Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Президент К. Бакиев эң жакын кеңешчиси Үсөн Сыдыковду эс алууга кетирди. Ага удаа президент коомдук палата түзөөрүн жарыялап, “Жаңы Кыргызстан” партиясы оппозициялык күчтөр менен сүйлөшө баштады.

Үсөн Сыдыковду президент Курманбек Бакиев эс алуу маалы келди деп, төшүнө үчүнчү даражадагы “Манас” орденин тагып, 2-декабрда жылуу-жумшак эс алууга узатып койду. Президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Үсөн Сыдыков өзү дагы коштошуу жолугушуусунда президент Бакиевдин саясатын дайыма колдоп келгендигин, мындан ары да колдой тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын коомдук-саясий чөйрөсүнө Үсөн Сыдыков тажрыйбасы мол, таасири күч, айлакер жүрүштөрдү жасоого жөндөмдүү, “алчы-таасын жеген” саясатчы катары таанылган. Ыңкылаптын алдыңкы жылдары Аскар Акаевдин бийлигинен ыдык көргөн Сыдыков 2005-жылкы марттын алдында улут башына бир кишини сүрөөгө саясий күчтөрдү макулдатып, Курманбек Бакиевди алдыга чыгарууга олутту салым кошкону айрыкча эл оозунда келатат. Сыдыков “Лица” гезитине мурда берген интервьюсунда Текебаев, Мадумаров, Бекназаров баштаган 17 талапкердин ичинен Курманбек Бакиев президенттикке тандалганын белгилегени бар.

Президенттик администрациянын башына барган Үсөн Сыдыков ыңкылаптан кийинки алгачкы жылдары кадр саясатын жүргүзүүдө президентке олуттуу таасир эткен деген кеп саясий чөйрө үчүн жаңылык эмес. Ага кошумча ар кандай көшөгө артындагы оюндардын, Өмүрбек Текебаев баштаган оппозициялык саясатчыларга каршы уюштурулган ар кыл чыр-чатактуу иш-чаралардын, жер басып алуулардын артында да дал ушул Үсөн Сыдыков бар экендиги кезинде оппозиция койгон башкы дооматтардын бири болгон. Ушул өңдүү кинелер менен коштолгон коомчулуктун кысымы кийинчерээк Үсөн Сыдыковдун администрация башчылыгынан кеңешчиликке которулушун шарттаган. Мындай дооматтардын бардыгын Үсөн Сыдыков маалымат каражаттарына берген интервьюларында төгүндөп, атүгүл администрация башчысы кезинде “Лица” гезитине пенсияга кетүүдөн коркпой тургандыгын, ыңкылаптын убагында жаңы бийликтин айланасында кадрлар аз болсо, азыр алардын саны жетишерлик экенин, президент администрация башчылыкка чекесинен тандап коюп аларын белгилеген жайы бар.

Үсөн Сыдыковдун кеңешчиликтен эс алууга өз каалоосу менен кетиши үлгү болчу көрүнүш экенин, мунун артынан кандайдыр бир саясат издөөгө негиз жоктугун президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев да “Азаттыкка” билдирген:

- Бул жерде эч кандай сенсация, саясат жок. Болгону Үсөн Сыдыковдун 65 жашка чыгып, пенсия курагына жеткенден кийин, аксакал болгондон кийин жаштардан талашпайын деген максаты. Муну бир-эки айдан бери эле айтып келаткан. Мага деле айткан болчу ушундай чечип атам деп.

Анткен менен Үсөн Сыдыковдун Ак үйдөн кетиши коомчулуктун көңүлүн бурдурбай кое алган жок. Маселен, ыңкылаптан кийинки бийликке элдешкис оппозицияга чыкканын алгачкылардан жарыялаган саясатчы Өмүрбек Текебаев буга хансарайдагы саясий кармаштардын туундусу катары карайт:

- Ушул чабыштын кезектеги курмандыгы деп карайм. Албетте, отставкага кетүүнүн формасы ар кандай болот: Исмаил Исаковдой өз ыктыяры менен, Үсөн Сыдыковдой же Адахан Мадумаровдой чатак менен дегендей. Бирок, маңызы эле президентте бирдиктүү команда жок. Ал жерде бир нече топ келишкис күрөшүп атат. Алар Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүп атат деп айта албайм, президентке таасир үчүн күрөшүп атышат.

Ошол эле мезгилде саясат таануучу Марат Казакбаев президент Бакиевге өзүнүн “Ак жол” партиясын түзгөндөн кийин Үсөн Сыдыковдун да, анын “Жаңы Кыргызстан” партиясынын да муктаждыгы жок болуп калды дейт. Талдоочунун болжолунда Үсөн Сыдыков башында турган “Жаңы Кыргызстан” конструктивдүү оппозициянын катарына кириши толук ыктымал.

Партиянын буга чейин бийликтен кеткен лидерлери Исмаил Исаков, Марат Кайыпов партиянын атынан мамлекеттик менчик, энергетика саясаты боюнча бийликти кескин сындап, президентке Игорь Чудинов баштаган өкмөттү кетирүүнү президенттен талап кылган.

Үсөн Сыдыков кеңешчилик кызматтан кетери менен “Жаңы Кыргызстан” “Акыйкат үчүн” кыймылы баштаган бириккен оппозиция менен да, элдешкис Элдик революциялык кыймыл менен да сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул кадамдар Үсөн Сыдыковдун кызматтан кетишине байланышы бар-жок экендигин башкы лидер өзү дагы, партиянын калган лидерлери дагы тастыкташа элек. Лидерлер ортосунда ич ара макулдашуу болгон-болбогону да азырынча жабык бойдон калууда. Бул аралыкта элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев “Жаңы Кыргызстан” менен Сыдыковду бирге кароого болбой тургандыгын кыйытты:

- Үсөн үч доордон бери келатат: Коммунисттик доордо, Акаевдин доорунда, Бакиевдин доорунда. Балдары, туугандары бийликте. Чоң экономикалык бийлик колунда турат. Ошондуктан, “Жаңы Кыргызстан” - Үсөн Сыдыков, Үсөн Сыдыков -“Жаңы Кыргызстан” деп билбеш керек. Ооба, дыйкандардын Агрардык партиясы деп түзгөн. Кийин ал “Жаңы Кыргызстан” деп которулган. Ал түзгөн учурда да бүтүндөй партия аныкы эмес да. Жакында Исмаил Исаковдор менен сүйлөштүк. Муну жакында аныктайт го.

Ошол эле мезгилде Үсөн Сыдыковдун Ак үйдөн кетишин коомдук палата менен байланыштырган пикирлер да чыгууда. Ыңкылапчы-саясатчылардын бири Анвар Артыков аны партиядан да, саясаттан да кетет деп ойлобойт. Ал бардык тараптар менен бирдей мамиле түзүүгө, бийликтин кычыгына тийбегенге, ал аркылуу өзүнүн байлыгын, балдарынын кызматын коргоого аракет кылат дейт. Бул жагынан Артыков Сыдыковдун коомдук палатага, болгондо да андагы таасирдүү орундардын бирине барышын жокко чыгарбайт:

- Биздеги Орусиядагыдай коомдук палата эмес да. Баягы Акаевдердин доорунда башталган “дүжүр чалдардын” жыйынынын мыйзамдаштырылган органы болуп атат. Ал жерге сөзсүз Бакиевди пайгамбар деп мактай турган кишилер келет. Эми ошолордун башына Үсөн Сыдыков туруп калышы мүмкүн. Мен андай идеяны жокко чыгара албайм.

“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова болсо Сыдыковдун бийлик сересинен кетишинен чоң саясатта өзгөрүү болуп кетет деген ойдон алыс. Анын оюнда Аскар Акаев, Медет Шеримкулов, Апас Жумагулов, Мира Жангарачева өңдүү саясатчылардын деле учурунда таасири күч экендиги мезгил өткөн сайын унутулуп баратат. Бул – Сыдыковдун жагдайын деле өзгөчөлөнтө албай турган саясаттагы кадырэсе көрүнүш. Анын үстүнө укук коргоочу Үсөн Сыдыков администрация башчылыгынан кеткенден кийин чоң саясатта анчалык деле чоң таасир көрсөтө албай калган дейт:

- Ошол эле мезгилде Үсөн Сыдыков кеткен мезгилде да партиясы анын ордун толуктап кала берет. Анткени, партияда Исмаил Исаковго окшогон күчтүү саясий лидерлер бар.

Учурда “Жаңы Кыргызстандын” ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп жаткан баш катчы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков болсо “Азаттыкка” берген интервьюсунда партиянын негиздөөчүсү мындан ары эмне иш кыла тургандыгын өзү гана чечерин белгилөө менен чектелди. Саясий чөйрөдө Үсөн Сыдыков жана анын партиясынын айланасында ушундай маанай түзүлүп турганы менен саясий ишмер өз оюн коомчулукка айта элек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG