан Абдымен: – Чындап келгенде бүгүнкү күндөгү оппозициянын жалпы аркеттери болуп жатканы менен сезилерлик натыйжага жетпей жаткандыгысы көрүнүп турат. Анын себеби – оппозицияда аттуу-баштуу саясатчылар белгилүү болгону менен ойлогон ойлору жана иштеп аткан иштери бир багытта жүрбөй жатканы чоң тоскоолдукту түзүп атат. Ар бирөө мен жетекчи болом деген ойдо жүрөт. Ошондой өз ара атаандаштыктын айынан максаты бир болгону менен ошонун чегине жетейин деген аракети окшошпой кетип атат.

Б. Сарыгулова:Анда биз азыр студияда отурган саясат таанучу Табылды мырзага сөз берсек, сиз кандай ойлойсуз?

Табылды Акеров: –Оппозициянын ичинде сүйлөшүүлөрдүн жүрүп аткандыгы кандайдыр бир деңгээлде бир адамдын тегерегинде биригип келерки президенттик шайлоого бир адамды көрсөтүп чыгалы деген аракет бар экенин көрсөтүп турат. Ошол аракеттин негизинде иштеп жатышат. Айтып атышпайбы, булардын бир программасы жок, кандайдыр бир күчтү көрсөтө албай атышат деп. Мен буга кошула албайт элем. Себеби, 2005-жылы азыркы бийлик башында турган Курманбек Бакиевдер Акаевге каршы чыкканда деле колунда реалдуу программасы жок болгон.

Бул жерде бир нерсени айтыш керек, азыркы оппозиция биригүү аракети менен бийликти мыйзамдуу жол менен алмаштырууну көксөп жаткандыгын унутпашыбыз керек. Ал эми 2005-жылы болсо өзүңүздөр билесиздер, банктарды талкалап, ошол эле өкмөт башчыны Ош аэропортуна кондурбай ж.б. ушундай мыйзамсыз чоң иштер менен бийлик алмашуу болгон.

Азыркы оппозиция болсо мыйзамдын негизинде биригип, бийликти алмаштыруу аракетин көрүп жаткандыгын унутпашыбыз керек.

2005-жылы 24-мартта болгон Жоогазын ыңкылабы.

Эгерде биз аларды дайыма күнөөлөй берсек булар бириге албай атат деп, анда революциялык абалга алып барышыбыз мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан эли үчүн, анын кызыкчылыгы үчүн оппозициянын биригип, мыйзамдуу жол менен бийликти алмаштырууга барышы бардык адамдардын, атуулдардын кызыкчылыгына туура келет деп айтар элем.

Жолборс Жоробеков: – Кошумчалап кете турган нерсе, биз демократиялуу, укуктуу мамлекетти курабыз деп аракеттенип жаткандан кийин, бизде көп партиялуулук өкүм сүргөндөн кийин, албетте мыйзамдын гана жолу менен бийликке умтулуу керек. Анын үстүнө саясий партия эмне үчүн түзүлөт. Ошол өлкөнүн конституциясы, же өлкөдөгү мыйзамдардын чегинде бийликке жетүү үчүн. Ал эми оппозиция болсо азыркы бийликтеги адамдардын жүргүзүп жаткан иштеринен башкачарак көз караштагы адамдардын тобу болуп атышат. Демек мыйзамдын гана жолунда болуш керек.

Б. Сарыгулова:Өзүңүздөр билесиздер шайлоого бир жарым жылдан ашык убакыт калды. Ушул күнгө чейин оппозиция бир лидерди тандай албай келатат. Бул эмнени белгиси. Мен мисалы кечээ өзүбүздүн кесиптештер менен дагы талдап отурдук, бул балким лидерди тандоо кризиси, лидердин жоктугубу, лидер кризисиби, бул эмне деген маселе, биз ушуга жооп издеп атабыз. Сиздер кандай ойлойсуздар?

Табылды Акеров: – Менин оюмча бул жерде лидердин жоктугунда эмес. Эң негизги маселе бул элдердин көңүлүнө жете турган ойду чыгара турган жакшы саясатчынын жаңы бир тиби пайда болбогондугунда болуп жатат. Эл азыр эски саясатчылардын, азыркы биригебиз деп аракет кылып, бирок өз ара экиге бөлүнүп алган оппозициялык саясатчылардын ортосундагы мамиле келишпей жаткандыгында болуп жатат. Буларды түшүнгөн эл. Ошондуктан мурдагы аттуу-баштуу белгилүү болгон Текебаев, андан кийинкилер Ниязов, Жекшенкуловдорго окшогон саясатчыларга дагы көңүлдү анчалык бурбай жатышат.

Ал эми Бекназаров, Т.Тургуналиев деген саясатчылар болсо азыркы бийликти колдоп келип, бийликке барып, андан кийин кайра

оппозицияга кеткендигиси элдин баарын түңүлтүп жатат. Бирок ошол эле кезде, мисалы Бекназаров мен азыр революциялык комитетти түзүп алып туруп, анан бийликти кара күч менен болсо дагы алмаштырам дегендеги аракети азыр бийликти гана чочутпастан, кадимки эле карапайым элдерди да чочутуп атат. Себеби азыр элдин негизги максаты бийликти алмаштыруу эмес, азыркы кризистен аман-эсен чыгып, анан кийинки иштерге туруктуу деңгээлде чыга турган жашоону көздөп жаткандагысы болуп жатат.

Б. Сарыгулова: - Жолборс мырза сизде пикир барбы?

Жолборс Жоробеков: – Мен айтайын дегеним, оппозициянын болушу, албетте, шарт. Эгерде биз цивилизациялуу мамлекет болсок, конструктивдүү кубаттуу бир оппозиция болуш керек. Мына менден мурда сүйлөгөн жигиттин айтканына толук кошулам. Себеби эл тажайт экен. Кечээги эле жигиттер, кечээги эле министр болуп отурган, өкмөттү жетектеген жигиттердин бардыгы бүгүн келип алып, ошол кезде өкмөттү жетектеп турганда, айталы, менчиктештирүү боюнча кандай сүйлөгөн, азыр кандай сүйлөп жатат. Мен саясат таануучу катары байкашымда, бизде ондон ашыгыраак амбициясы абдан жогору, мен президент болот элем деген жигиттер бар. Эгер ошолор бириге алышса..., бирок бириге алышпай атпайбы. Бирөөсүндө акчасы жок, экинчисинде акча болгону менен элдин арасында аброю жок, үчүнчүсү дагы ушундай.

Б. Сарыгулова: - Кезекти Табылдыга берсек?

Табылды Акеров: – Менимче лидердин жок болуп атканынын себеби алдыда дагы бир жарым жыл убакыт бар. Экинчиден, азыркы бийлик экономикалык саясатты жүргүзө албай, кандайдыр бир деңгээлде туңгуюкка кептелип калышы. Мындай учурда, албетте, ар бир саясатчы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн жогору баалайт дагы, мен дагы президент болуп калышым мүмкүн деп акыркы учурга чейин күрөштү улантып келе берет. Акыркы учурга келгенде бардык точкалар коюлгандан кийин биригип бир багытта кетишет.

Б. Сарыгулова:Президенттин шайлоо жакындап келатканын айтып атабыз. Ошол эле мезгилде бир орунду талашып, ар бир саясатчы оппозициядагы өзүнүн амбициясы үчүн, дымагы үчүн күрөшүп, алдыга бирөөнү чыгарганга кызганыч мамиле жасап жатат деп айтып атабыз. Ошол эле мезгилде жашыруун эмес, мисалы Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Абдыганы Эркебаев, Темир Сариевди айттык, Бешимов, Исаков сыяктуу саясатчылардын ар биринде президент болуу дымагы бар. Сиздердин оюңуздарда кимдер алдыга чыгышы мүмкүн деген болжолдуу суроо пайда болуп атат. Кандай ойлойсуздар кимиси лидерликке жарай турган, кандай мүмкүнчүлүктөрү бардыгын айта аласыздарбы президенттике оппозициядан талапкер болууга жарактуу.


Жолборс Жоробеков: – Сиз санап өткөн азаматтарыбыздын азыр баланчаев болот, ушул жарайт деп айткан мага да кыйын. Анткени

биз Кыргызстанда кичинекей калкпыз. Анын үстүнө бардыгынын ата-жотосуна чейин байкап турабыз, кимдин дарамети канчалык экенин. Азыр биз жалпы элге ушунусу жарайт деп айтсак туура эмес болуп калар эле

Б. Сарыгулова: – Оппозиция канча лидерди чыгара алышы мүмкүн?

Жолборс Жоробеков: – Менин азыркы байкоомдо, кечээ эле А. Жекшенкулов жана башкалардын сөздөрүндө жүрөт, азыр ишибизди уланта берели, жакындап калганда анан кийин беребиз деп. Мунун өзү буларда план жок экенин, буларда биригүүнүн аракети жоктугун көрсөтүп атат. Эгерде болсо, азыр айталы, бир жарым жыл калды деп атат, ушул бир жарым жылда эмес мындан мурдарак бир лидердин арасына баш кошуш керек болчу.

Анткени элде да ушундай түшүнүк бар. Жаңы генерациядагы саясатчылар келбей, бүт бардыгы эски, элдин көңүлүндө калып бүткөн адамдар болуп атпайбы. Ошон үчүн мен булардын биригишине такыр күмөнүм бар, биригиши мүмкүн эмес го деп ойлойм. Бул жерде ар түрдүү амбициялар, ар түрдүү объективдүү, субъективдүү себептер бар.

Б. Сарыгулова:Кубан мырза, кеп сизде?

Кубан Абдымен: – Менин оюмча азыр президентикке оппозициядан ким чыгат деген суроо коюлбашы керек. Муну оппозиция деле жакшы түшүнүп атат. Акыркы өткөн курултайдагы чечимди жакшылап окуп көрсөңөр, парламентке партиялык тизме менен өткөндүн 50 ордун гана бир партиянын өкүлдөрүнө бергенге сунуш болуп жатат, 90 пайыз алса дагы калган партиялар 40 орунду ала тургандай кылып бөлүштүрүп атат. Ал эми ошол эле мезгилде президенттин укуктарын кескин кыскартып, аны орусча айтканда өкүлүлүк гана функцияларын калтыра тургандай деңгээлде иштейбиз деп ошону максат кылып коюп атат.

Бул чындап келгенде элдин көпчүлүгүнө жакшылап жетпей атат, жеткен күнү дагы муну аягына чейин түшүндүрүп, элдердин бардыгы колдой тургандай саясат жүргүзгөнгө менимче оппозиция анчалык деле ашыккан жок. Анын үстүнө убакыт келе элек деп ойлоп атышат. Эгерде курултайдын чыгарган чечимин элге жакшылап жеткире турган болсо, Кыргызстандын буга чейинки тарыхындагы президент болуп келген кишинин бийлигин аябай эбегейсиз кылып бергенинин жыйынтыгы бүгүнкү күнгө алып келип отурат.

Бүгүнкү күндө бийлик бир кишинин колунда, анын жалгыз гана колунда эмес, тегерегиндеги жакын тууган-туушкандарынын, үй-

бүлөсүнүн колунда болуп калгандыгысы коомчулуктун бардыгын тажатып бүттү, тажатмак тургай азыркы күндөгү кризистин негизги себеби болуп турат. Ошондуктан азыр президенттикке оппозициядан ким чыгат, президент болууга ким татыктуу деген сөздүн ордуна оппозициянын кылып аткан иштери кандай багытта барганда азыркы абалды оңдоого жол ачат дегендей сөз керек. Ошонун тегерегинде иш алып барып, андан радикалдуу кеткен оппозициялык күчтөрдүн алымдуу, пайдалуу жагын колдонуп, ал эми чыдамдуурак болгон оппозициялык жетекчилердин акыл-эсин колдонуп иш алып бара турган болсок, элдин колдоосуна ээ боло турган гана саясий күч азыркы абалдан чыкканга көмөк кыла тургандай иш алып барат.

Эгерде мындай болбосок оппозиция бөлүнөт. Бириге албайт деп эле саясаттын бардыгын бийликтегилерден алыстатып, жалаң оппозициячыл саясатчылардын мойнуна иле берсек, анда Кыргызстан алдыга жылбайт. Муну оппозициялык күчтөрдүн арасында бийликке бүгүнкү күндө жардам беребиз деп кошулуп кеткен саясатчылардын кайра оппозицияга кошулуп аткандагысы көрсөтүп жатат. Мисалы ошол эле Атамбаев. Менин оюмча, жакында Атамбаевден башка дагы бир топ бийликке кошулуп кеткен саясатчылар кайра олпозиция тарапка өтөт дагы азыркы иштерге кошулуп өзүнүн салымын кошойун деген аракеттер бар. Бирок ошолордун кылып жаткандагысы элдин баардыгын өзүнө тартпастан алыстатып жаткандагысы чоң тоскоолдук болот. Тазалык жакшы болсо ошондо ийгиликке жете тургандай иш болот болчу. Тазалыгы анчалык болбой жаткандыктан азыркы оппозициянын биригүү аракети начар болуп жатканы сезилип атат мага.

Табылды Акеров: – Менимче, оппозициянын азыркы позициясы туура коюлуп атат. Себеби Ө.Текебаев буга чейин лидер болуп келген. Ал эми азыр болсо башкаларга дагы мүмкүнчүлүк берип атат. Анткени Атамбаев буга чейин бийлик менен жүргөн, Сариев болсо анчейин чыга элек болчу. Мына азыркы акыркы учурда Сариев иш аракеттерин көрсөтүп баратат. Ошондуктан оппозицияда президенттикке талапкерлигин коем деген ар бир адамга мүмкүнчүлүк берип, ошонун негизинде элдин элегинен өткөрүп туруп, анан бир кишиге токтололу дегендей иш аракет болуп жатат го деп ойлоп жатам.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG